“Ата Мекен”: “Саляновага соттун өкүмү мыйзамсыз, адилетсиз болду”

“Ата Мекен”: “Саляновага соттун өкүмү мыйзамсыз, адилетсиз болду”

Бүгүн “Ата Мекен” партиясы депутат Аида Саляновага соттун туура эмес чыгарган өкүмү боюнча билдирүү таратты. Анда судья Кубанычбек Касымбеков Салянованын жактоочуларына жарыш сөзгө чыгаруудан баш тартканы, депутатка акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей туруп чечим чыгарганына нааразы болгондору жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмү мыйзамсыз жана адилетсиз болду.

Баардык мыйзамдардын одоно бузулушу менен бул иш саясий куугунтук экени ачык көрүнүп калды. Судья Кубанычбек Касымбеков жактоочуларды жарыш сөзгө чыгаруудан баш тартты.

Ал эми Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк дагы берген жок. Кылмыш ишиндеги күбөлөр жалган адамдар болуп чыкты. Себеби мамлекеттик каттоодо андай адамдар катталган эмес.

Жасалма кылмыш иши Башкы прокуратура, УКМК тарабынан ишке ашты. Бул Кыргызстандын сот системасынын тарыхында эң бир абийирсиз “өкүм” болду. Себеби кылмыштын курамы жок жерден эле адамды соттоп жиберип жатышат.

Бийлик ушундай эле ыкма менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдорду, “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Талгарбеков, Колубаев,Гусев,Калматов,Султановдорду камап отурушат.

Жакынкы арада эле болбогон иш үчүн Канат Исаев дагы камака алынды. Мындай репрессивдик ыкма өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутат. Ошондой демократиялуу деп аталган Кыргызстандын аброюна шек келтирет.

Соттор жогорку жактын буйругун аткарып, укук-коргоо органдары бийликтин куралына айланып калды. Биздин партия ар дайым адилетсиздике, репрессияга, мыйзамсыздыка жана коррупцияга каршы күрөшүп келген.

Кандай гана кысым болбосун парламенттик демократия жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүбүздү уланта беребиз.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы

Аида САЛЯНОВА: «Чындык жеңерине бөркүмдөй ишенем»

Аида Жеңишбековна колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, акыйкат жеңирине ишенерин билдирди. «Ленин сотунун мыйзамсыз, буйрутма чечими убагы келгенде жокко чыгарылат. Мен буга бөркүмдөй ишенем! Эң негизгиси, мага ишенип, тынбай колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Бул мен үчүн абдан маанилүү!»,-дейт депутат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.