Куран китебин 150 миң долларга сатууга аракет кылган адам кармалды

Куран китебин 150 миң долларга сатууга аракет кылган адам кармалды

Кыргыз жаранына Курандын уникалдуу нускасын 150 миң долларга сатууга аракет жасаган киши кармалганы тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Алардын айтымында, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Фергана облустук башкармалыгынын кызматкерлери шектүү катары 49 жаштагы бухаралык Фаррух Шараповду кармаган. Ага китепти сатууга кокондук таанышы жардам берген. Куранды сатып алуу адам Кыргызстандан табылган, аны менен макулдашуу боюнча 150 миң долларды алгандан кийин, ал Куран китебин Кыргызстанга жеткирип бериши керек болгон. Анын мындай планы ишке ашпай калган. Учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Өзбекстан Маданият министрлигинин экспертизасына ылайык, Курандын тексттери XVI кылымда жазылган жана каллиграф Мулла Юсуф Саххоф тарабынан китеп формасына келтирилген. XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында Куран оңдоп-түзөөдөн өткөн. Дээрлик беш кылымдык тарыхы бар, барактары алтындын буусуна кармалган китеп-кол жазуу Самарканд каллиграфиясынын стилинде жазылган. Анын наркы 1,8 миллиард сум (150 миң доллар) турат. Тарыхый, илимий, көркөм баалуулугунан улам бул уникалдуу чыгарма Өзбекстандын аймагынан чыгарууга тыюу салынган китептердин катарына кирет. Тарыхый реликвия Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.