Хиджабчан окуучулардын ата-энесине айып пул салынды

Хиджабчан окуучулардын ата-энесине айып пул салынды

Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке хиджаб кийген 13 окуучу кыздын ата-энеси айып пулга жыгылды. Бул тууралуу мектеп директору Жанар Мамырова билдирди. Анын айтымында, 372 окуучу кыздын ичинен 40тайы жоолугун чечкен эмес. 13 кыздын ата-энесине Түркстан облустук билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаменти протокол түзүп, беш минималдуу айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салды. Эгер ата-энелер айып пулду төлөбөсө, иш соттук тартипте чечилет. Мамырова эгер калган 26 кыз жоолугун чечпесе, аларга да протокол түзүлөрүн эскертти.

Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген көрүнүш былтыртан бери курч талкууланып келет. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган.

Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер «жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат» деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.