Эрнис АСЕК уулу: “Жээнбековду шайлаганыбыз – Атамбаевди шайлаганыбыз!”

Эрнис АСЕК уулу: “Жээнбековду шайлаганыбыз – Атамбаевди шайлаганыбыз!”

— Эрнис байке, көрүнбөй кеттиңиз, “чыгармачылык менен алек” деп угабыз. Шайлоо менен да ишиңиз жок го?

— Рамис акын жазгандай: “Кичинекей гүлдө да саясат бар”. Шайлоонун жүрүшүнө кантип көз салбайлы? Эң ыплас, админресурс туу чокусуна жеткен шайлоо кампаниясы болуп жатат. “Таза шайлоо өткөрөм” деп кайра-кайра төш какканы менен, от менен ойноп жатканы көз көрүнөө.

— Кимди айтып жатасыз?

— Кыргызстанда төш каккан бир эле киши бар. Опуза кылгандан башканы билбеген. Сен келгенде, Атамбаевдин Баткенге барып сүйлөгөнүн окуп олтургам. Кыргыз-казак чегарасын айтып, “3 миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп калбайт, эч кандай акча менен, басым менен, коркутуулар менен чет элдиктердин “шестеркасын” шайлабайбыз” дейт. “Эки элди эч ким кагыштыра албайт” деп кайра өзү кайраштырып жатканына таң калдым. Мындай оозуна алы жетпеген кишиге сөз короткуң да келбейт экен…

— Дегеле Атамбаев алты жыл Кыргызстанды кандай башкарды деп ойлойсуз?

— (Күлүп) Айга-күнгө теңеп берейинби же..? Өзү ошондойду жакшы көрөт окшойт. Өткөндө бир байке: “Сындаган кишиге эле атырыла берет экен го аныңар” дейт. Репрессия жылдарына багыт алып, тоталитаризмдин үрөнү себилди. Демократия принциптерине, мамлекет институттарына, сөз эркиндигине, ой эркиндигине кол салынды. Жогорку Кеңеш чөнтөк парламентке айланды, бир кишинин көзүн карап иш алып барууда. Кыргызстанда мынчалык алсыз парламент болгон эмес. Ошентип парламентаризмди талкалады. Бул Жогорку Кеңешти таркатыш керек. Дал ушул таза шайлоону парламент көзөмөлүнө алышы керек эле. Сот реформасын кой, сот системасын өлтүрдү. Телефондук укук менен паракордук гана иштеп калды. Күч органдарына колбалдарын алып келип, ал тармактар жайланып келет. Коопсуздук кызматы эмнеге айланды? Ички иштер министрлиги ириди. Кандай мыкты профессионалдарыбыз бар, жок, жансакчы олтурушу керек. Шоопуру эл башкарып жүрөт. Башкы прокуратурада бир күн иштеп көрбөгөн кадр башкарып олтурат. Өзөктүү тармактар бир кишинин колуна суу куюп калгандан кийин эмне жөнүндө сөз болушу мүмкүн? КТР кайрадан “кара жашиктин” кейпин кийди. Президент душман эле издеп калгандай. Карызга белчебизден баттык. Алты жылдын ичинде эле 2 млрд долларга чукул карыз алыппыз. Канча кырсык болду? Дача-СУда кулаган учактын ээсин ушул бойдон билбей эле калабызбы? Жанагыл Максим Бакиев ээлеп алган жер мамлекетке кайтарылды эле, аны кайра сатып алып, хансарай салып олтурат. Кайра “керек болсо, суунун аркы өйүзүнө да салам” дейт. Балдар үчүн эс алуу жай салып берсе болбойт беле? Башкы прокуратурасы «ал мыйзамдуу салынган» деп олтурат. Моралдык да укугу жок болчу. Боршайком болсо толук бийликтин көзүн карап калды. Чыркырап төрт мүчөсү гана жүрөт. Кумтөр чечилген жок. Коррупцияга белчебизден баттык. Анан ушул жолду улантам деген кишини шайлайбызбы? Сооронбай Жээнбеков жакшы киши экенинде күмөнүм жок, бирок “жакшы киши” деген аргумент эмес да. 95-жылдан бери бийлик мунарасында жүрөт. Балким мыкты аткаруучу чыгар, бирок лидер эмес. Лидерлик бир касиети жок. Атамбаевдин гана айткандарын аткарары көрүнүп турбайбы. Бизге ошол керекпи? Жээнбековду шайлаганыбыз — Атамбаевди шайлаганыбыз. А Атамбаевди уккум да келбейт. Бир жакшы жери: мамлекетти кантип башкарбаш керектигин үйрөтүп койду. Тышкы саясатты жайлап келатат. Бүгүн кучакташып, эртең ашатканына жол болсун. Түрктөрдү ошенткен, эми казактарды, эртең өзбектерди ашатпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Негизи кайраштырганга маш экен. Билинбей элди да бөлүп койду.

— Казак президенти жөнүндө айткандарын кандай кабыл алдыңыз?

— Эми аны айтканда эмне? Баягы Жорж Буш Иракка кол салганда, орустун саясатчылары айтты эле: “Маймылдын колуна граната карматып коюп, бүт дүйнө карап турабыз” деп. Андан бери канча суулар акты, Ирак эмне болуп жатат, Сирия эмне болуп жатат? Карап олтуруп эмнеге кептелишти? Кыргызстан деле ошентип бир кишини карап турат. “Туруктуулук орноттук” деп мактанып жатышат. Туруктуулуктун пайдубалы орнотулган жок да. Анын пайдубалы — адилеттүүлүк менен калыстык. А бизде экөө тең жок. Тургузулган дубал желп эткен желге эле “күрр” этип кулап түшөт. Туруктуулукту эл кармап турат. Эки революциядан кийин тополоңдон эл деле тажаган. Бирок бийлик өзү элдин бүйүрүн кызытып жатпайбы. Булар жакшы бүтпөйт. Эл муну түшүнүп калды. Эл арасында биз жүрөбүз го. Жакшы сөздү сейрек эле укпасам, жинденген эле киши.

— Премьер-министр Сапар Исаковдун да кылганы туура эмес го. Кайра “бет тырмоочулук” кылып жатышат. Мунусу да кагыштыра баштады. Президент, премьер-министр экөө тең коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиледе болбосо, ал жактагы боордошторго, чек арадан өткөн жердештерге жаман болуп жатпайбы.  Буларды кетирүү эле керек болуп калды… Кандай дейсиз?

— Илгери Акаев өкмөт башына Жоомарт Оторбаевди алып келгенде, “Асаба” тамашалап “Пробиркада чоңойгон бала келди” деп жаздык эле. Азыркы кадрлар да ошондой кабинеттен чыкпаган балдар менен толукталып келет. Сапар Исаков мурунку, кийинки бийликтин жүрүштөрүнө каныккан жигит да. Буга чейин анын президентке кандай кеп-кеңеш айтып келгенин Өмүрбек Текебаев жакшы түшүндүрүп берчү эмес беле. Кечээ Адахан Мадумаров да жакшы айтты. “Русгидро, Лигласс, казак-кыргыз чегарасы боюнча жалган айтканы үчүн премьер-министрликтен кетиши керек” деп Казак өкмөтү Назарбаев менен Сапар Исаковдун сүйлөшүүсү болбогонун расмий билдирип жатат. Мындай сүйлөшүү эки тараптан такталып туруп гана жалпы элге жарыяланат. Анан өзү басып барып, “күңк-мыңк” дегенин, тигил кишинин “караштыралы” деп баш ийкеп койгонун жар салып, “сүйлөштүк, чечилмей болду” дегени баланын оюну сыяктуу, эр аралык мамилелерди түшүнбөстүгү. Эми Сапардын бүгүнкү кылыгы эч бир рамкага сыйбайт. Өзү өкмөт башында туруп алып, Чолпон-Атадан трибунадан “Менде мына колумда Орусия Ички иштеринин телеграммасы турат. Бабановдун оң колу болгон Кайсар Абылкасымов 25 млн доллар менен кармалды” деп жар салды. Бул карандай калп экенин Бабановдун штабы билдирди. Ал эч кандай Бабановдун оң колу эмес экендигин, шайлоого катышпагандыгын, досу азыр Алматыда ата-энеси менен олтурганын айтып чыгышты. Ушинтип калп айтууга болобу? Премьер болгонуна аз болгонуна карабай, эки жолу каратып туруп калп айтканы деңгээлин эле көрсөтүп койду. Калптын казаны кайнабайт. Кантсе да Атамбаевдин балдары да. Элге эле кыйын болууда. Шайлоодо атасы өлгөнсүп, Атамбаевдин мынчалык жан алакеттен кетип жатканына караганда, абалдары жакшы эмес экен да. Бул кишини кеткиси жок, жатып алып башкаргысы келгени айдан айчык болуп калды.

— Жаңы келген президент коңшу мамлекет менен мамиле түзбөсө болбой калды…

— Жээнбеков келсе, маселенин чечилишине кыйын болот. Ал Атамбаевдин кишиси экенин билип турган Казакстан Элбасы Жээнбеков менен дароо мамиле түзүшү кыйынга турат. Бул абалга жалгыз Атамбаев күнөөлүү. Коңшу менен шайлоого чейин эле алдын-ала сүйлөшө албагандан кийин эмнеси өлкө башчы? Байкашымча, Назарбаев экөөнүн ортосунда кара мышык мурда эле чуркап өткөн окшойт.

— Шайлоого саналуу гана күн калды. Жашыруун болбосо кимди шайлайсыз?

— Эң негизгиси Жээнбековду шайлабайм. Эки талапкер: Бабанов, Сариев оюмда болуп келди. Тараза ташы Бабанов жакка ооп баратат…

— БШК таза шайлоо өткөрүп берет деп ойлойсузбу? Дегеле БШК боюнча оюңуз кандай? Ушундай болгон эмес деп ойлойм. Көз көрүнөө эле Атамбаевдин буйругун аткарып жаткандай…

— Таза үгүт өнөкөтү жүрбөдү, анан “шайлоо күнү эмненин үстүнөн чыгышат?” деп кооптонуп турам. “Канчалык жасоого мүмкүн эмес” дешсе да, күмөнүм бар. Өгүнү Ирактын Күрдистанында референдум боюнча ызы-чуу болду го. Испаниялык компаниядан атайын программа сатып алышкан экен, алдын ала ал программаны киргизип, так референдум күнү алар каалаган жыйыктыкты чыгарыптыр. Азыр кыйын делген хакерлерден көп неме жок. “Жасап коебу?” деп шектенип калам. Бирок “билгендерин кылышсын” деп олтура бергенге болбойт, барып добуш берип, таза болушуна өзүбүз кол кабыш кылышыбыз керек, бүт тарабынан көзөмөл зарыл. “Таза шайлоо” деп коюп, балээ шайлоо кылганы калышты. Жээнбеков келсе “таза шайлоо”, ал келбесе “таза эмес” дегени турушат. Кырдаалды бийлик эле күчөтүп жиберди. Бийликке акыл-эс, элге сабырдуулук берсин.

— И баса, БШК “Атамбаев мамлекеттик кызматкер эмес” деген жообун беришти. Ошондо ажо кайсы кызматкерге кирип калат сиздин оюңузча?

— Ушул президенттин оозун жаба турган бизде эч кандай мыйзам жокпу? Ачыктан ачык өз талапкерине үгүт кылып, башкаларды каралап жатканы таңгалыштуу. Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген ушул. Биринчи мамлекеттик кызматкер болбосо ким? Базарда олтурган долу катынбы?

— Мындай суроолорго салкын кандуулук менен, философиялык көз карашта жооп берчү элеңиз?

— (Күлүп) Ой, Атамбаев тынч жаткан кишини да, көрдө жаткан кишини да козгоп жиберет экен го. “Канды кудай урарда, өз калкына кас болот” дегендей болуп жатса, айтылчу сөз айтылат экен да…

Маектешкен Жазайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.