Конституциялык палатасынын судьялары Атамбаевдин тарапташтарынын өтүнүчүн четке какты

Конституциялык палатасынын судьялары Атамбаевдин тарапташтарынын өтүнүчүн четке какты

Жогорку соттун Конституциялык палатасы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин арызын кечээ, 23-октябрда карай баштаган. Бүгүн, 24-октябрда уланып, арыз менен кайрылгандардын өтүнүчү четке кагылды. Тагырагы, судьялар (Эмил Өскөнбаев, Мээргүл Бобукеева, Чинара Айдарбекова, Мукамбет Касымалиев, Куанбек Киргизбаев, Эркинбек Мамыров, Айсалкын Нарынбекова, Чолпон Осмонова, Жедигер Саалаев) 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп таап, «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже Баш мыйзамга дал келбесин билдирди. Мындай чечимге Атамбаевдин тарапкерлери нааразы болду.

Эскерте кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш «КРнын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамынан ажыраткан.  Анда 103 депутат макулдугун берип, 5 депутат  (М.Мадеминов, А.Кодуранова, И.Карамушкина, К.Орозова, А.Артыков)  каршы добуш берген. Каршы чыккан депутаттар жана экс-депутат Н.Касымбеков, юрист Н.Токтакунов  Алмаз Атамбаевден экс-президент макамын алуу мыйзамсыз болгондугу жөнүндө айтып, өтүнүч арыз менен Конституциялык палатага кайрылган.  Ага чейин парламенттин мындай чечимин Атамбаев да туура эмес көрүп, Конституциялык палатага кайрылган. Анткени менен ал Конституциялык палата өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп  айтып, ага баруудан баш тарткан. Башаламандык так ушул нааразычылыктан башталган. 7-8-августта экс-президенттин Кой-Таш айылындагы хан сарайынан тергөөгө күч менен алып келүү аракети башталган. Анын жыйынтыгы өлүм менен коштолуп, УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери каза болгон. Бир канча адам жаракат алып жабыркаган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.