Милицияны өлтүргөн кылмышкер кармалды (Видео)

Милицияны өлтүргөн кылмышкер кармалды (Видео)

Бул тууралуу бүгүн Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, шектүү делип кармалган кылмышкердин аты-жөнү — С.Б. Ал 1991-жылы Таласта төрөлгөн. Азыр Бишкекте жашайт, жумушсуз. Ал түнкүсүн чыгып, ар кимди тонойт, уурулук кылат. Компьютер клубуна бат-бат баш багып турат. Шектелген кылмышкердин айтымында, ошол күнү (26-октябрда) ага белгисиз бирөө жанына келип, “Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?” деп сурап, күбөлүгүн көрсөткөн. Кылмышкер жинденип, бычагын алып чыгып, сайып жиберип, качып кеткен. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмыш иши козголду. (Видео)

Эскерте кетсек

26-октябрда, Биринчи май РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты Майрамбеков Уларбек Бишкекте кылмышкердин колунан каза тапкан. 25 жаштагы милициянын кызматкери акыркы сапарга кечээ 27-октябрда узатылып, сөөгү Жалал-Абад облусунун Масы айылына коюлду.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.