Атамбаевдин кызы дагы «балп» этти

Атамбаевдин кызы дагы «балп» этти

Кыргызстан президентинин кызы Алия Шагиева The Village казак басылмасына колундагы татуировкалар жөнүндө жана кантип төрөгөнүн айтып берди. Татуировкалары эмне түшүндүрөрүн сурашканда, Алия минтип жооп берген: “Оң колумда – түлкү, жалбырактардын арасынан көлөкөсү түшүп турат. Мында эч кандай символизм деле жок, болгону бардык тирүү нерселерге болгон сый. Сол колумда – киши бүт ааламды кучагына кысканга даяр. Ал асман менен жерди бириктирип турат. Киши ийрелеңдеп, кыйшык болуп калган, аны Питерден бир мас келесоо сайгылап берген”.

“Мен дайыма чайлд-фри (балалуу болууну каалабагандык — ред.) позициясын карманып келгем. Мурда мага 20 жашыңда балалуу болосуң дешсе, мен “чалкаман” (уят сөздү ушинтип алмаштырып койдук) кетмекмин. Балдар мага дискомфорт алып келгендей көрүнчү. Жердин үстү кишиге толуп турса, бала жаратып эмне кереги бар, андан көрө балдар үйүнөн алган туура да – ушинтип ойлочумун. Анан бул теманы терең изилдеп олтуруп, төрөлүү – бардыгын алмаштыруунун чоң мүмкүнчүлүгү экенин түшүндүм. Мен төрөтүмдү атайын жеңилдеткен жокмун, анткени терс тажрыйбам жок болчу. Мен төрөт үйгө да барбадым. Ал жакта кандай оройлук, ташбоордук бар экенин билесиңер да, өзгөчө биздин Азияда. “Сен эркек менен жатканда (уят сөздөрүн ушинтип алмаштырып койдук), минтип кыйкырбайсың да” дешет. Баса, уят сөздөрүмдү алмаштырбагыла, ээ?! Фильтрлей беребизби, жетишет! Мен үйдөн төрөдүм, болгону 11 саатка созулду. Күйөөм жанымда болду, креслого олтуруп алып карап жатты…” – деп эскерет Алия.

“Бала кезден адилетсиздик менен күрөшкөнүм менен айырмаланчумун. Бул атаман мага өткөн. Бала кезде иним экөөбүз уруша берчүбүз, апам “Сен кызсың да” деп эле койчу. Ошондо менде феминизм башталса керек да. Ошондо эркиндикке умтулуп, унчукпай туралбастыгымды түшүндүм. Көөдөнүмдөгү “Мен” жынысым, улутум жок экенин түшүнүп турду. Жандүйнөм бул аныктамалардан башка толкунда иштейт.”, — деп эсептейт Алия Шагиева.

«Мугалимдер атама кат жазып, мен аркылуу беришчү. Мен кичинекей элем, каттарды атама жеткирчүмүн. Бирок, элден өзгөчөлөнбөйүн деп  атайын чачымды жуубай, майланышып жүрчү элем. Кийинчерек блог жазып баштап, менин ким экениме маани бербеген досторду таптым»

Алия Шагиева атасы эч качан анын жүрүм-турумун көзөмөлдөбөгөнүн айтат:

«Атам экөөбүз окшошбуз. Ал дагы чыгармачыл киши. Бирок, тилекке каршы анысын 60ка чыкканда гана өнүктүрө алды»

Комментарий бергенден алыспыз. Өзүнүн түшкөн сүрөтү эле бардыгын айтып турат окшойт…

Даярдаган Эрзат МЫРЗА

2 thoughts on “Атамбаевдин кызы дагы «балп» этти

  1. Просто выделиться хочет. Кыргызда айтат,атын чыкпаса жер ортто.
    Немного крыша сдвинулась,таким образом выделяться. Эгоистка.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.