Атамбаев Сегизбаевге «генерал-майор» наамын ыйгарды

Атамбаев Сегизбаевге «генерал-майор» наамын ыйгарды

Бүгүн, 28-октябрда, ажо Алмазбек Атамбаев УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевге “Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине олуттуу салым кошкондугу үчүн» «генерал-майор» аскердик наамын ыйгарды.

Бүгүн УКМКнын жетекчисине сыйлык берип сүйүнтсө, кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматкерлерине үй берип жыргаткан. “Көк-Жар” конушунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөн “өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук сактоого салым кошуп бергендиги үчүн” деп сүйлөп, аларды куттуктап, үй берип кеткен. Быйыл жыл башынан бери, ушуну менен чекисттерге үчүнчү жолу кызматтык батирлер тапшырылды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.