Атамбаевдин «бытпылдыгы» менен каргышы

Атамбаевдин «бытпылдыгы» менен каргышы

Бүгүн, 27-октябрда ажо Атамбаев 12 өлкө жөнөткөн элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, адеттегидей ички көйгөйлөрүбүзгө орус тилинде токтолуп, кайрадан Казакстанды каарып өтүп, ЕврАзЕС өзүн актабай калгандыгын айтып келип, анан эле кыргызча белгисиз бирөөлөрдү каргап кирди. Кимди каргаганы ачык айтылган жок. Бир гана Өкмөт таап келген ГЭСтерди салуу боюнча “Лигласстын” ыплас иштерин ачкан, “Мегаком” кандайча Атамбаевдин орусиялык досу А.Бильядиновго чай саткан орус келин Елена Нагорная аркылуу сатылып жатканын казып чыккан коомдук ишмер Эдил Байсаловдун ысымы гана аталды. Анда Атамбаевдин бытпылдыгы менен каргышын окуйлу:

“Урматтуу менин мекендештерим, кечээ кечинде менин казак кудам келиптир. Келинимдин атасы. Бирок, өзү казак болгону менен аты — Манас. Анан көпкө чейин сүйлөшүп отурдук. Ал кээ бир биздин кыргыз саясатчыларына таңгалды да, чынын айтканда, таңгалды. Мен уялдым, анан айттым: “Эми Манас кудам, бетеге кетет -бел калат, бектер кетет — эл калат. Атамбаев да кетет, Назарбаев да кетет. Кыргыз-казак бир тууган. Бирок, акыркы күндөрү айрым саясатчыларды көрүп, айла жок, кыргыздын макалдары эске түшөт. Кыргыздын макалдары абдан сонун. “Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса бытпылдык”. Мисалы, азыр биякта “бытпылдык” деп атат Байсалов. Кыйын мезгилде дароо качып кеткен. 2007-жылы башка жакка. Эми момундай күнөстүү жердин күкүктөрү үчүн Намыс деген, Мекен деген, Манас деген, Ата журт деген такыр сезим жок, таптакыр сезим жок. Булар жанагы алып жаткан акчаларын, гранттарын, кыргызча жугунду деп коет, булар жугунду үчүн кыргыз элин, кыргыз жерин сатканга да даяр. Булар жугунду үчүн кыргыз элинин намысын тебелегенге да даяр. Албетте, жугундусун, кешигин берген булардын кожоюндары да бар. Ушундайлар жөнүндө кыргыздын дагы бир татынакай сөзү бар. “Иттин кожоюну болсо, кабыландын кудайы бар”. Мындайларды элдин каргышы урат. Аларды кудай урат. Улуу Манас дастаныбызда мындайлар жөнүндө таамай айтылган, окуп берейин. Элди, жерди сатканды төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Суу бүтпөгөн чөл урсун! Толкуган дайра көр урсун! Элди, жерди сатканды, ак буудайдын наны урсун! Эненин аппак сүтү урсун! Дайыма буларды кыргыз элинин, жеринин суусу, тузу, наны урсун! Кудай урсун! Көп улуттуу кыргыз эл өзүнүн эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябайт. Айланайын, кыргыз элим, элибиз үчүн, жерибиз үчүн, эгемендүү мамлекетибиз үчүн башыбыз курман, башыбыз курман. Бул күндөр да өтөт. Кудай буйруса, биз Кудай колдогон элбиз, бул күндөр да өтөт. Кыргыз көчү өзүнүн жолун тапты. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”.  Аман-эсен бололук! (Видео)

Бул каргыштан кийин Эдил Байсалов кечинде “Жалбырак ТВга” түз эфирге чыгып, апасы экөө Атамбаевдин айткандарын чогуу көрүшкөнүн айтып, катыра жооп кайтарды. Аны видеодон көрүңүз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.