Шашылыш билдирүү: “Бакыттын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам керек!”

Шашылыш билдирүү: “Бакыттын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам керек!”

Москвада жашап жаткан мекендешибиз Шаира Түштүк кызы Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазып чыкты.

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Москвада иштеп жүргөн БАКЫТ ТУРДУМАМБЕТОВ деген жараныбыздан айрылып калдык, сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө каражат жетпей жатат. Колуңуздардан келген жардамыңыздарды аябаңыздар. Апасы да бул жерде, денсоолугуна байланыштуу иштебей үйдө отурган экен. Айылда 4 баласы атасыз чыркырап калды.

Урматтуу кыргыз элим, жардамга кол сунуңуздар!”

Тел: 4276 3800 62798710

Шаиранын ушул кайрылуусунан соң, ага интернет аркылуу сүйлөштүк.

-Шаира, сенин ушул кайрылууңдан кийин кимдер жардам кылууга кол сунду?

-“Нарын коому” жүгүрүп жатат. Биз тайпабыз менен өзүбүзчө жардам көрсөтүп жатабыз. Тагырагы, Москвадагы “Тамашоу” деген жаш улан-кыздардан (30дай балдарым бар) түзгөн достук тайпам бар эле, ошолор чуркап жатат.

-Бул көйгөйлүү маселе боюнча ал жактагы элчиликке, Тышкы иштер министрлигине кайрылдыңарбы?

-Жо-ок ал жакка кайрылбадык.

Бакыт эмне болуп каза болуп калды?

-Кыргызстанга кечинде машина менен кеткен эле. Шофер менен сүйлөшүп баратып эле уктап кетиптир. “Уктап калды го” деп ичиндегилер билбей кете беришиптир. Кийин тили чыгып калганда гана каза болуп калганын билишиптир…

-Кан басымы көтөрүлүп кеткен го. Ооруп жүрдү беле?

-Оорусу жөнүндө айткан эмес.

-Ал жакта кайсы жерде, эмне иш кылчу эле?

— Москвадагы курулушта иштечү.

-Канчада эле? Үй-бүлөсү бар беле?

-Бакыт 35 жашта эле. Үй-бүлөсү бар. Төрт баланын атасы эле. Балдарынын жаштарын сурабапмын. Ошол балдарына жетпей калып отурбайбы. Кыргызстанга бараткан. Нарындык эле. Эки жылдан бери тааныш элек. Жакшы жигит болчу. Жаркылдап эле турчу. Бир заматта ушундай болуп кетти. Өтө өкүнүчтүү.

Урматтуу, туугандар! Колдон келген жардамыбызды кылалы. Мекендешибиздин сөөгүн бөтөн жерге калтырбай, өз жерине алып келип көмүүгө жардамыңыздарды аябаңыздар!

Мекендешибиз Бакыт Турдумамбетовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу апасына, бир туугандарына, үй-бүлөсүнө “Алакан” сайтынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.