Оштогу Нариман айыл өкмөтүндө админресурс барбы?

Оштогу Нариман айыл өкмөтүндө админресурс барбы?

Кара-Суу районундагы эң ири Нариман айыл өкмөтүн Улугбек Рахманов башкарат. Жергиликтүү үлкөн аткаминер жыл башында айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандан бери Ош эл аралык аэропортун жана эң ири отун базарын Түштүк башкалаасынын карамагынан аталган айыл өкмөтүнүн энчисине өткөрүү максатында тынымсыз күрөшүп келатат.

-Улугбек мырза, ушул тапта Нариман айыл өкмөтүндө калктын саны кыйла эле өскөндүр?

Ооба. Нариман айыл өкмөтүн байырлагандардын саны дээрлик 46 миң 364 кишини чапчыды. Бул ушул жылдын январь айына карата алынган гана маалымат. Андан бери дагы канчалаган бала төрөлдү. Чыгынып эсептей элекпиз. Менимче, элибиздин саны ушул тапта Кыргызстандагы бир чакан райондун, маселен, Чоң-Алай районунун элинин санынан деле ашып түштү десем жаңылышпайм.

Жердештериңиздер, биздин билишибизче, ички жана тышкы миграцияга таптакыр аралаша элек. Мунун эң башкы сыры эмнеде?

Жашырып не. Нариман айыл өкмөтүндө дыйканчылык – эң негизги жана абдан кирешелүү тармак. Быйыл 1157 гектарга пахта, 750 гектарга жүгөрү, 768 гектарга беде, 1020 гектарга буудай эктик эле. Алгачкы түшүмүбүз жаман эмес. Маселен, “ак алтындын” ар гектарынан эле 40 центнерден пахта жыйнап жатабыз. Көрдүңүздөр, биринчи терим дээрлик бүттү. Эми экинчи теримге минтип баш-отубуз менен кириштик. Бактыбызга жараша наркы дагы өсүп, ушул тапта пахтанын ар килосу 45 сомдон кем эмес сатылып жатат. Мындан тышкары, беш айлыбызда тең мал гана багылат. Ошондуктан, кой, уй жана жылкыларыбызга жетиштүү тоютту дагы камдап алдык. Буюрса, келерки кышта таптакыр кыйналбайбыз.

Биз билгенден, сиз башынан эле айыл өкмөттөрүнүн бийликтен таптакыр көз карандысыздыгы үчүн туруктуу күрөшүп келатасыз. Эмне үчүн?

Ооба. Кыргызстанда айыл өкмөттөрүн аким, же губернатор дайындашына мен дагы башынан эле таптакыр каршымын. Буларды айылдык Кеңештердин жемкорлукка жана уруу-уруучулукка бөлүнгөн депутаттарынын шайлашына да макул эмесмин! Ошондуктан, айыл өкмөттөрүнүн жоопкерчилигин азыркыдан дагы абдан күчөтүп, булардын эл арасындагы кадыр-баркын ого бетер арттыралы десек, Кыргызстандагы айыл өкмөттөрүнүн бардыгын тең эл гана түздөн-түз шайлоосу кажет! Мындан калк дагы, бийлик дагы утат. Эң башкысы: кокту-колотко, уруу-урууга бөлүнүп-жарылуучулук, жемкорлук жана добуштарды ачык эле сатып алуу балакеттери өзүнөн өзү тыйылат.

— Баса, Ош шаарындагы эл аралык маанидеги аэропорт, анан түштүктөгү эң ири отун базары дагы Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайланышкан да, туурабы? Тилекке каршы, аталган ишканалар салыктарды жана башка жыйымдарды Ош шаарына гана төлөп келатышат. Эмнеге буга унчукпай, дагы деле көз жумуп жатасыздар?

Ооба. Ош эл аралык аэропорту, ошондой эле Оштогу жападан жалгыз отун базары. Дагы деле Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайланышкан. Булар эмдигиче эч жакка көчүрүлө элек. Андыктан, мыйзамга ылайык Ош эл аралык аэропорту дагы жана отун базары дагы бүт салыкты жана башка төлөмдөрдү булар бизге гана төлөшү кажет. Тилекке каршы, баарын Ош шаарынын казынасына гана мыйзамсыз төгүп келатышат. Албетте, бул өңүттө биз мыйзам чегинде гана иш жүргүзүп жатабыз. Эгерде Ош шаары бизге мындан ары мыйзамсыз тоскоолдуктарды тынбай жаратууну улантса, анда маселени Жогорку Кеңештин алдына кабыргасынан коебуз. Анткени, Кыргызстанда соттошкон менен пайда жок. Анын үстүнө ушинтсек, бул көйгөй дагы Чубактын кунундай бир нече жылдарга чубалчудай…

Улугбек мырза, мына алдыбызда президенттик шайлоо турат. Бул маанилүү саясий өнүктүк маалында “Нариман айыл өкмөтүндө деле административдик ресурстар бийликтин гана талапкеринин пайдасына байма-бай иштетилип жатат” дегендерге кошуласызбы?

Жок! Антүүгө, биринчиден, илгеркидей мүмкүнчүлүк жок. Экинчиден, жашырып не, көп партиялуулук системасы элдин башын биротоло айлантып таштады. Ар ким билген намазын гана окуп жатат. Бирок, жоопкерчилик деген таптакыр жоголду. Ошол себептүү ушул тапта калкыбыз кимге бекем ишенээрин билбей дагыле баштары маң.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.