Асия САСЫКБАЕВА: «Текебаев, Чотоновдун ишин Акыйкатчы көрмөксөнгө салганына таңгалуудамын»

Асия САСЫКБАЕВА: «Текебаев, Чотоновдун ишин Акыйкатчы көрмөксөнгө салганына таңгалуудамын»

Бүгүн, 29-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы кайра каралууда.  Сот залына журналисттер киргизилген жок. Адвокаттар, ЖК депутаттары жана эки саясатчынын жакындары гана киргизилди. Сотко Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов да катышууда…

Дайыма сот залына кирип жүргөн мурдагы вице-спикер, коомдук ишмер Асия Сасыкбаева да кире алган жок. Ал журналисттердин жааган суроосуна жооп берди. Кыскасын айтканда, «Текебаев менен Чотонов акталат деген үмүт менен майрамдык маанайда турабыз. Колдоочулары дагы ошондой маанайда. Кары адамдар да келген, алар көлөкөдө отурушат. Текебаев менен Чотоновдун бул иште кымындай да күнөөсү жок, Алар бу иште ак. Аны баарыбыз эле билебиз»,- деди. Ошондой эле ал Акыйкатчы Токон Мамытовго капа болгонун айтты, «акыйкатчы бул иште саясий куугунтук экенин билет, эмнеге көрмөксөнгө салып жатат билбейм. Такыр үн каткан жок. Мындай иште Акыйкатчы жоопкерчиликтүү болушу керек болчу!»,-деди.

Эскерте кетсек, 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.