Булан институту англис тилинде иш алып бара баштады

Булан институту англис тилинде иш алып бара баштады

Булан институту буга чейин кыргыз, орус тилдеринде иш алып барса, эми англис тилин кошумчалады. Мындай жакшы саамалык менен кесиптештерди куттуктап, алардын максаты жана негиздөөчүсү менен тааныштырып коюну чечтик.

Булан институтунун максаты

Tынчтык Инновациялары боюнча Булан Институту (Bulan Institute for Peace Innovations) – баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан бейөкмөт уюм. Женева шаарында эл аралык чакан өкүлчүлүгү бар. Булан институту эки программадан турат.

Кыргызстандагы программа билим берүү тармагында иш алып барат. Балдардын сапаттуу билим алышы үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүп, системадагы көйгөйлөрдү тереңден иликтеп, коомдук талкуу жаратат. Изилдөөлөрдү жана баяндамаларды жарыялап, кырдаалга баа берип, корутунду жана рекомендацияларды берет. Булан институту массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштешет. Ошондой эле максаттарды чындыкка айлантыш үчүн диалог куруу, жеринен барып маалымат топтоп иликтөө, жаңы технология менен креативдүү долбоорлорду ишке ашырат.

Учурда балдардын сапаттуу билим алышы үчүн эки багытта иш алып барууда. Биринчиси — Кыргызстандагы диний окуу жайларда билим сапатын жакшыртуу, медреселерди реформалоо жана светтик билимди интеграциялоо боюнча коомчулукта талкуу жаратуу жана диалог куруу. Экинчиси — мектептердеги көйгөйлөрдү анализдөө, тиешелүү мекемелерди жана коомчулукту изилдөө жыйынтыктары менен тааныштыруу жана коомдук талкуу жаратуу.

Булан институтунун алдында Булан TV каналы бар.  Анда тегерек столдор, эксперттик талкуулар жана атайын ТВ программалар тартылып, коомчулукка тартууланып турат. Ошондой эле “Көз караш” рубрикабызда бул тармактагы мыкты эксперттердин сунуштары жана анализдери жарыяланат.

Борбор Азия программасы англис тилдеги сайтта жайгашкан жана эл аралык коомчулукка багытталган. Бул программа Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук, чек ара, адам укуктары жана сөз эркиндиги өңдүү талылуу маселелерди анализдейт жана талкууларды уюштурат.

Ким негиздеген?

Аталган  институтунун негиздөөчүсү Чолпон Орозобекова. Журналист жана конфликтолог. Аналитикалык макалалары “The Diplomat”, « Asia Times » жана «Jamestown Foundation» өңдүү эл аралык басылмаларга басылып келатат. Эмгек жолун 1995-96-жылдары “Обон” жана “Асаба” гезиттеринде кабарчы болуудан баштаган. Женева университетинде Эл аралык коопсуздук боюнча магистраны жана Эл аралык мамилелер боюнча Женева институтунда Эл аралык дипломатия жана саясат боюнча магистратураны аяктаган. Көп тил билет: кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү. Үч кыздын энеси. Жолдошу белгилүү журналист Жеңиш Эдигеев.

Дареги: Бишкек шаары, Манас пр. 40, 3-кабат, 325-кеңсе.Тел.: 0 312 61 37 11, 0 555 373 502. Эл.почта: bulaninstitute@gmail.cominfo@bulaninstitute.org

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.