Келдибековдун баласынын өкүл атасы “Раим-миллион” болуп, Согдиана келди… (ВИДЕО)

Келдибековдун баласынын өкүл атасы “Раим-миллион” болуп, Согдиана келди… (ВИДЕО)

Төрт баланын атасы Ахматбек Келдибеков Бекболот аттуу уулун үйлөнтүп, аябай эле ачылып-чачылды. Үч күндөн бери той берүүдө. Ал 28-сентябрда, Бишкектеги “Ала Тоо” ресторанына өткөрүп, ага белгилүү саясатчылар барышты, белгилүү ырчылар ырдашты. Атактуу ырчы Согдиана (буга бир топ эле жашыл акча төлөндү да –авт.) келди. Үч күн мурун ал тойго барган адам социалдык тармакка мындай деп жазган: “Мурунку депутат Ахматбек Келдибеков уулун үйлөнтүп, “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартып” той берүүдө. Кудалары Алматынын таасирдүү уйгур кландарынын өкүлдөрү экен. Келдибеков уулу Бекболот менен келини Камилага өкүл ата кылып, экс-бажы башчы Раим Матраимовду дайындаган. Бул тууралуу ал тойдо өзү салтанаттуу түрдө жарыялады. Раим Матраимов той ээсине, жаштарга куттуктоо сөзүн айтып, ийгиликтерди тиледи. Тойдогу кадырлуу меймандардын катарында Үсөн аке Сыдыков, Нариман Түлеев, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Медеткан Шеримкулов, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Мейраждин Зулпуев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Руслан Казакбаев жана башкалар олтурушат”.

Ал эми “Турмуш” сайты алакандай кабар жазып, беш секунддук ВИДЕОну жайгаштырган. Ошол тойду көрүп коюңуздар!

Ким кимдин өкүл баласы?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.