Шаршеновичке кирип, Шайлдабекова “шайтан оюнун” баштадыбы?

Шаршеновичке кирип, Шайлдабекова “шайтан оюнун” баштадыбы?

“Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу жоопкерсиздик. Бул факты боюнча БШК өз баасын берет”” деп Боршайкомдун төрайыма Нуржан Шайлдабекова “Азаттыкка” бүгүн билдирген. Шайлдабекова буга чейин бу боюнча үн катпай жатып, бүгүн, эртең менен Атамбаевге кирип чыгары менен башкача сүйлөй баштады. Демек, ажонун “шайлоо учурунда үгүт иштеринде одоно ката кетиргендерге катуу чара көрүү керек!” деген тапшырмасын түптүз түшүнүп алган окшойт. Шаршеновичке кирип чыккандан кийин, Шайлдабекова “шайтан оюнун” баштадыбы?

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов менен Нурсултан Назарбаев 19-сентябрда жолуккан. Экөөнүн сүйлөөшүүсүндө, “эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси» талкууланганы болбосо, “мен сени колдойм” деп Назарбаевдин айтканы жок болчу. Ага болбой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга жолугушууну айыптап, нааразылык нота жөнөткөн. Алар дароо эле: “жолугушуу эл аралык нормаларга каршы келбейт” деп жооп кайтарган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.