Канат Исаевди сотко алып келишпеди

Канат Исаевди сотко алып келишпеди

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши каралмак. 2-октябрда депутатка Кылмыш кодексиндеги 27чи (кылмышка даярдануу), 233чү (массалык башаламандыктар) жана 295-беренелер боюнча айып коюлуп, 4-октябрда камакка алынган, аны менен бирге Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары Рамис Жунусалиев жана иштеген жери аталбаган Майрамбек Маткуловдор да колго түшүрүлгөн эле.

Бүгүн УКК К.Исаевди негедир сотко алып келбей коюп, ушуга байланыштуу сот иши 16-октябрга жылып калды. “Шайлоонун жыйынтыгын көрөлү” дешкен окшойт да.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.