7-класстын окуучусу кош бойлуу болуп, директор кызматтан кетти

7-класстын окуучусу кош бойлуу болуп, директор кызматтан кетти

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Чүй облусдагы Лебединовка айылынын № 2-мектебининин 7-классынын окуучусунун боюнда бар экени аныкталган. Окуучу кыз апасы, өгөй атасы менен жашайт. Апасы кызды ооруканага алып барып текшертсе, кош бойлуу болуп чыккан. Ошондон кийин кызынын документтерин мектептен алып кеткен. Бул окуядан кийин, мектептин директору өз каалоосу менен арыз жазып, иштен кетип, социалдык педагогго сөгүш жарыяланып, класс жетекчисинин жоопкерчилиги каралууда. Милиция иликтөө ишин жүргүзүүдө.

Буга чейин, сентябрдын аягында, Талас облусунда 7-класстын окуучусу көз жарган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.