Кыргызстанда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 16-ноябрда, эртең менен саат 07:42 чамасында республикабыздын аймагында, эпицентрде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу:  КРнын аймагында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан 43 чакырым түштүк-чыгышты, Кара-Коо айылынан 105 чакырым түштүк-батышты, Кажы-Сай шаарчасынан 36 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн координаттары:  түндүк тууралыгы 41° 36, чыгыш кеңдиги 77° 40´.

Жер титирөө: Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасында жана Бөкөнбаев айылында, Жети-Өгүз районунун Барскоон, Тосор жана Тамга айылдарында  – 3 балл.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.