Токмоктон террордук топ кармалды

Токмоктон террордук топ кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди.Тагырагы, ИИМ, МУКК кызматкерлери тарабынан террордук актыларды уюштурууга аракет кылган топ кечээ кармалды. Алар Токмок шаарынын салафиттик джихаттык агымынын мүчөлөрү.

 Чернышевский көчөсүндөгү акчалар…

ИИМ, МУКК кызматкерлери 21-сентябрда таң эрте Чүй облусунун Токмок шаарында тинтүү жүргүзгөндө, Чернышевский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен төмөндөгүлөр табылган:

— 1 даана “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефон (сынган абалда);
— 900 (тогуз жүз) АКШ доллары, 100 долларлык купюралары менен;
— 7000 (жети миң) сом, 1000 (миң) сомдук купюралары менен;
— 5 даана дептер жазуулары менен;
— 11 даана ДВД, СД дисктер;
— 1 даана китепче;
— 5 даана китеп (чет тилинде);
— 1 даана “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефон;
— 37 даана А4 баракчалар жазуулары менен;
— 2 даана А4 форматындагы китепче;
— граната РГД-5 алынды.

Чернышевский көчөсүнүн башка бир дарегинен табылгандар:

— 5700 (беш миң жети жүз) сом ар кандай купюралар менен;
— 2 даана дептер жазуулары менен;
— 10 даана ДВД жана СД дисктер;
— 1 даана “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефондор алынды. Иш чаранын жүрүшундө Токмок шаары Трясина көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен тинтүү учурунда диний маанидеги 12 даана китеп далил зат катары алынды.

Слободская көчөсүнөн ок-дары, жардыргыч табылган

Ошондой эле Слободская көчөсүнөн да булар табылган:
— 1 даана “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефон;
— 1 даана “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефон;
— 1 даана атайлап кесилген 12-калибрдеги ок атуучу курал (обрез);
-18 даана ок-дары (12-калибрге);
— 3 даана блокноттор, кол жазуулары менен;
— 2 даана дептер;
— 19 даана китептер;
— 3 даана флэш карта;
— 5 даана журнал жана баракча А4 форматтагы;
Жардыргыч компоненттери:
— 5 кг. Алюминий күкүмү (алюминиевая пудра);
— 10 кг. марганцовка алынды.

Шектүүлөр кармалып, кылмыш иши козголду

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар ички иштер органдарында катталып, Кылмыш Жаза Кодексинин 299–беренсинин 2 бөлүгү (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет жасоо) жана 241-беренесинин 1 бөлүгү менен (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү,
өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) эки кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жарандар Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына алынды.

Салафиттик джихаттык агымынын мүчөлөрү кимдер?

Кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын тургуну, мурда КР КЖКнин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен соттолгон, 1987-жылы туулган К.С., Токмок шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган Б.З. (аял киши). Токмок шаарынын тургуну, 1977-жылы туулган И.Б камакка алынды.
Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, аталган топтун мүчөлөрү колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында шайлоо учурунда бир катар террордук акцияларды уюштурууну даярдап жатышкан. Аталган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Сүрөттөр ИИМдики

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.