Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Элечек тердетпейт, ыңгайсыздык жаратпайт”

Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Элечек тердетпейт, ыңгайсыздык жаратпайт”

Айчүрөк Борукеева белгилүү журналист. Кезинде КТРдин “Ала Тоо” программасын алып барчу. Көгүлтүр экрандан турмушка чыкканы көрүнбөй кеткен. Эки уул, бир кыздын энесин буйруса жакында кайрадан көгүлтүр экрандан, болгондо да элечек менен көрөт экенбиз. Дегеним, Айчүрөк жакында бир долбоорун телевидениеге чыгарат. Ага чейин азыр “Элечек жумалыгы” долбооруна катышып жатат. Бул долбоор эртең жыйынтыкталат. Айчүрөк бүгүн 6-күн элечекти кийди. Анда эмесе, Айчүрөк айымга сөз кезегин берели!

— Айчүрөк, элечекти биринчи жолу кийип жатасың да: ыңгайсыздык жаратпайт бекен?

— Эч кандай ыңгайсыздык жаралган жок. Элечекти алгачкы жолу кийдим. Элечегиме болгон сүйүүм пайда болду: кастарлап, чечкенде да кутуга салып, бийик жерге коюп жатам.

— Элечектин размери башыңа туура келдиби же оңдоп алдыңбы?

— Элечегим чак келди, башыма салганда эле тыпыйып, сонун олтурду. Себеби, үч жума мурун «Оймок Арт» студиясынын алтын колдуу чеберлери башымдын өлчөмүн ченеп алышкан. Алар ороп, даярдап беришти да.

Оорбу? Канча кат оролот экен?

— Жеңил эле. Жеңилирээк болсун деп 14 метрден оролгон экен. А эрежеси боюнча, 30 метрден кем оролбойт тура.

Тердетет бекен?

-Тердеткен жок. Себеби, табигый таза кездемеден оролгон экен.

— Элечекти долбоор бүткөндөн кийин таштап коесуңбу же түбөлүккө кийесиңби?

— Буйруса, артка бууй салынган жоолугум менен кошо эми элечекти байма-бай кийем деп турам. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү эфирге кийип чыгайын деген тилегим бар. Эфирге алып чыкчу эки долбоорум, телепрограммам бар. Ошол жакында ишке ашканы турат. Аны мен 2013-жылы эле патенттеп, даярдап койгом.

Дүкөнгө үйдөгү кийим менен барып келип жатасыңбы?

— Бир да жолу сыртка элечексиз чыккан жокмун. Дүкөнгө, базарга чыгышым керек болгондо да, өзүмдүн белдемчилерим бар, аны тагынып алып, башыма элечекти кийип, барып келе коюп жаттым.

 

— Көчөгө, базарга чыкканда карагандар болдубу? Дегеле элдин кабыл алуусу кандай экен?

-(Күлүп) караганды айтасың да, тааныган, тааныбаганы деле суктанып карап, амандашып, урмат-сый менен мамиле кылышканына көңүлүм жылыды. Унаалар да токтоп жол бошотуп, өспүрүмдөр салам айтып дегендей.

— А өзүңдүн балдарың кандай кабыл алышты?

— Балдарым кубануу менен кабыл алышты. Жолдошум Камчы, кызым Жамбы экөө элечекти алууга Айжан Акылбекованын студиясына мени коштоп барышты. Элечекке кызыккан дилгир кызыма да Айжан эжекеси элечек кийгизип, эзиле сүйлөштү. «Келечекте элечек кийер күн буюрсун!» деп кызымдын көңүлүн көтөрдү.

— Сага, үй-бүлөңө элечек да, долбоор да жаккан турбайбы?

— Ооба, аябай жакты. Мындай мыкты долбоорду ойлоп тапкан Айжан Акылбекова мекенчил кыз экен. Бул долбоорго 22 аялзаты катышып жатабыз. Долбоордун максаты: элечекти дайыма кийим жүрүүгө, коомчулуктун кызыгуусун жаратуу гана эмес, күнүмдүк жашоодо, баардык жерге кийиле бергендей образдарды изденүү. Ар бир аялзаты өзүнүн жашоо образына карап, гардеробунан ылайыктап, жарашыгын таап, кынаптап кийе алуусун шарттоо. “Элечек менен кийе турган оймолуу, саймалуу кийимим жок” дебей, жарашыктуу, ылайыктуу көйнөк менен деле кийип кете берсе болот дегендей.

— Өзүңдө болгон кийимдериң менен кийип жатасыңбы же атайы элечекке ылайыктап көйнөк, белдемчи сатып алдыңбы?

— “Элечек жумалыгына” деп атайы жаңы көйнөк сатып алган жокмун. Гардеробумдагы кийимдеримди ылайыктап гана кийип жатам. Мисалы, мен кийген кийимдерим расмий шартта, майрам да да, күнүмдүк жашоодо да кие бере тургандай. Кыскасы, өзүмө карата болжолдоп алам. Биринчи жолу түнү менен олтуруп көйнөк тигип кийдим. Чоң апамдын көйнөктөрүн элестетип, ошондой кенен, ыңгайлуу кылып тиктим. Аракеттенсең эле тигет экенсиң. Тиге турган машинам бар дегендей. Илгери чоң апаларыбыз кол машинага жеткенче, колго көйнөк эмес, керек болсо үй көтөрүшкөн да. Көйнөк тигүүгө бир түнүмдү арнасам, кемсели менен белдемчи тигүүгө эки күнүмдү арнап тиктим. (Күлүп) Белдемчиден башканы тиккенди билбейт элем, чынында. Бала кезимден сүйүп кийген кийимим: белдемчи. Дайыма кийем. Көчөгө да көйкөлтүп, юбкадай кылып тигип алып кийип кете берем. Үйдө кышкы, жайкы белдемчилерим бар. Кооздугу жок, бирок, өтө ыңгайлуу делген күнүмдүк шартка ылайыкталган. «Төрөгөндөн кийин, сенин ичиң чыккан жок, толгон жоксуң. Эмнеге?» деп курбу кыздарым сурай беришет. Кыскасы, сырдын баары белдемчиде.

— Белдемчи тиккенди чоң апаңдан үйрөнсөң керек?

— Ооба. Бир жолу чоң апам үйгө келгенде: «Сизге белдемчиден сарпая кийгизейин, бирок, өзүм тигип берем. Сиз мага көргөзүп, айтып гана бериңиз» деп тигип, жакшылап үйрөнүп алгам. Үйрөнүп да, чоң апама белек да кылдым.

— Чоң энең элечек кийчү беле?

— Ооба, кийчү. Эми ал кезде элечек такыр башка эмес беле. Чоң апаларыбыз картондон эле жасалган элечекти кийип калышпадыбы. Азыр чоң апам 85 жашта. Чоң энеме ушундай элечек тигип, белек кылсам деген аруу тилегим бар. Андай күн деле алыс эместир.

— Студенттер менен жолугушупсуң. Алар атайы чакырдыбы же бардыңбы?

—  И.Арабаев атындагы КМПнун студенттеринин атайын чакыруусу менен бардым. Алар менен баарлашууда, Э.Турсунова аттуу ага окутуучу баш болгон студенттер ушунчалык кызыгуу, тамшануу менен гана карабастан, изги тилектерин дагы улуттук баалуулуктарыбыз менен байланыштыра алышты деген ниетте калдым. Баарлашуу этнопедагогика сабагынан «Элечек» жөнүндө болду. Айтор, кепке тойбой калдык, бирок, ага карабай алдыга максаттарды койдук. Тагырагы, жаштар жолугууну улантып турууга дилгирленип калышты.

— Жаштардын арасынан эмне кызыкты байкадың?

— Студенттердин арасында отурган мен курактуу аялзатын байкадым. Анын көздөрүндө терең бир ой камтылган. Ойлору көп нерсени чабыттап жүргөнүн сезип турдум. Өзүм эле ичимден: “балким түйшүктөнбү?” деп божомолдоп койдум. Жакын барып тааныштым, аты – Бусавра. Студентка экен. Кызы менен чогуу бир группада окуп жатыптыр. Өзбекстандагы Ташкент облусунун “Кыргыз” деген айылынан келген кыргыз боордошубуз экен. Кызынын ден соолугунун начардыгынан улам, ЖОЖго кошо тапшырып, чогуу окуп жаткан кези экен. Мына эне деген. Кызына энелик мээримден өткөн нерсе барбы? Мындай мээримдүү мамилеси менен ал бардык энелерге үлгү болду деп ойлойм. Кызы Мафтунадан сырткары, дагы чиедей 5 баласын кошо ала келип, ижарага үй алып, жашап жатышыптыр. Анын аянычтуу тагдырын уккандан кийин, аны сыга кучактадым, башымды ийдим. Буркурап ыйлагым келип, өзүмдү араң кармадым.

— Студенттерге барганда сүрдөдүңбү?

— Жаштар деген жаштар да. Алар: “Элечекти кимдер кийет?”, “Статуска жараша кандай айырмаланат?”, “Оор, жеңили, турмушта колдонулушу” ж.б.у.с. бир топ суроолор беришти. Албетте, эң башкысы — Элечектин тарыхын сурашты. Элечектин тарыхы терең, мааниси күчтүү, пайдасы зор, турмуштагы орду чоң. Студенттерге бара жатып, этектен түшкөн алдейдин орогучунан, кепинде оролуп жаткан адамга, аза күтүп, кара кийинип отурган келинге чейин ойлоп жибердим. Кыргыздын акылмандыгын ушундан көрсө болот, апаларыбыз азалуу аялзатына кара элечек кийгизип, бир жак ээгин саал бошотуп коюшчу тура. Ошондон улам, ага аяр мамиле кылышчу турбайбы. Эми жанагы «Ээк бүтөмөй» деген салтты караңыз. Азалуу аялзаттын карасын чечип, кайрадан жакшы, көрктүү кийим кийгизишет эмеспи. Элечектеги ээктеги бошогон жерин кайрадан тартып, «Жээк бүтөлөт» тура. Каадалуу, барктуу элечегибиз кыргызымдын ар бир аялзатына буйрусун. Элечек кийгизип, бизди бир топ ойго салган “Элечек жумалыгы» долбоору ушул бойдон токтобой, улансын. Бул долбоордун авторуна, дизайнер, чебер, уздарга ыраазычылык билдирип, алдыдагы иштеринде ийгилик каалайм.

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.