Оппозициянын күчүн жоготуу «операциясы» жүрүүдө

Оппозициянын күчүн жоготуу «операциясы» жүрүүдө

Ушундай аталышта биздин редакцияга кат келип түштү. Эч нерсесин өзгөртпөй, автордун өзүнүн стилин бердик. Анткени, ар бир окурмандын ою биз үчүн маанилүү. Автор кечээ, бүгүн, эртеңки саясатты жазган. 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке өткөрүү чечими эки инстанциядан кабыл алынды. Эми Жогорку Сот акыркы чечимди чыгарса, өлкөдөгү үлкөн саясатчылардын бири сынат.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовго да карата кылмыш ишин бир жактуу жыйынтык чыгаруу аракети көрүлүп жатканы байкалууда. Президенттик шайлоонун алдында «Кыргызстан» партиясынын депутаты Канат Исаев кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши да бир тараптуу чечилип калуусу мүмкүн.

Кечээ, депутат Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду өз үйүндө өлтүрүп кетишти. Милиция бул кылмышты саясатка аралаштырбоого аракет көргөнү менен «Ата Мекен» партиясы бул кылмышты «Салянованын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешеси бар» деп эсептээрин айтышты.

Бүгүн, Текебаевдин жактоочусу Канат Хасановдун үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, Текебаевдин ишине байланыштуу документтерди уурдап кетишкени маалым болду. Мындан улам кечээги Саляновдун өлүмү менен Хасановдун үйүнө кирген уурулукту бири-бирине түздөн-түз байланышы бар экендигин айткандар көп. Айрым саясатчылардын баамында бул эки иш «Атамекенчилерди» коркутуп коюу аракети.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрь күнү ант берип, ишине толугу менен кирише тургандыгы маалым болду. Демек, акыркы окуяларды эске ала турган болсок, бийликтин оппозицияны алсыздатуу аракети көрүлүп жаткансыйт. Эгерде, парламенттеги күчтүү оппозиция ичинен тарап, биримдик жоголо турган болсо, анда бийликтин өз ишин аткарууга толук мүмкүндүк түзүлөт. «Өнүгүү-Прогресс» менен «Республика-Ата-Журт» фракцияларынын ичиндеги ынтымактын жоголуп баратканын эске алсак, кыштын ызгаары кетээри менен Жогорку Кеңеш тарап кетүүсү мүмкүн. Андай болгон учурда «Ата Мекен» менен РАЖ бийликке келбейт. Алардын ордуна расмий эмес маалыматтарда Икрамжан Илмияновго таандык болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясы бийликке келиши мүмкүн. КСДП менен «Мекеним Кыргызстан» партиялары көп мандат менен ЖКга келе турган болсо, көпчүлүк коалицияны эки партия гана түзүп калышы мүмкүн.

Ал эми оппозицияга болжолдуу түрдө «Бир Бол» менен «Кыргызстан» партиялары сүйлөшүү жолу менен келиши мүмкүн. А балким, дагы башка партиялар менен сүйлөшүүлөр болуусу ыктымал.

Азыркы учурда официалдуу түрдө оппозиция аталган бул фракцияларды ичтен ыдыратуу «операциясы» жүрүп жатат. Демек, жаңы президент ишке киришкенден кийин көп өтпөй парламент тарайт деген кептер чындыкка жакын шекилдүү. Анткени, көпчүлүк коалиция парламентти таратуу маселесин койсо, оппозиция ага каршы тура албаса, анда ЖКны таратуу маселеси бат эле чечилиши мүмкүн”.

Аманбек ТУРДУБЕКОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.