АТАМБАЕВ: “Президенттик кызматка “шестёркасын” отургузгусу келгендер кечирим сурашы керек!”

АТАМБАЕВ: “Президенттик кызматка “шестёркасын” отургузгусу келгендер кечирим сурашы керек!”

“Кечээ Атамбаевдин айткандарым укпай калдым, көрбөй калдым” деп кейигендер үчүн президенттин сүйлөгөн сөзүн толугу менен берип турубуз. Кечээ, 15-ноябрда, «Ала-Арча»  мамлекеттик резиденциясында  КРнын  туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин VI жыйыны болуп өттү. Жыйынды мамлекет башчысы өзү алып барды. Башын, албетте, өзү баштап берди. Баягыдай эле бирде ачууланып, бирде күлүп, туталанган “сонун” сөздөрү оозунан чыгып кетип жатты. Сиз дагы өзүңүздү кармап окуңуз, бирде күлүп, бирде ачууланбай…

 “Алдыңарда бийликтеги президент жана жаңы шайланган президент отурат”

Урматтуу Улуттук кеңештин мүчөлөрү!

Бүгүн өзгөчө күн. Бийликтеги Президент менен бир катарда жаңы шайланган Президент олтурат. Мындай саамалык  жакшы салтка айланышын каалар элем.  Алты жылдан кийин Сооронбай Шарипович кудум азыркыдай  болуп, өз укуктарын өткөрүп берип, жаңы Президентке  билгендерин үйрөтүп, көмөктөшсө жакшы болоор эле.

Бүгүн биз  Кыргыз Республикасын 2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулоо үчүн чогулдук.

Жаңы документ  мындан беш жыл мурда дал ушул залда биз бекиткен 2017-жылга чейин  туруктуу өнүктүрүүнүн  Улуттук стратегиясынын логикалык уландысы болуп калат.

Президенттик шайлоодон кийин Таласта гана бир митинг уюштурулду

Урматтуу кеңешменин катышуучулары!

2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын кабыл алганыбыз өзүн толук актады деп белгилегем. Өлкөбүз, бийликтин бардык органдары, коомубуз кадамыбызды жана иш планыбызды салыштырган документке ээ болгон.

Өлкөбүз үчүн татаал ошол мезгилде биз Улуттук кеңеш түзүп, бардыгыбыз биргелешип өлкөнү өнүктүрүүнүн эң олуттуу жана курч маселелерин талкуулаганбыз.

Кеңеште туруктуу өнүктүрүүнүн колдонуудагы Улуттук стратегиясы кабыл алынган. Аны ишке ашыруу бизге негизги максатка  – туруктуулукка жетишүүгө жол ачты. Анткени биз жалпы улуттук идеянын жана долбоорлордун айланасында жалпы коомчулуктун башын бириктире алдык.

Биз ушул документтин аркасы менен, Кыргызстан жарандарынын эмгегинин аркасы менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн жолуна алып чыга алдык.

Эсиңиздерде бар чыгаар, ал жерде бардык тармактар маалымат берчү. Көпчүлүк ал жерде  жалаң экономика эмес, мисалы, таза шайлоолор, сот реформасы, кылмыш укуктарын реформалоо, маданият, тил, дин саясаты маселелери каралганына таң калышкан. Мындай документ керек экендигин мезгил өзү далилдеди. Мамлекеттин бардык  чөйрөсүн камтыган  кеңири документ.

Биз акырындык менен Кыргызстанда демократияны чыңдоо үчүн шарттарды түзө баштаганбыз. Кыргызстанда референдумду өткөрүүгө каршы кандай ызы-чуу болгондугун эске сала кетейин. Биринчи кезекте демократияны коргоочу  кебетеленгендер катуу чуу көтөрүшкөн. Бирок  дал ошол өткөн жылдагы  референдум Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүнүн бир этабы болуп калды.

Ошол стратегияда белгиленген ачык шайлоолор элдин бийликке ишенимин кайтарууга мүмкүнчүлүк түздү. Акыркы шайлоолордун бардыгы ар кандай митингсиз өтүп жатат. Президенттик шайлоодон кийин Таласта гана бир митинг уюштурулду. Мен кече көрдүм, алар азыр чыгып, акча төлөбөй койду деп айтып жатышат. Ошол митингдердин уюштуруучуларына кудай өзү калыс болсун. Бирок мен ойлойм, ар бир добуш  калыс саналып жатканынан эч ким шек санабайт. Эми биз келечекте  жарандар өз добушун сатпашына жетишишибиз керек. Аны үчүн  адамдардын аң-сезимин ойготуп, элдин жашоосун жакшыртууга тийишпиз. Өнүктүрүү программасынын аркасы менен көп улуттуу Кыргызстан элинин башын бириктирүүгө  реалдуу көмөктөшкөн документтер кабыл алынганын эске сала кетейин. Тактап айтканда, дин, тил жана этностук саясат боюнча документтер.

Кылмышкерге кайсынысы жеңил, акча төлөп кутулуубу же 25 жыл кесилүүбү?”

Сот системасын реформалоо боюнча даярдыктын чоң бөлүгү ишке ашырылды. 5 жылдын аралыгында сотторду каржылоо 5 эсеге көбөйтүлдү.  Бул дүйнөнүн башка бир дагы өлкөсүндө жок. Эмне үчүн реформа  толук кандуу иштей албады? Анткени  2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирчү он чоң кодекс кабыл алынган.

Бул Кодекстер күчүнө киргенден кийин  бардык деңгээлдеги соттордун иши жакшы жагына кескин өзгөргөндүгүн таасын көрөбүз. Анткени  мыйзамдардын өздөрүндө коррупциянын  кулагы чыгып турган. Айып акы төлөсө дагы болот, сотто 25 жыл кесилсе дагы болот  эле. Судьялар канчалык чоң  тандоого ээ болгондугун өзүңүздөр түшүнүп турасыздар. Кылмышкерге кайсынысы жеңил, акча төлөп кутулуубу же 25 жыл кесилүүбү?

“Бизге согуш ачабыз деп коркуткан учурларда мен далай түнөрдү уйкусуз өткөрдүм”

2013-2017-жылдарга стратегиянын  аркасы менен биз армияда  күчтүү реформа өткөрдүк. Азыр биздин колубуз бар. Алты жыл мурда  бизде армиябыз жок эле, чек арабызда көйгөйлөр чыгып, бизге согуш ачабыз деп коркуткан учурларда мен далай түнөрдү уйкусуз өткөрдүм. Президент катары азыр мен бизде эми армиябыз бар, жарандарыбыздын тынч турмушуна тоскоол кылам дегендерге  жооп бергидей армиябыз бар деп айта  алам.

Коррупцияга каршы күрөштө кандай милдеттер тагылгандыгын сиздер билесиздер. Кыргызстанда, региондогу башка өлкөлөрдөн айырмаланып, кол тийгис адамдар  жок. Кандай кызматта турбасын, кимдин туугандары болбосун – мыйзам алдында жооп берет. Мен дагы кайсы бир мыйзамды бузсам жооп берүүгө даярмын. Мен Кыргызстанда жашайм, мен мыйзамды урматтаган жаранмын.

Биз ЕАЭБдин курамынан чыгалы деген жокпуз, чыкпайбыз дагы

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Кыргызстан  кыйрайт деп алдын ала айткандар эсиңиздерде  бар чыгаар.  Бирок биз бардыгына чыдадык, акыркы финансылык кризис нефти менен газы бар башка өлкөлөргө кыйла катуу таасир тийгизди. Биз улуттук валютанын туруктуулугун сактап калдык, ал башка коңшулаш өлкөлөргө караганда бир аз гана төмөндөдү.  Биз ИДПнын кескин  төмөндөшүнө жол берген жокпуз.

Бизнестин өнүгүшүнө чоң рынок керек. Биз  зор үмүт менен ЕАЭБге кошулдук.

Тилекке каршы, бүгүн көпчүлүк россиялык жана казак басма сөздөрүндө Кыргызстан, Атамбаев  ЕАЭБден чыккысы келип жатат деп жазышууда.

Бул болбогон кеп! Биз ЕАЭБдин курамынан чыгалы деген жокпуз, чыкпайбыз дагы.

Чындыгында  иш жагдайы мындай, Кыргызстан бир айдан ашуун Казакстандын жетекчилигин кежирлиги менен ЕАЭБдин калган өлкөлөрүнөн кесилип  турат. Муну акылынан адашкандар жана көргүсү келбегендер, буйрутма боюнча макала жазгандар  гана көрбөй турат.

Болгондо дагы Президент Атамбаев Казакстандын жетекчилеринен Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана мыйзамдарын урматтоону талап кылгандыгы үчүн Кыргызстанга блокада уюштурулду. Бизге өз тартибиңерди таңуулабагыла, өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпегиле!

Тилекке каршы, ЕАЭБдин келечеги туурасында кеп кылганда  азырынча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык мамилелер кабыл алынган макулдашуулар жана келишимдер менен жөнгө салынбастан, айрым өлкөлөрдүн жетекчилеринин  кежирлиги менен жөнгө салынса, ЕАЭБ цивилизациялуу экономикалык бирлик боло албайт.

Түзүлгөн кырдаалга карата ЕАЭБ өлкөлөрүнүн  жетекчилеринин кош көңүлдүгү жана Тигран Саркисян баш болгон  Евразиялык Экономикалык  Комиссиянын толук аракетсиздиги  жана кош көңүлдүгү муну ырастап турат.

Ачуу чындык  дал ушундай, фактылар ушундай.

Ооба, Өкмөтүбүздүн болжолу боюнча Кыргызстан блокаданын кесепетинен ИДПнын 0,3 % жоготот.  Иш жүзүндө Казакстандын жетекчилигинин аракеттери  жана ЕЭКтин аракетсиздиги  дүйнөлүк коомчулуктун  жана регион боюнча коңшулаш өлкөлөрдүн көз алдында  ЕАЭБдин  кадыр-баркына жана беделине   орду толгус чыгым келтирди. Эми мындай бир дагы келишим, бир дагы макулдашуу иштебеген  кагаз жүзүндөгү гана экономикалык бирликке кимдин киргиси келсин.

“Карыган президентинин кежирлиги менен газды өчүрүп салышкан”

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Эсимде, 2014-жылдын жазында  мына ушундай эле, бирок башка коңшулаш өлкөнүн карыган президентинин  кежирлиги  менен  Кыргызстандын түштүк облустарына газды өчүрүп салышкан.

Миллионго жакын кыргызстандыктар ошондо газы, жадагалса свети дагы жок калышкан. Анткени  шаарлардын бардык жашоочулары газдын ордуна электрге өтүшкөндүктөн, чубалма линиялар мындай оорчулукту көтөрө албай калган. Мындай абал 2015-жылдын январына чейин, дээрлик 9 айга созулган. Ошол жылы күз суук болуп, кыш дагы эрте түштү.

Ошол кезде Оштун жана өлкөнүн башка шаарларынын жашоочулары менен жолугушуу өткөргөнүм али эсимде.

Карапайым жарандар кыргызстандыктар, өзбектер жана орустар, татарлар жана кыргыздар мага минтип айтып жатышты: “Биз чыдайбыз. Бизге өлкөбүздүн көз карандысыздыгы артык”. Мен баарына ыраазымын. Аларга таазим этем! Бул нерсе дайыма менин жүрөгүмдө сакталат. Булар өлкөбүздүн чыныгы  мекенчилдери.

Биздин саясатчы сөрөйлөр, парламенттин депутаттары ызы-чуу кылып, Президент Атамбаев карыган диктаторго барып, тизе бүгүп, кечирим сурасын деп талап кылгандары дагы эсимде.

Мурда дал ушундай эле болчу. Акаев дагы, Бакиев дагы бай кошуналарга ийилип барып, жерлерибизди берип, өлкөнүн байлыктарын текейден арзан таратып, Кыргызстандын кызыкчылыктарын сатышкан.

“Мен эмнеге кечирим сурашым керек?”

Азыр дагы мен басма сөздөн, телеканалдардан саясатчыларыбыз да, саясатчы атууларыбыз да  чурулдап, парламенттин айрым депутаттары кытмырланып жаткандарын окуп, көрүп жатам.

Мен эмнеге кечирим сурашым керек?  Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпе дегеним үчүнбү? Казакстанда дагы өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбейт эмеспи, Кыргызстандын мыйзамдарын урматта дегеним үчүнбү?

Мындан ары эч ким бизге өз тартибин таңуулаганга укугу жок. Кандай жашайбыз, кайсы жол менен кетебиз, мамлекетибиздин башчылыгына кимди  тандап алабыз – өз ишибиз!

Кечиримди Атамбаев сурабашы керек, биздин ички иштерибизге кийлигишкен адамдар сурашы керек. Бизге өз тартибин таңуулагысы келгендер.  Эгемендүү Кыргызстанда Президенттик кызматка өз “шестеркасын” олтургузгусу келгендер сурашы керек.

Ооба, алардын “шестеркасы” олтурат.  Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин тактысына эмес, түрмөгө олтурат.

Энергоблокаданы баштан кечиргенбиз, дагы баштан кечиребиз!”

Урматтуу  мекендештер! Кыргызстандыктар!

Биз 2010-жылдагы адамдар каза болгон блокаданы баштан кечиргенбиз. Биз 2014-жылдагы энергоблокаданы баштан кечиргенбиз. Биз бул блокаданы дагы баштан кечиребиз! Кыргызстан мындай сыноолордон чыйралып, улам күчтөнүп, бекем боло берет!

Бардык Президенттер, бардык диктаторлор эртеби, кечпи кетишет. Кээде өз эрки менен, кээде элдин эрки менен, кээде жараткандын буйругу менен. Кыбыланы жазданса дагы, бирок кетишет. Эл болсо калат. Дайыма ушундай болуп келген, мындан ары дагы ушундай боло берет.

Элибизде: “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген лакап бар. Биз коңшулар, коңшу  мамлекеттер тынчтыкта жана ынтымакта  жашашыбыз керек. Бири-бирибизди урматташыбыз керек. Тең ата мамиле жасашыбыз керек. Эгерде сен кошунаңдын үйүн өрттөсөң, шамал башка тарапка үйлөп, жалын өз үйүңдү жалмап коюшу мүмкүн экендигин эстен чыгарбаш керек. Коңшуну сыйлаш керек, коңшу менен достошуш керек. Жаман айтпай, жакшы жок. Мына ушундай блокададан улам өзүбүздүн  чабал жерлерибизди билип алдык. Энергоблокаданын аркасы менен биз энергетикалык көз карандысыздыкка  жетиштик. Азыр биз  энергетика, жолдор сыяктуу инфраструктуралык долбоорлор  Кыргызстанга абдан  керек экендигин көрүп турабыз.

Парламентте чуу көтөргөндөрдү укпай, кредит алыш керек!”

Ал эми парламенттин кайсы бир Зиядин Жамалидинов сыяктуу депутаты жолдорго, энергетикага кредиттерди алуунун  кандай кереги бар деп кыйкырганы – бул Кыргызстандын душманы.  Депутаттар, сиздер үчүн айтып жатам. Эгерде ошол кезде парламентте азыраак кыйкырсаңыздар, Өкмөт  кредиттерди алып, альтернативалуу жолдорду куруп коймок. Альтернативалуу рынок болмок. Анткени  темир жолго, альтернативалуу маршрутка Кытай макул. Парламентте чуу көтөргөндөрдү укпай, кредит алыш керек. Эгерде  парламент мындан ары дагы өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болсо, анда мындай парламенттин  бизге кереги жок.

Жолдош депутаттар, келгиле, өзүбүз жөнүндө, популизм жөнүндө ойлобойлу, өлкөбүз жөнүндө ойлойлу.

Албетте, альтернативалуу жолдор курулуп жатат, эч кандай чочулабай эле кредит алып, биз талашып, жактап чыккан маршрут боюнча темир жол салгыла. Анткени биз бир эле мезгилде темир жол аркылуу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктиребиз.

Болгондо дагы Кытай тарап темир жолдун биздин маршрутка макул. Албетте, темир жолдун курулушу бир нече жылды талап кылат, бирок Ташкент – Ош – Кашгар эл аралык автотрассасын ишке киргизүүнү кийинки жылдын акырына чейин ишке ашыруу зарыл.

Биздин айыл чарба азыктары Кытайга кереги жок дегендер караманча калп айтат. КЭР Төрагасы Си Цзинпинь мага бир нече ирет Кытай экологиялык жактан таза  шарттарда өстүрүлгөн азыктарга муктаж деп айткан. Кытайда  бардыгы семирткичтер менен өстүрүлөт, ал эми Кыргызстанда жер семирткич чыгаруучу бир дагы завод жок. Кытай менен иштеш керек, эгерде бизди ЕАЭБден кесишсе, башка рынокторду издеш керек.

Биз болжолдогон иштердин көпчүлүгүн аткара алган жокпуз, муну моюнга алыш керек. Негизгиси биз системаны жасадык, өз жолубузду таптык.

Кыргызстанды чайпалтуу жана  калыбынан чыгаруу абдан кыйын.

Бүгүнкү стратегия – эксперттердин чоң тобунун эмгеги, көп иштер жасалды. Кыргызстандын  бардык мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынды, өлкөбүздүн келечегинин башкы багыты, башкы идеясы  Стратегияны тепчип өткөн  нерсе —  адам биздин негизги баалуулук, дал ошол адам өнүктүрүү стратегиясынын башкы максаты болууга тийиш.

Өнүктүрүүнүн бардык программалары, бардык улуттук долбоорлор башкы максатка —  адамдын өнүгүшүн, анын ийгиликтүү болушун, азыркы жана келечек дүйнөдө ыңгайлуу жана коопсуз жашашын камсыз кылууга  баш ийдирилүүгө тийиш.

Албетте, алыскы 2040-жыл тууралуу сөз кылуу кыйын, бирок Кыргызстан  бул чекке күчтүү, кубаттуу мамлекет катары чыгат деп ишенем. Адам жана анын жашоосу, ден соолугу, укуктары жана эркиндиги эң жогорку баалуулук катары каралган мамлекет болот деп ишенем.

Кыргызстан келечекте кыргыз жараны деген бирдиктүү улуттук руху, күчтүү экономикасы бар мамлекет жана бакубат турмушта жашаган эркин адамдардын өлкөсү болот.

Кыргызстан ишкерлер үчүн бейишке айланууга тийиш

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Өлкөнү өнүктүрүүнүн туура белгиленген максаттары  Кыргызстан  дүйнөлүк коомчулукта тынчтыктын жана коопсуздуктун ишенимдүү кепилдиги, улуттук кызыкчылыктарга  жооп берген тышкы байланыштар системасы менен өзүнүн татыктуу ордун табуусун камсыз кылууга жардамдашат.

Мындай ири жана масштабдуу милдеттерди чечүү  өлкөнүн  ар кандай мүмкүн болгон кырдаалдарда туруктуу өнүгүүсүн  камсыз кылган экономиканы башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүнү талап кылат.

Дагы бир ирет кайталап коеюн: Кыргызстан ишкерлер үчүн бейишке айланууга тийиш. Биз биринчи кезекте, мамлекеттик ишканаларга эмес,  адамдардын демилгесине таянууга  милдеттүүбүз. Ошондуктан  чакан, орто жана ири бизнестин тездетип өнүгүшүнө бөгөт болгон бардык тоскоолдуктарды алып салууга тийишпиз. Акырындык менен текшерүүчүлөрдүн санын кыскартуу зарыл. Биз буга чейин мүмкүн болгондордун баарын кыскарттык, бирок дагы кыскартыш керек.

Мына ушул иште “Таза коом” программасына таяныш керек, өлкөбүз таза, ачык болууга тийиш.

Мен көпчүлүк өткөн жылдын декабрь айында референдумду эмнеге өткөргөнүбүздү алигиче түшүнө элек деп ачык эле айтайын.

1-декабрдан тартып жалпы элдик референдумда кабыл алынган өлкөбүздүн Конституциясына киргизилген  бардык түзөтүүлөр күчүнө кирет. Бул түзөтүүлөр Өкмөттүн ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтет, ал эми Жогорку Кеңештин ролу мындан дагы маанилүү болот. Себеби Өкмөттүн курамы Парламентте  түзүлүп жатпайбы.

2040-жылга чейин  биз акырындык менен башкаруунун парламенттик формасына өтүүгө тийишпиз. Анткени дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, 53 өлкөнүн ичинен 51 өнүккөн өлкө башкаруунун парламенттик формасын колдонот.

2020-жылы жаңы  парламенттик шайлоолорго чейин биз шайлоо мыйзамдарын дагы бир жолу талдап чыгышыбыз зарыл.

“Жаңы парламентке байлар жана демагогдор келбеш керек!”

Жаңы парламентке  байлар жана демагогдор келбестен, өлкөбүз үчүн чындап күйгөн таза жана калыс адамдар келүүгө тийиш. Бизнес өз капчыгы үчүн камсанабашы керек, көпчүлүк  парламентке  менчикти кайра бөлүштүрүү болот деп чочулаган үчүн барышат. Алты  жылдын аралыгында  менчик кайра бөлүштүрүү болгон жок, мындан ары дагы болбойт. Ошондуктан мен  бизнесмендерге кааларым – өз ишиңер менен алектенген жакшы, ал эми  парламентке өз байлыгы, өз бизнеси үчүн эмес, өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн мыйзам жазууга  адамдар барышы керек.

Сөзүмдүн соңунда,  мунун баары жеңил келбегендигин, бул  жолубуз көп адамдардын өмүрүнүн баасы менен келгендигин айтып кетейин. Бүгүнкү биздин жолубуз  үчүн 2002-жылы Аксы окуяларында карапайым адамдар курман болгон, аны үчүн 2010-жылдын 7-апрелинде жарандарыбыз  курман болушкан!

Көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет куруу элибиздин кылымдар бою көксөгөн максаты болгон. Жараткан эгемендүү мамлекет курууга, эркин жана эр көкүрөк адамдардын өлкөсүн курууга бизге дагы бир ирет  мүмкүнчүлүк бергенче Улуу Кыргыз Каганатынан бери  миң жылдан ашуун мезгил өттү.  Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз. Биз ар бир жаран өлкөдө  өзүн  ыңгайлуу, коопсуз сезгидей болушу үчүн бардыгын жасаганга милдеттүүбүз. Бириксек, баардык милдет, максаттар ишке ашат, колдон келет!

Мына, ушундай окурман! Президенттин ушундай сөздөрүнөн кийин, чыны баары эле кубаттап, кошомат кылышты. Өзгөчө “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди тааныбай калдык. Ал ушундай комплимент айтты Атамбаевге. Таңгалычтуу. Президенттик шайлоонун алдында Бабановго кошулуп алып, “Бабанов президент – Төрөбаев премьер” болуп алышып, экөө тең башкача сүйлөгөн. Бири качып кетти, экинчиси болсо минтип  кошомат кылып отурат. Анын сөзүн да беребиз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.