Исаков Атамбаевдей болуп сотко келүүдөн баш тартты эле, сот күч менен алынып келине турганын эскертти

Исаков Атамбаевдей болуп сотко келүүдөн баш тартты эле, сот күч менен алынып келине турганын эскертти

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек ЖЭБи боюнча сот иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланды. Түшкө чейинки отурумга экс-премьер-министр Сапар Исаков келген, түштөн кийин сотко келүүдөн баш тартты. Сот Сапар Исаков сот отурумуна келүүгө милдеттүү экенин баса белгилеп, эгер ал макул болбосо, аны күч менен сотко алынып келинээрин эскертти.

“Сапар Исаков “атасы” Алмазбек Атамбаевди туурап атабы?”,-дегендер да жок эмес. Анын баш тартуусун ар ким ар кандай кабыл алууда… Ушундай сөз болоорун билгенби, Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев алдын ала эле журналисттерге түшүндүрүп берген. “Сапар Исаков көрсөтмө бергенден качып келбей койгон жок, сот маанилүү күбөлөрдү укпай туруп, дароо өзүн суракка алганы жатканы үчүн баш тартты”, – деген З.Жоошев.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында (бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз) башталып, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылып, азыркыга чейин абакта. Атай кетсек, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын тергөө абагында. Булардын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.