Канкорлордун колунан каза болгон Улан Саляновдун сөөгү бүгүн жерге берилет

Канкорлордун колунан каза болгон Улан Саляновдун сөөгү бүгүн жерге берилет

Бүгүн, 8-ноябрда, саат 11:00до маркум Улан Салянов менен коштошуу зыйнаты болуп, Ысык-Ата районундагы Биринчи Май айылында жерге сөөгү берилет. Маркум 42 жашта гана болчу. Артында эки баласы калды.

Эскерте кетсек

6-ноябрга караган түнү, болжол менен саат 02:30 “Көк Жар” конушунун Достоевский көчөсүндө жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткап кийген белгисиз адамдар куралчан кирип, кол салган. Канкорлордун колунан оор жаракат алган Улан ооруканага жеткирилип, көз жумган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.

Канкорлордун колунан каза тапкан Улан Саляновдун ата-энесине, бир тууган эжеси депутат Аида Саляновага, жубайына, балдарына “Алакан” сайтынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.