Алексей ЕЛИСЕЕВ: “Аида Салянова лицензияны узартууда мыйзам бузган эмес” (ВИДЕО)

Алексей ЕЛИСЕЕВ: “Аида Салянова лицензияны узартууда мыйзам бузган эмес” (ВИДЕО)

Бүгүн, 5-сентябрда, саат 16:00до Жогорку сотто мурдагы баш прокурор, мурдагы депутат, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отуруму болот. Сотто жаңы ачылган жагдайлар каралат.

Алексей Елисеев бүгүн “Азаттыкка” кенен маек бериптир. Анда ал лицензия берүүдөгү Аида Салянованын юстиция министри болуп тургандагы милдетин, мыйзамдуу жагын түшүндүрүп берген. Анын А.Салянова жөнүндө айтып бергени 10 мүнөттөн кийин башталат. Төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз, угуңуз!

Бүгүн Жогорку сот ушуну да эске алып, калыстык кылаар. Адамдын өзүнөн өч алуу эмес, мыйзамдуу жагын караш керек! Атамбаевдин убагында мыйзам жагы каралбай эле өч алуу жана соттор анын буйругун аткарып калганы ачуу чындык. Аида Салянова жалган жалаа менен, Атамбаевдин буйругу менен гана соттолгон. Ошол жалган жалаа экс-министрден алынып, акталат деп ойлойбуз!

Аида Салянова депутат болуп турганда мыкты мыйзам жазганы, ага андагы президент Атамбаев кол койбой койгону боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.