Алым Токтомушевдин эскерүү кечесине келиңиздер!

Алым Токтомушевдин эскерүү кечесине келиңиздер!

Белгилүү журналист, публицист, акын Алым Токтомушев тирүү болгондо 70 жашка чыкмак экен. 70 жылдыгына арналган чыгармачылык эскерүү кечеси 20-октябрда, саат 15:00до Улуттук Консерваториясынын чоң залында өтөт. Кирүү акысыз. Келип кетиңиздер!

Эсен болуп, эстей жүр!

Чогуу иштеп, бирге жүргөн кесиптештери «Баягы Асаба» гезитине эскерүү жазды эле. Маркумдун эскерүү кечесине карата ошону кайрадан кайталап берип коюну чечтик.

Ажалга «келсең — Кеттик!” деген Алыке

Алыкени жакындан “Алас” гезитинде бирге иштешип калгандан бери жакшы билип калдым. Ал бир көңүлү түшүп калган адамга жакшы пейлинен жазчу эмес. Ошондон уламбы көзү өткөнчө Алыке менен ага-инидей мамилебиз үзүлгөн жок. Кийин башка гезиттерде иштеп кетсем да, атайы издеп барып же телефон чалып жай сурашып калышар элек. “Атаңдын көрү дүнүйө” аталган туңгуч китебиме баш сөзүн жазып, батасын бергендердин бири да Алыкем эле. Алым ага редакциянын көркү болчу. Баары Алыкенин көрүнбөгөн казыгына байланып, айланып тургандай сезилчү. Алыкенин көркү анын аналитикалык  макалаларында, анан тай чекеге тепкендей таамай коюлган рубрикаларында, майын чыгара иштеген материалдарында эле. Алыкенин колунан өткөн кайсы гана темадагы материал болбосун, рубрикасы жарашып, тили таңшып, табына келе калган куштай талпынып турчу. Жарыктык кишинин бир ирет “Ушу мен өмүр бою оңдоп эле келатам, оңдоп эле келатам” деп, анысына нааразы же ыраазы экенин билгизбей күлүп туруп айтканы жадымда.

Кыргыз журналистикасында аналитика жанрынын жаагын айрый жазган, тагыраагы багын ачкан ушул Алыкем болду. Бизге, артында калган журналист журтчулугуна калтырган Алыкенин сабагы да ушул. Баамымда Алыкенин күчү эң биринчи көбүрүп-жабырган тилинде болчу. Анан сөзсүз Алыкенин ар бир жазган аналитикасынын өзөгүндө күчтүү логика, терең анализ, тандырбай турган аргумент-фактылар, керек болсо түшкө кирбеген тарыхый да, адабий да салыштыруулар жатчу. Бир ирет кезектеги макаласын “катырыпсыз, Алыке” деп көзүнчө эле мактап калсак, минтип айтканы бар: “Мен буларды көзүмдүн жашын көлдөтүп, уктабай түн терметип отуруп жазамын. Силерге оңой окулганы менен ар бир макаламдын артында кандай гана азап жатат”деген эле. Ушу сөзү эсимден чыкпай калыптыр. Алыкенин кыргыз журналистикасына калтырган дагы бир сабагы – бул сөз, факты менен иштөө маданияты. Азыр көбүбүзгө ушул жетишпейт. Анын айныгыс фактыларга таянган макалаларына эч бир бийлик эгеси “кың” дей алчу эмес. Соңку журналистикада жазганын далилдей албай соттошкон, кээси “бийлик мени куугунтукка алып жатат” деп атургай чет өлкөгө чыга качкан учурлар көп болду. Болуп да жатат. Ушулар тууралуу Алыкенин күлүп туруп айтканы да эсимде: “Мен өмүр бою эле бийликти, бийлик башындагыларды жер-жеберине жеткире сындап жазып келатам. Бирок бирөөнөн да коркуткан-үркүткөн сөз укпадым. Азыркылар бирдеме жазса эле, ким бирөөлөр бурчтан чыга калып сабап кетет же сабаган жатат деп чет өлкөгө качып кетчү болду”деген эле.

Алыке акын юморду, таамай айтылган сөздөрдү терең баалачу. Аны күндөлүк ишинде чеберчилик менен пайдала билчү. Ошондон уламбы, койгон рубрикалары да кыбаңды кандырып, чекчейип турчу. Бир жолу ойдо жок окуялуу куш тилиндей макалага “Ой, итиң, о-ой!” деген рубрика коюп баарыбызды жыгып салган. Жумуштан сырткары “жай сураша” калган жерлерде замандашы, жамакчылык жайы бар Жоробек акындын жоруктарынан төгүлө айтчу. Аягында “алар кетип, мен калдым” дегенсип жашып да алчу. Эмнегедир өлүмдү күткөндөй да туюлуп кетчү. Тээ, 2006-жылдары, “Алас” гезитинде иштеп жүргөндө, бир жолу “стакан” айылында отурганыбызда “ушу мен деле жакындап калдым го” деп эсибизди чыгарган. Андан бери кыйла мезгил өтүптүр. Ажал Алыкеге акыры жетти.

Күтүп жүргөнсүп, Алыке кармашкан да жок. “Келсең, кеттик” деп жетелешип шар эле жүрүп кетиптир. Бизге ошонусу күтүүсүз болду..

Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Жолбүгүндө карааны көрүнбөй

Майдын башында Алыке чалып калды: «Кандайсың, балам? (соңку учурда мени «балам» деп чакырып калды эле…) Гезитиңди окуп жатам. Жаман эмес. Мелистин авантюристтиги гана жетишпей турат. Бирок сен өзүң ушундай гезит каалачу эмес белең. Ушунуңан жазба» деди. Акыркы жолу кышында жолуктук элек. Сыртта суук. Көкдүкөнгө кирдик. «Эрнис, эсиңдеби, Мелиске: «Мени гезитчи кылып салдың, үй алып бердиң, эми Байтиктен жай таап бер, өзүң ээсине тапшыр» деп калчу эмес белем. Мелис да кебелбей: «Ой, сизди көмалбай эмне болуптурмун, ага баш оорутпаңыз, андан көрө маңдайыбызда жүрө туруңуз» деп калчу эмес беле. Эми өзү кетип, мен калдым. Мен деле узак баралбайм го, денсоолук болбой жүрөт, силерге өмүр берсин» деп колундагыны тартып жиберди. Алыкенин көздөрү кайгылуу эле. Азыр ошол элеси көз алдыма тартылат. Алыке экөөбүз оголе көп сүйлөштүк. Көкүрөгүндө чоң кайгысы бар киши эле. Бирок анысын айтчу эмес. «Сен билесиң, балам» деп гана койчу. Алыкенин адамдыгын, жазганын, мүнөзүн, деңгээлин, Салижан акенин таамай сөздөрүн, Жоробек акындын жоруктарын айтып, каткырып күлүп санын чапканын, поэзия жөнүндө туруп-туруп эле ачылып сүйлөп киргенин, саясатчыларды айтып баш чайкаганын, «мен кудайга ишенбейм да» деп мулуюп күлүп койгонун бир айтасыңбы, эки айтасыңбы…

Алайдан Кубат аке айтып калды: «Алым мыкты жигит. «Асабачылардан» ушул Алымды жакшы көрөм. Бирок мага өтө адашып жүргөн адамдай сезилет. Жазганы жагат. Баладай багып жазат турбайбы. Бул эмнеден кабар берет? Жоопкерчилик ушундай да. Бу жашоонун өзү жоопкерчилик да. Алымдан ушул жоопкерчиликти үйрөн, толстяк!» деди эле. Кийин Кубат акенин сөздөрүн Алым байкеге айтсам, күлүп: «Кыраакы киши да» деп тим болгон.

Алыкенин өтүп кеткенин Атбашынын Арпасынан түшкөндө уктум. Топурак салалбадым. Мелис байкемди өтө-өтө жакшы көргөнүн эстедим. Баягы Мелис Эшимканов фондусунун 100 миң сомдук байгесин алганда да: «Мелис тирүү кезинде эле мага канча берди, эми өлгөндө да берип жатат» деп көзүнө жаш алганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Шербет эже каза болгондо да: «Шербет Мелисти өзгөчө жакшы көрчү да» деп койду эле. Алыке, Алыке… Сөз дыйканы, сөз паашасы эле. Сөз алдындагы жоопкерчилигиңиз жадымда. Бир жолу чалып, «Жолбүгүн жазып бербейсизби?» десем, «Карыбадыкпы, Эрнис. Мен гезитиңди эле окуп, моралдык колдоо көрсөтүп турайын. Аскерге сөз берип коюп, «Агымга» араң жазымыш болуп жатам» деди. Жолбүгүн… Азыр Жолбүгүндө Алыкенин карааны көрүнбөйт. Өзү жазгандай, «жүрүп бараткандай» түр көрсөткөндөр гана… Эх, Алыке, Алыке!

Эрнис АСЕК уулу

Терезе

«Асабанын» редакциясы Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып калган жылдар болчу. Бир жолу Алыке айтып калды:

— Төкө, мык какканга кандайсың? — деп.

— Төрт какканда төрт мык кирет, Алыке! — деп ооздукту тарталбай мактанып жибердим.

— Болду, болду,- деди Алыке адетинче каткырып,- саманын алып салганда, төрт уруп бир мык киргизет экенсиң, жарай берет…

Көрсө, квартирасындагы эки терезенин сынык айнектерин алмаштырмак экен. Белгиленген күнү кычкач, балкаларымды алып жетип бардым. Ал кезде Аламүдүн-1 кичирайонунда жашачу. Экөөбүз ээрчишип алып базарына бардык. Базары да жакын эле болчу. Терезелердин узун-туурасын ченеп жазып алганбыз. Иш башы деп пивнушкесинен «жүздөшүп» да алдык. Жакшынакай кылып кестирип алып, экөөбүз эки терезенин айнегин көтөрүп келатабыз. Үйгө жуп жете бергенде, балдар ойногон жердеги кызыл-тазыл темирлердин бирине тийип кетип, Алыке көтөрүп келаткан айнектер шаңгырап эле сынып калды. «Туу-иттики, эми эмне кылдык?!» деп көз айнеги менен кошо өйдөтөн олуттуу бир карады да, «А мейли, урушта туруш жок дейт, азырынча бир терезесин айнектей туралы»,- деди. Залдын терезесин кечке эрмектедик. Үйдөгү жыгач сызгыч менен айнекчинин темир сызгычында чоң айырма болот окшойт, айнектер кененирээк кесилип калыптыр. Аттиш менен кемирип отуруп терезенин көздөрүн араң отургуздук. Улам алып, улам кагып атып дегендей кеч да кирип, үйгө жөнөмөк болуп калдым. «Курал-жарагыңды эмики терезени эптегиче мында кое тур»,- деди Алыке.

Сыртка жөнөтүп чыкты. Жанагы пивнушкеден сөздү уладык. «Бир жолу Генка (белгилүү акын Кемел Белеков) сага окшоп куралдарын көтөрө келип, эшик-тереземди оңдоп берди эле. Толук бүтпөй калып, эмики келгенде биротоло колдон чыгарайын деп темир-тескегин таштап кеткен. Андан кийин көп эле келди, бирок бүтүргөн да жок, аттиш-маттишин алган да жок. Сен да ошенте көрбө, ыя, Төкө?!» деп сырдуу каткырды…

Тарых кайталанат деген чын окшойт, кийин Алыкеге көп эле барган менен терезе чын эле бүтпөдү. Алыке гана анда-санда: «И-и, Төкө, аттишиңди качан алып кетээр экенсиң, ыя?» деп каткырып калчу эле, атаганат…

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.