Алтынбек Сулайманов Жээнбековду колдоп, ашыра мактады

Алтынбек Сулайманов Жээнбековду колдоп, ашыра мактады

Президенттик шайлоо жакындаган сайын көрүнүктүү, атактуу саясатчылар каалаган талапкерин колдоп, талапкерди ашыра мактап, аягында элди да аны колдоого ачык эле үндөөдө. Алардын бири — «Бир Бол» саясий партиясынын лидери, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Мени Сулайманов, Зулпукаров, Нарматова колдоду”

Алтынбек Сулаймановдун колдогонун кубануу менен кабыл алган президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өзү Фейсбуктагы өздүк баракчасына мактанып мындай деп жазып чыкты.

Ош облусунун Ноокат районунун шайлоочуларым менен жолугуштум. Жолугушууга 20 миңден ашуун адам келип катышты. Эл менен биргеликте мени колдой тургандыктарын «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы депутат Надира Нарматова дагы билдиришти.

Алтынбек СУЛАЙМАНОВ: “Жээнбековду бүгүн мактагым келип турат”

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов болсо, “15-октябрда биздин талапкерге добуш берип коюуңуздарга чакырам” деп ноокаттырга чакырык таштап, талапкерди мындай деп мактаган:

—Мен дайым Сооронбай Жээнбековдун жумушун сындап келгем, ал сынды туура кабыл алган. Бирок бүгүн мен аны мактагым келип жатат. Анткени ал эң мыкты жөнөкөйлүк сапатына ээ. Ушул сапатынан улам жана эмгекчилдигинин аркасы менен ал президенттикке күчтүү талапкер катары жарышка келип жетти. Сооронбай Жээнбеков — атасынын татыктуу уулу. Жээнбековдор СССР кулагандан кийин дароо объекттерди менчиктештире баштап жана башка өз пайдасына иштерди жасаса болот эле — андай болгон жок. Сооронбай Жээнбеков көөп кетсе болот эле, андай кылбады. Артынан бир да жаман сөз ээрчиген жок, атасынын ысымын булгабады. Бул шайлоодо кимди колдойбуз деп көпкө ойлондук, анан өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан кымбат койгон Сооронбай Жээнбековго токтодук.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.