Астана чек арадагы жагдай боюнча Бишкектин өзүн күнөөлөдү

Астана чек арадагы жагдай боюнча Бишкектин өзүн күнөөлөдү

Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амрин Астана Кыргызстанга чек арадагы жагдайды жөнгө салуу үчүн бир нече сунуш жолдогонун, бирок реакция жасалбай жатканын маалымдады.

“Биз кыргыз тарапка чек арага келип, биз менен чогуу турууну сунуштадык. Бизге да алардын чек арасына барып турууга уруксат берүүнү сурадык. Бирок оң жооп алган жокпуз”, — деди Госман Амрин.

Комитет өкүлү тараптар өткөн аптада чек арадагы маселелер боюнча маалымат алмашууга макулдашканын билдирди. “Бири-бирибизге кандай товар, кандай баа менен Кыргызстанга, Казакстанга келери жөнүндө маалымат берели дегенбиз. Биз бул келишимди орундатып, өткөн аптада расмий түрдө бардык маалыматтарды жибердик. Алардан жооп алган жокпуз, күтүп жатабыз. Бул чаралардын баары чек ара маселесин жөнгө салуу боюнча жол картасына киргизилген. Жол картасына азырынча кол коюлган жок, али эч ким келбеди”,- деди ал.

Госман бажы, салык, фитосанитардык жана транспорттук мыйзамдарды бузуу менен товарларды киргизүү чек арадагы көйгөйдүн жаралышына себеп болду деп эсептейт. Ал кемчиликтерди казак тарап эмес, Евразиялык экономикалык комиссиянын атайын адистери тастыктап жатканын кошумчалады.

Казак аткаминери эгер тиешелүү маалыматтар келбесе, көзөмөлдү күчөтүү уланарын эскертти. “Эгер алар өздөрүндө эмне болуп жатканын түшүнбөй туруп эле баш тартышса, маалымат беришпесе, биз менен иштешпесе, мыйзамдарды бузуу менен товарлардын өтүүсүнө жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтүүгө аргасыз болобуз ”- деди Амрин.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.