Темирдин апасына, аялына тез жардам чакырылды

Темирдин апасына, аялына тез жардам чакырылды

Бүгүн маркум вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү “Ала Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлуп, “Ала Тоо” ресторанында куран окутулду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Коштошууга ажо А.Атамбаев, спикер Ч. Турсунбеков, премьер-министр С.Исаков, Жогорку сотунун төрайымы А.Токбаева, Өкмөт мүчөлөрү жана маркумдун туугандары, кесиптештери, тели-теңтуштары, жердештери катышты. Коштошуу зыйнатынын ачылып, жабылышын премьер-министр алып барды. Ал алгач маркум Темир Жумакадыровдун өмүр баяны менен тааныштырып, анан ажого сөз кезегин берди.

“Асмандагы жылдызды кара булут жаап салды”

Ажо А.Атамбаевге деле Темир Жумакадыров менен коштошуу оордукка турду. Улам тыныгып, көзүнө жаш алып, араң сүйлөдү: “Кыргыз эли бүгүн жылдыздай уулу менен коштошуп жатат. Темир асмандагы жылдыз болчу. Аны кара булут каптап, жаап салды. Ал өлкө башчысы боло турган жигит болчу. «Темир, келечекте президент боло турган жигиттин бири сенсиң» деп айткам. Темир коррупция менен күрөшүүдө, армияны, күч түзүмдөрүн, коопсуздукту камсыз кылууда мага чоң жардам берген. Темир таза коом, Кыргызстанда таза шайлоо болсун деп өмүрүн берди…”

“Кызматыңдан мурун, алтын башыңдын амандыгы артык болчу”

Ажодон кийин эле Темирдин бир туугандарынын атынан атасынын агасы Турдубек Абдрахманов сөз сүйлөдү. Үнү каргылданып, мукактанып, араң сүйлөдү: “Урматтуу кагылайын калк, Темирдей уулубузду жоготуп, кайгырып, кабыргабыз кайышып турат. Таза, жакшы бала болчу. Артында үч кызы калды. Кош Темир. Бизге кызматыңдан да, алтын башыңдын амандыгы артык болчу. Аман жүргөнүңдө эмне…

Ушуну менен коштошуу зыйнаты аяктады. Темир Жумакадыровдун сөөгү оркестрдин коштоосунда алынып кетти. Артында ыйлап апасы, аялы, туугандары калды. Апасы менен аялынын абалы начарлап, аялы эсин жоготуп баратканда тез жардам чакырылды…

“Баласына топурак салып калган — атасына, баласына кошок кошуп калган –апасына өтө эле оор”

Темирдин апасын кучактап, көңүл айтып турган топ аялдын ичинен Үмүт Турусбекова аттуу айымды четке чакырып, сөзгө тарттык. Темирге тууганчылык жагын сураштырсак, буларды айтты: “Биз, Темирдин атасы Курмангазы байке менен чогуу иштегенбиз. Азыр ал киши ардактуу эс алууда. Байкебизге көңүл айтуу үчүн атайы Чолпон Атадан 12 киши келдик. Темирдин ата-энеси учурда Чоң Сарай айылында турушат, кичүү баласы Эмилдин колунда. Темир төрт бир туугандын улуусу болчу. Эки карындашы, бир иниси бар. Иниси айылда, айыл өкмөтү. Темирдин ата-энеси айылда кадыр-барктуу, жөнөкөй, бой көтөрбөгөн жакшы адамдар. Экөө тең экономист. Курмангазы байкебиз илим-билимге басым жасаган киши. Ошондон улам, балдарынын баары жогорку билимдүү болду го деп ойлоп кетем. Жөнөкөйлүгүнөн улам, Темир баласынын Акүйдө иштеп жатканын өзүнөн эмес, элден уктук да. Биз фамилиялары окшош го деп эле койгонбуз. Элден уккандан кийин сурасак, “ооба, ал менин жаман балам” деп койду. “Жаман балам” дегени менен баласы менен сыймыктанчу, биз дагы сыймыктанчубуз. Анткени Темир орду менен сүйлөгөн, оор басырыктуу, билимдүү бала эле. Өмүрү өтө кыска экен. 38 жашта гана болчу. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Баласына топурак салып калган Курмангазы байкебизге, кошок айтып, бейитин карап, боздоп калган апасы Асыл эжебизге аябай эле жаман болду. Өмүр бою арман болуп калды. Курмангазы байке менен Асыл эжеге терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз”

Эскерте кетсек

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын жетектеп турган. 7-октябрда, таңкы саат 7.30да Талас облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн жолго чыгып, Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында КамАЗ автоунаасы менен кагылышып, үч киши каза болгон. Алар: Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов. Нурлан менен Нурбектин да сөөгү бүгүн жерге берилди.

“КамАЗдын” айдоочусу эки айга камакка алынды

Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Билдирүүгө караганда, ИИМ бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Айдоочу 2 айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Айдоочу 25 жашта, Чүйдүн Панфилов районунун тургуну. Ал спирттик ичимдиктерге текшерүүдөн өткөндө, мас эместиги тастыкталган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.