Ат менен 1 метр бийиктикке секирген Саяна

Ат менен 1 метр бийиктикке секирген Саяна

Саяна Султанова Бишкектеги № 10-мектепте 8-класста окуйт. Тууганы Мая Султанованын айтымында, Саяна атка мингенге кичинесинен эле кызыкчу. Азыр ал ат менен секирүү боюнча чет өлкөдөгү конкурстарга катышып жүрөт. Атты өзү жакшы карап, тазалайт. Жумасына 3 жолу ат менен секирип, машыгып турат. Быйыл жайкы каникулда Польшага барып, ат менен машыгып, бийиктикке секиргенди үйрөнүп келген. Азыр Саяна 1 метрден ашык бийиктикке ат менен секирет.

Саяна боюнча азырынча ушундай маалымат. Жакында өзү менен жолугуп, маектешүүгө бел байлап турабыз. Саяна кызыбызга мамлекет тарабынан колдоо болсо, кыргыздын атын чыгарчу кыз экени белгилүү болду. Саянанын ийгиликтери али алдыда деп ойлойбуз. Спортсмен кызыбызга ийгилик каалайбыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.