Коңшу өлкөлөр Ирактагы жарандарын алып келди. А кыргызстандык балдар качан алынып келинет?

Коңшу өлкөлөр Ирактагы жарандарын алып келди. А кыргызстандык балдар качан алынып келинет?

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмд Ирактагы кыргызстандык балдарды алып келүү маселесин талкуулашты. Жольмд өзү жетектеген уюм балдарды Ирактан кайра алып келүүнү уюштуруу иштерин колдоого даяр экенин айтып, бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө зарылдыгын жана алып келинген балдарды коомго аралаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Буга чейин ТИМ Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын, ал жактагы жарандардын санын тактоо иштери жүрүп жатканын айткан.

УКМК: “Сирияга 800дөй кыргыз кеткен”

УКМКнын маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. Террордук топторго кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. Көбү 2013-2015-жылдардын аралыгында кетип калышкан.

Коңшу мамлекеттер Сириядан жарандарын алып келишкен

29-июлда, Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын мамлекеттик, бейөкмөт уюмдарынын адистери, эксперттер катышкан конференция өткөн. Анда алар Сириядан канча жаран кайрылып келгенин айтышкан. Алардын айтымында, Казакстан жарандарын артка кайтаруу жаатында үч этаптагы операция аткарып, 524 кишини мекенине алып келген: анын 357си балдар, 137си аялдар. Өзбекстан май айынын соңунда 156 жаранын, негизинен аялдар менен балдарды алып келген. Тажикстан 84 баланы ата журтка кайтарган. А Кыргызстан болсо жаңы талкуулап отурат. Ал эми качан ишке ашат?

Орусия эмне дейт?

1-августта Орусиянын Коргоо министрлиги өз сайтында орус аскерлеринин Сириядагы аракеттерине арналган атайын бөлүм ачылганын билдирген. Москва мындай чечимин «Орусиянын эл аралык терроризмге каршы күрөшү жөнүндөгү жасалма маалыматтарга каршы чара» деп атады. Сирия жана орус өкмөттөрү өлкөдөгү Асаддын каршылаштарын көбүнчө «террорчулар» деп айтып келишет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.