Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Президент Атамбаев эмес, Байболов болмок”

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Президент Атамбаев эмес, Байболов болмок”

2009-жылы Бакиев бийлигине каршы БЭК (Бириккен Элдик Кыймыл) түзүлүп, ага төрайым болуп, ЖКдагы КСДП депутаты Роза Отунбаева шайланган. Аталган кыймылдын эң активдүү жана белдүү мүчөлөрүнүн бири — Бабырбек Жээнбеков болгон. Ошол учурда алар бат-бат чогулушуп, ачык да, жабык да эшик артында көп маселелерди талкуулашкан. Ошол чогулуштардан элге айтылбай калган чындыкты Бабырбек мырза 7 жылдан кийин айтып берди.

— Бабырбек мырза, 2010-жылы толтура эркектер эмнеге БЭКтин да, өлкөнүн да башчылыгынан баш тартып коюшту эле?

— Ал кезде эркектердин жоопкерчиликти мойнуна албай койгондорун мен туура түшүнөм. Себеби, “Бакиевдер кайра бийликке келип калабы? Алар төңкөрүш уюштуруп, бийликти кайра тартып алабы?” деген чочуркоо бар болчу. Ошого аракет кылып, Бакиевдер Ошто жүрүштү го. Ошон үчүн эркектер ажолук креслону ээлегенге батынып бара алган жок. Жалаң эркектер жоопкерчиликти бир аялдын мойнуна жүктөп коюшуп, орун басарлары болуп иштеп жүрүштү. Бул ачуу чындык.

Роза Отунбаеванын БЭКке төрайым болуп шайлануусунун объективдүү себептери болгон. Ал учурда баарыбыздын эле максатыбыз – Бакиев бийлигин кулатуу болчу. Ошол максатта Бириккен Элдик кыймыл түзүлүп, ага башчыны үч критерий менен тандаганбыз.

Ал учурда Роза Исаковна Жогорку Кеңеште КСДПдан депутат эле. Депутат катары кол тийбестик макамы бар, ошондуктан ал кай жердеги нааразычылык акцияларына катышпасын, барбасын, аны кармаганга бийликтин акысы жок жана кармай албайт эле. Бул бир. Экинчиден, кыргызда аял кишиге кол көтөрүлүп, катуу чара көрүлбөйт. Үчүнчүдөн, Р.Отунбаева эл аралык уюмдарда иштеп, тажрыйба топтоп, аброю көтөрүлүп, чет өлкөлөргө таанымал адам эле. Ушул үч нерсе ага БЭКтин төрайымы болууга мүмкүндүк түзүп берди. Р.Отунбаева өзүнө тагылган милдетти жоопкерчилик менен аткарды, кыска мөөнөт ичинде бир топ иштерди жүргүзүп, чара көрдү, жер-жерлерге митингдерди уюштуруу үчүн тиешелүү адамдарды жөнөтүп турду. Өлкө ичинде Бакиев бийлигине нааразылардын саны күн санап өсүп турду. 2010-жылдын апрелине карата бул нааразычылык жетер чегине жетип калган. Анын арты төңкөрүш менен бүттү, аны эл өзү жасады. Тилекке каршы, Бакиевдер Акүйдүн алдын канга боеп кетти…

Бакиев бийлиги кулагандан кийин Убактылуу Өкмөт түзүлүп, анын башына Роза Исаковна Отунбаева келди. Андагы шагыраган саясатчы эркектер жоопкерчиликтен баш тартып туруп алышканда, айла жок, башын канжыгага байлап, коркпой, болгон жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнү кыймылдата баштаган. Муну эч ким тана албайт. Ал учурда Роза Исаковна чоң эмгек жасады, биз ага рахмат айтышыбыз керек! 2010-жылга, Роза Исаковнага бүгүнкү күндө тарыхый баа бериле турган убакта, А.Атамбаевдин 2016-жылдын 31-августунда тескери сүйлөп, аны жокко чыгарууга жасаган аракети акылсыздык. Бирок, анын айтканы менен эле Р.Отунбаеванын жасаган иштери жокко чыгып калбайт. Себеби, Роза Исаковнанын жасаган иштерин баарыбыз жакшы билебиз, аны Атамбаев өзү да эң сонун билет. Кыйын экен кыйын кезде өлкө башчысы болбойт беле! 2011-жылы октябрда абал тынчтанып, коркунучтун баары артта калып, бир калыпка түшкөндө, эч бир атаандашы жок оңой-олтоң эле өлкө башына келди го. Чынында эйфорияга малынган жаныбыз бир добуштан баарыбыз шайладык да. Бирок, эч кимибиз эртең анын мындай болуп өзгөрүп кетерин билбептирбиз да.

“Президент Атамбаев эмес, Байболов болмок”

БЭК мүнөзүн билип туруп, анда эмнеге Атамбаевди тандап алышты?

— Негизи президент Атамбаев эмес, Байболов болмок. Ал мындай болгон. 2010-жылдын февраль айында Азимбек Бекназаров менин чөнтөк телефонума чалып калды. Анда мен Америкада, балам Равшандын үйүндө элем. “Силер ошол жакта жүрөсүңөр, бир ишке жарап бергиле. Негедир Атамбаевге көңүлүбүз тойбой турат. Байболовду президенттикке алып чыкпайлыбы. Ага айтып көрбөйсүңөрбү, макул болсо алып чыгалы” деп калды. Анан Байболовду Равшандын үйүнө чакырдык, аялы Нуржамал менен келди. Айтсак, баш тарткан жок, бирок, бир нерсе суранды. “Мени Текебаев менен байланыштыргыла, ушул теманы сүйлөшөйүн. Мен Текебаевге гана ишенем, калганына ишенбейм” ,-деди ал. Анын өтүнүчүн Бекназаров үч күндөн кийин аткарып, байланыштырды. Текебаев менен сүйлөшкөндөн кийин, Кубат дагы, Нуржамал дагы макул болуп кетишкен. Анан эле эки күндөн кийин, “Мен жоопкерчиликти мойнума ала албайм” деген айныган жообун уктук. Анан айла жок бул жактагылар Атамбаевге токтолушуптур. Атамбаев болсо: “Эгер БЭК колдоп берсеңер, мен акча табам. Түркиядан алып келем” деген убада менен 2010-жылы БЭКтин иш-аракеттерин каржылап турду. Өз сөзүнө турган БЭКтин мүчөлөрү ошол үчүн 2011-жылдагы президенттик шайлоого А.Атамбаевдин талапкерлигин колдоп, алып чыкты.

— Азыр “ажыдаарга айланып кетти” деп нааразы болгондор көп. Сиз кандай ойлойсуз?

— Ооба, ал ачуу чындык. Атамбаев ажыдаарга айланып кетет деп эч ойлогон эмес элек. Мүнөзү оор, кекчил, майда, наалыган адам экени бизге эми жетип жатпайбы. 2010-жылдын май айында эле “Бекназаровду Көлдөн келсе эле каматам. Ал Ысык-Көлгө Башкы прокурор Байтемир Ибраев экөө барып, Бакиевдердин мүлктөрүн изилдеп, алып жүрүшөт. Болбосо эмне эле ал жакка жатып алды?” деп бир кейийт. “Темир Сариев киши эмес, андан жакшылык күтпөш керек” деп канча наалып жүрдү. Бирок беттерине айтканын уга албадым. Кыскасы, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбүнө нааразы болуп жүрдү. “Тиги жаман, бул жаман” дей берсең, сен да жаман болосуң. Анткени туура болбой калат го” деп калыс сөзүмдү айтып жүрдүм, уккан жок. Ага кошоматчылардын сөзү майдай жакты да, ажыдаарга айланып кетти. Эмне үчүн шоопурун чоң кызматка алып барды? Албетте, каршы сүйлөбөй, жалаң мактап турганы үчүн. “Сиз кыйынсыз” дегендин баары жогорку кызматка барышты. Аларды угуп отуруп, ажыдаарга кантип айланып кеткенин өзү да билбей калды. “Адамды адам бузат” деген ушул да. Калыс сөзүн айткан адамдарды айланасына топтосо, өлкө үчүн канчалык пайдалуу болмок.

Карыганда калыс сөзүн айтып, улгайып калган саясатчылар саяттан кетсе да жакшы болмок, кандай дейсиз?

—Бийликке көшөкөрлөнгөндөрдүн катарына бүгүнкү күндө Топчукемдин (Топчубек Тургуналиев) кошулушу мени өзгөчө таңгалдырууда. Топчукеге бийлик тарабынан артыкчылыктар берилип жатат. Ошого алданды окшойт. Пендебиз да… Арабаевдин ичинде Манас институтунан ачып беришти. Мамлекеттик ишканалардын директорлор кеңешине мүчө болуп жүрдү. Ага ал жактан да бекер акча берип турушту. “Шоопур да берип турат” деп угуп калам. Бирок азыр ачарчылык мезгил эмес эле да.  Азыр Атамбаев экөөн тең тааныбай турам чыны. Атамбаев былтыртан баштап такыр эле айтканым айткан, дегеним дегенге өтүп алды. Жакшыны көрө, жаманды бөлө албаган адамды – “көзүн май баскан” деп коет. Башка эч бир диагноз жок. Сүйлөгөн сөздөрү да орунсуз, орой. “Таластын элин эл эмес” деп, “нарындыктарды койсуңар” дегени жакшыбы? Элге сөз тийгизген адам эзели оңбойт! Демек, алдыда көрөрү көп окшойт.

— Аны монтаж деп танып жатышпайбы?

— Атамбаев сүйлөп жатканда, ошол жерлерде туруп уккандар арабызда эле жүрүшпөйбү. Тирүүлөй кишилердин кулагы монтаж эмес да. Көпкөн гана адам ушинтип сүйлөйт. Бийлик, байлыкка мачыркаганын көрсөтүп жатпайбы.

— Бийликке келип, өзүнүн жашоосун оңдоп, байып эле албаса, элдин жашоосу абалкыдан да начар. Максим Бакиевдин жерине хансарай салып алды. Ушуну айта калам деп Текебаев камалып жатат да…

—Эми ал жер Максим Бакиевдики экенин эч ким тана албайт. Элди сыйлаган киши хансарай салбайт. Эмне, мурунку эле үйүндө жашаса болбойт беле? Мейли, салсын, бирок, Максимдин жерине эмес да, 15-20 сотых жер алып сала берсин. Негизи Текебаевдин Атамбаев жөнүндө айтып, парламентте көтөрүп чыккан маселенин баары туура экендигин Атамбаев өзү көргүсү, уккусу келбегени менен эл-журт көрүп-билип эле турбайбы.

“Данияр Үсөновдун Акүйдө болгону, кызмат бөлүшкөндөрү чын”

— Дагы бир чындыкты билгибиз келет. 2010-жылы 7-апрелде Данияр Үсөнов Жогорку Кеңештен чыгалбай калып, “Элге салып бербе, апче!” деп Отунбаеванын бутуна жыгылып, жалдыраганы чынбы?

— Менин да укканым бар, бирок чындыгын билбейт экем, катышкан эмесмин. Кийин укканыма караганда, Данияр Үсөновду Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Роза Отунбаевалар Акүйдөн отставка жөнүндө арызын кабыл алышып, анан чыгарган деп жүрүшөт го. Мен, чыны, бул иштерге кызыккан да эмесмин. Отунбаеванын бутуна жыгылганын да билбейм. Ал учурда мен Таласта болчумун.

— “Ошол замат кызмат бөлүшкөн” деген сөз тараган. Чынбы?

— Таластан 9-апрелде келип, Өкмөт үйүнө бардым. Бардыгы тиешелүү кызматтарды ээлеп, отуруп калышыптыр. Болгону 3-4 кызмат: Транспорт министрлиги , Социалдык камсыздоо министрлиги, Маммүлк  калыптыр. Ушул үчөөнүн бирөөсүн тандоомду сунушташты, мен баарынан баш тарттым. Транспорт министрлиги кесибиме туура келбейт, Маммүлктө мурда балам иштеп кеткен. “Жээнбековдорго энчиленген орун беле?” деп баш тарттым. “Социалдык камсыздоо министрлигин болсо Бөдөш Мамыровага бергиле, аял киши, эмгеги чоң”,- дедим. Ошентип өзүм гезитте эле иштеп жүргөм, бир күнү Атамбаев чакырып калды. Равшандын дагы Америкадан келген учуру эле. “Өлкөнүн жаңы башчыларына учураштырып коеюн” деп чогуу бардык. Атамбаевдин кабинетине киргенде эле, ал: “Байке, кызматтардан эмнеге баш тартып койдуңуз. Антимонополия бош турат, ошого барыңыз. Сиздин эмгегиңиз зор, айрыкча Таласта чоң эмгек кылдыңыз. Революцияны чогуу жасадык, эми чогуу иш кылалы”,-деди. Андан да баш тартканыма болбой көндүрдү. Бирок, сөзүнө турбады. Атамбаевдин сөзүнө ишенип, парламенттик шайлоого да барбадым. Болбосо, күчтүү партиялардын баары чакырышкан. Депутат болуп парламентте олтурууга толук мүмкүнчүлүк бар эле.

“Атамбаевдин Текебаевди жок кылуу планы 2011-жылы эле башталган”

— Депутат болуп, парламентте ачуу чындыкты айтып, маанилүү маселе көтөрүп келген Өмүрбек Текебаевди Атамбаев каматып койду го. Буга кандай карайсыз

— Атамбаевдин Текебаевди отургузуу планы тээ 2011-жылы эле башталган, ошол бышып жетилгенден кийин отургузуп жатпайбы.

— Андай планын сиз кайдан билесиз?

— Мен ушуну ушул убакка чейин айтпай келген элем, эми айтайын. Атамбаев өзү айткан. Анын айтканын Ахматбек Келдибеков экөөбүз укканбыз. 2011-жылы 7-апрелде “Ата бейитке” каза болгондордун арбагына багыштап куран окутканга барып калдым. Атамбаев менен андагы спикер Ахматбек Келдибеков экөө турган экен. Учурашып, чогуу сүйлөшүп туруп калдык. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, бир маалда Атамбаевдин оозунан: “Бабыр аке, Текебаевге айтып коюңуз. Акыры мен аны жок кылам!” деген сөз чыгып кетти. Чынын айтсам, анын мындай сөзүнө дендароо боло түштүм. Ушул күнгө чейин эмнеге мага минтип айтканы мен үчүн табышмак. Эмнеден улам ушул сөз чыгып кеткенин Келдибековдон (Бу кишинин журналисттер үчүн WhatsApp телефону бар. Ага суроо жазсаң, эки айдан кийин жооп аласың. Же жооп бербей коет. Атамбаевдин “Текебаевди жок кылам” деген сөзүн сурап жазгам, жооп жок. Отурган жеринен да таппайсың. Ушундай кенебеген адам экенавт.) сурасаң болот. “Экөө эл алдында дос, көшөгө артында кас окшойт” деп койдум. Мен иштеп турганда өз ишим менен алек болуп, көп нерсеге аралашкан жокмун, аралашкым келген жок. Алар бат-бат эле жолугушчу, мен алардан өзүмдү оолак кармадым. Оолак жүргөн кишиге ким бир нерсе айтсын? Бирок, Атамбаев эмнеге, кандай максатта Келдибеков экөөбүзгө айтты, билбейм.

Сизди “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, өз лидери Текебаевге айтып барсын” деген ниетте атайы айткандыр?

—“Ата Мекен” партиясынан мен 2009-жылы эле чыгып кеткем. Мындай бурулуш болуп кеткенине да Атамбаевдин чоң салымы бар. Анткени, “Ачык саясат” гезитин чыгарып жатканда, андагы менин орун басарым, азыркы депутат Рыскелди Момбековду бөлүп кетип, ага офис, компьютер алып берип, экөөбүздү каршылаштырып койгон. Талаш — гезиттин ээси, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Ташболот Балтабаевдин баласы болчу. Ташболот байке “гезитти Рыскелдиге бер”,-деди. Менин ачуум келип, “бербейм”,- дедим. Анткени гезит мага 5 жылга келишим менен 2006-жылы берилген. “Нускасын беш жылдын ичинде 15 миңге чыгарып берели”деген милдеттенме алгам. Биз жарым жылдын ичинде эле нускасын 15 миңге көтөрүп салдык. Алар анан сүйлөшүүдөн качып, тартып алууга аракет кылышты. Ошондо “Ата Мекендин” кереги жок!” деп Сариевге кошулуп кеткем.

“Парламент деген аты бар, заты жок”

— Парламентте ачуу чындыкты айткан депутаттар аз болуп жатпайбы. Парламентке кандай баа бересиз?

— “Өтө начар” деген баа берем. Парламент деген аты бар, заты жок. “Депутат” деген сөлөкөттөрү эле бар. Каныбек Иманалиев, Жанар Акаевге окшогон 5-6 эле депутат болбосо, калганы аман эле болсун. Текебаев Нышановду депутат кылып, элге таанытып койсо, ал бүгүн бийликтин колтугуна кирип алып, жылуу-жумшак, сыйлуу жерлерде, сыйлык алып жүрөт. Сыйлыктын кадырын түшүрүү так ушул Атамбаевдин мезгилинде башталды. 2010-жылы “Манас” ордени Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарына берилген. Анын ичинде татыктуусу да, татыктуу эмеси да бар. Ал сыйлыктан бир гана Бекназаров баш тартып койду. Калгандары “жаным” деп алып, сандыктарына катып коюшту.

Мына азыр да чыгармачыл адамдарга туура эмес сыйлык берилип, ызы-чуу болууда. “Самара Каримова деген ырчы кыздын наам алышы тууралуу биз билбейбиз, түз эле Акүйгө өтүп кетиптир” деген пикирин билдирди го Маданият министрлиги. Сыйлык саясатын ажонун шопуру жүргүзүп жатат. Бул шоопурдун жооп берчү учуру да келет. “Жаштар эле жаштар” деп, шопурга окшогонду көтөрмөлөп жатып, Атамбаев өз баркын өзү түшүрүп алды. Тегерегиндеги кошоматчылардын, жансакчылардын, аткошчулардын жетегинде калганын өзү да билбей калды. “Жаштар, жаштар” деп отуруп жалгыз калды. Үлкөн, тажрыйбалуу, салабаттуу саясатчыларды өзүнө кас кылып алды. Туура эмес соттолгондордун баары Атамбаевге тиш кайрап турушат. Эртең бийлик алмашып, туура эмес иштери үчүн Атамбаев суракка алына баштаганда ушу жаштары туруп берет бекен? Эч кимиси турбайт.

 “Албек Ибраимов Атамбаевдин “эрке баласы”

— Жаш кадрлардын арасында — Фарид Ниязов, Албек Ибраимов, Сооронбай Жээнбековдор бар. Буларды “бала” кылып алды го…

— Өмүрбек Текебаев Албек Ибраимов менен Фарид Ниязовдун Бишкекте канча деген жерлерди ээлеп алгандары боюнча кагаз жүзүндө көрсөтүп жатса да, Атамбаев укмаксан, билмексек болуп койду го. Албек Ибраимов Атамбаевдин жөн гана баласы эмес, “эрке баласы”. Аны тимеле чалчактатып жатат. Аны каалаган кызматына отургузуп коет экен. Анысы таасирлүү кызматка келип алып, сүлүк курттай болуп, элдин канын соруп жатат. Дегеле президенттин “балдары” түгөнбөдү. “Балам” делген Сапар Исаковду премьер кылды. Анысы болсо кайдагы бир шылуун Liglass Trading компаниясын көтөрүп чыгып, дүйнө жүзүнө шерменде болдук. Аны талдап чыккан Атамбаев да билмексен болуп отурат. Аталган компания алардын шылуундугун изилдеп, далилдеп чыккан биздин балдарыбызды (Кулов, Байсалов жөнүндө сөз болууда – авт.) күнөөлөп, бет тырмоочулук менен Эдил Байсаловду сотко беребиз деп чыкты. Мына ушундан эле бийликтин алсыздыгы, пастыгы билинет. Биздин таза, ак, ачуу чындыкты айткан саясатчыларыбызды башка өлкөнүн шылуундары келип алып, жалган жалаа жаап каматтырып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ошолорго кыргыздын азамат жигиттерин тебелетип койгон бийликтин намысы жок болуп жатпайбы.

“Текебаевди кылмышкерге айлантам деген Атамбаев өзү кылмышкерге айланганын билбей калды”

— Сотто Текебаевдин күнөөсү далилденген жок. Баары жалган болуп чыкты. Соттук жараянга юрист катары кандай баа бересиз?

– Юрист катары “соттун чечими таптакыр туура эмес” деп ачык эле айтам. Текебаев керек болсо моралдык жоопкерчиликке тартууга эч кимдин акысы жок. Себеби, ал ак, ал таза адам! Мына, мисалга Модинди эле алалычы, ал Атамбаев отурган кабинетти көрсөтүп, “Убактылуу Өкмөттүн 1-орун басарынын кабинетинде болгом. Ушул кабинет” деп жатат. Атын атабаганы менен ал кабинетте Атамбаев отурганын, Атамбаев 1-орун басар болгонун баарыбыз эле жакшы билебиз. Модин болсо, Маевский менен Атамбаевдин кайсы бир чет өлкөдө жолукканын да айтты. Бул жерде тыкыр текшерүүнү талап кылган көп маселе бар, Текебаевге жалган жалаа жаптырганы, аны атайы уюштурулганы билинип эле турбайбы. Бардык нерсени Текебаевге канчалык чапташтырышса да, ал чапташпай жатпайбы. Анткени, ал калп. Жасалма “Текебаевди кылмышкерге айлантам” деген Атамбаев өзү кылмышкерге айланганын билбей калды. Ал эртеңки күндү унутуп, күнүмдүк менен жашап жатат. Текебаев эртең эле чыгат, чыкканда да чекчейип, башын жогору көтөрүп, элдин кол чабуусу астында чыгат. Атамбаев Текебаевдин кадыр-баркын түшүрөм деп жатып, кайра көтөрүп салды. Муну Атамбаев эң жакшы билет, бирок аны мойнуна алгысы келбей жатат. Бул иштен кургак чыгып кетем деп ойлоп жатат, бирок чыга албайт. Себеби, жаңы президент келет. Ага саналуу гана күндөр калды. Текебаевдин иши кайрадан каралат.

“Сооронбай Жээнбеков ылдый баш да”

— Атамбаев президенттик тактыга Сооронбай Жээнбековду сүйрөп жатат го…

— Атамбаев Сооронбайын канчалык сүйрөбөсүн, сүйрөп келип такка отургузбасын, ал ага отура албайт, андан жылмышып түшөт. Анткени, Атамбаевге да, Сооронбайына да эл нааразы. Мына эмитен эле абийирлери ачыла баштады. Студенттерди эмитен үгүттөп жатканы, жолугушуудан кийин элге акча таратып жатканы боюнча аудио, видеолор социалдык тармактарга чыгып кетти. Телевизордон жолугушууга тимеле эл аны колдоп келип жаткандай түр көрсөтүп жатышпайбы. Ал жалган картина, чыны андай эмес. Мугалим, врач, окуучу, студенттерди күргүштөп күч менен айдап алып келип жатышат, акча менен алып келип жатышат. Өз эрки менен келген эч ким жок. Анан кайдагы “таза шайлоо?”.

Сооронбайды күчтөп өткөргөн күндө да, ал  президент болуп иштей албайт, анткени, ал ылдый баш, өз акылы менен чечим кабыл алууга жараксыз адам. Ал Атамбаевдин айтканын айткандай жасаганга гана жарактуу. Ошон үчүн өзү да: “Атамбаевдин жолун улайм” деп жатпайбы. Атамбаевдин кайсы жолун улайт? Ак, абройлуу саясатчыларды камап, шылуундарды түрмөдөн чыгарган саясатынбы? Ушул сөзүнөн кийин аны ким шайлайт? Үгүт рекламасында бир чал сүйлөп жатат: “Атамбаев өзү өстүргөн бала келетат. Ал Сооронбай Жээнбеков”,-дейт.  Эми бул уят да. Чечкиндүү бир программасын уккан жокпуз го. Өз алдынча чечкиндүү кадамга бара албаган, оюн айта албаган, позициясы жок, коркок адам кантип өлкө башчысы боло алат? Ош облусунда губернатор болуп турганда, Мелис Мырзакматов мэр эмес беле. Ошондо Мелиске бетме-бет жолуккандан тартынып, коркуп, качып турчу экен. “Коркок” деп Мелистин айтканын өзүм уккам. Ушундай адамды кантип анан биз өлкө башчысы кылабыз?

— Каалайбызбы, каалабайбызбы бийлик башына келип калсачы?

— Андай болууга эл жол бербейт. Өлкө тагдырын шайлоочулар чечет. Алар деле шайлаган адамы үчүн туруп берет да.

“Жээнбековго Иса Өмүркуловдун деле ичи чыкпайт

—Спикер Чыныбай Турсунбеков да коркок экен го, “президентикке аттанам” деп жар салды эле. “СДПКнын чечимине ким каршы чыкса, ал партиядан чыгат” деп Атамбаев айткандан кийин, унчукпай отуруп калды. Буга көз карашыңыз кандай?

— Сөзүнө турбаган адамды эркек деп айтышка болбойт. Элге жар салгандан кийин, жарышка чыгыш керек болчу. Ага креслосу керек экен, унчукпай отуруп берди. Бизнесинен коркту, кара жанынан коркту. Элди ойлобой, өз кызыкчылыгын ойлогондорду эл кызматына жолотпош керек. Мына Иса Өмүркулов да ичинен күңгүрөнүп жүрөт, Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай. Айла жок колдоп жүрөт, мойнунан байлаган “иттей” болуп. Мойнунан байлаган “ит” болсо ууга жарабайт.

— Мына азыр Бабанов менен Жээнбековдун эле тиреши болуп калгандай. Эгер Бабанов президент болуп калса, Текебаевди камактан чыгарабы?

— Чыгарууга тийиш. Себеби, Бабанов деле Текебаевдин ак экенин угуп, көрүп жатпайбы. Бабанов Атамбаевдей болуп кекчил эмес. Акты ак, көктү көк деген, калыс сөздү уккан жигит. Мен жолуккан сайын эле “бийлик башына барып калсаң, көппө! Калыс сөздү ук! Тегерегиңе кошоматчыларды эмес, мыктыларды чогулт. Өз кызыкчылыгың эмес, элдин кызыкчылыгын жогору кой! Сынган кадр маселесин кайра калыбына келтир! Сот системасын оңдо!” деп айтып жатам. Бабанов эл үчүн иштейт, кыргызга күйөт, мекенин сүйөт. Мен ага ишенем! Ал күчтүү үчүн ага карата каралоо башталды. Элге кайрылат элем, “бийликтин каралоосуна ишенбегиле!” деп. Быйылкы шайлоодон жаңылбай, татыктуунун татыктуусун тандап алалы!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

2 thoughts on “Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Президент Атамбаев эмес, Байболов болмок”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.