Баткенде белгисиз кыздын мумиясы жерге көмүлдү

Баткенде белгисиз кыздын мумиясы жерге көмүлдү

Бул тууралуу “Азаттык” радиосу жазып чыкты. Анда мындай деп жазылган:

“1970-жылдардан бери борбордук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге коюлду. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук тарых музейине алып келинген.

Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып, көмүүнү чечим кылган.

Мумияны жерге көмүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айрым окумуштуулар катышууда. Бирок көпчүлүк археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан.

Айрым маалыматтар боюнча, мумия кыргыздын уламыш-легендаларында айтылып жүргөн Мактым сулууга таандык болушу мүмкүн”

Сүрөт “Азаттыктан” алынды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.