Феликс Кулов менен Аскар Салымбеков ушак-айыңга жооп беришти

Феликс Кулов менен Аскар Салымбеков ушак-айыңга жооп беришти

Аскар САЛЫМБЕКОВ: «Атамбаевага 3,5 млн.долларга вилла сатып  берген эмесмин»

«Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбеков Раиса Атамбаевага 3,5 млн.долларга вилла сатып берген, Солтон-Сарыдагы кытай компаниясында үлүшү бар»,-деп айрым сайттар жазып чыккан. Мындай маалыматтар жалган экенин өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. «Урматтуу достор! Акыркы учурларда социалдык тармактарда, айрым сайттар мен тууралуу чындыктын үлүшү жок, ойдон чыгарылган маалыматтарды удургутуп жатканын окуп калдым. Биринчиси, менин Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы казып жаткан алтын кенинде үлүшүм бар имиш. Экинчиси, мен мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаевага 3,5 млн. долларга вилла сатып берген имишмин. Булардын баары карандай калп. 
Андыктан, фейк-ушактын да чеги болот. Эгер, ушул эки факты боюнча иликтеп, таап чыгышса-ошол акциялар менен вилланы тапкандарга энчилеп берейин«,-дейт Аскар мырза.

Феликс КУЛОВ: «Жалган маалымат тарап, ар-намысыма шек келүүдө»

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов жалган маалымат тараткан ММКларды сотко берүүгө аргасыз болуп жатканын “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, айрым журналисттер ал жөнүндө жалган маалымат таратып, ар намысына шек келтирген. “Мен буга чейин эч качан журналисттер менен соттошкон эмесмин. Бирок, бу жолу сотко кайрылууга туура келүүдө. Эгер жалган маалыматты төгүндөбөсө”,-деп айткан аталган радиого.

Эскерте кетсек, 19-августта Бермет Акаева Бишкекке келген. Айрым ММКлар ал атасын Кыргызстанга алып келүү боюнча Феликс Кулов менен жолугуп,  сүйлөшкөнү боюнча жазып чыгышкан. Дал ушул маалыматты жалган деп жатат  Ф.Кулов.

Бүгүн (23-августта) Башкы прокуратура Акаевдерге козголгон кылмыш иштерин эске салып, Аскар Акаев Кыргызстанга келсе суракка алынаарын эскертти.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.