Канга колу булганган Бакиев менен Конгантиевдин атынан коюлган көчөлөр өзгөртүлдү…

Канга колу булганган Бакиев менен Конгантиевдин атынан коюлган көчөлөр өзгөртүлдү…

Бүгүн, 11-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине качкын президент Курманбек Бакиевдин ысымын берүү тууралуу токтом артка кайрылып, жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ал токтомго каршы чыгып,  жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарып, мыйзамсыз кадамдарга барганын, андай мамилелери үчүн аларга чара көрүлөрүн билдирген. Көчө башына орнотулган тактайча алынган.

Мыйзамсыз токтом чыгаргандар бүгүн суракка чакырылганы маалым болду.

Эске сала кетсек, 9-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылып, тактайча илингенин социалдык тармактын колдоочулары билдирип, катуу сынга алышкан.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Беш жыл үй-бүлөлүк башкарууну орноткону үчүн 2010-жылы 7-апрелинде революция болуп, ал өлкөдөн үй-бүлөсү, бир туугандары менен качып кеткен. Жөн кетпей  90го чукул бейкүнөө адамды аттырып, кан төгүп кеткен. Кандуу окуя боюнча сот болуп, Курманбек Бакиевге 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан. Канга колу булганган Бакиевдердин аттары тарыхта кара тамга менен жазылып калган.

Ушу менен Курманбек Бакиев боюнча экинчи жолу «чыр» чыгууда. Биринчи жолу эки телеканал (NewTV, NUR TV) аны мактаган тасманы чыгарып жиберип, телеканалдын ээлери УКМКга чакырылып, эскертүү алышкан.

Курманбек Бакиевдин бийлигинде ИИМ министри болгон, Бакиевдин сөзүн эки кылбай аткарган Молдомуса Конгантиевдин ысымы да Бишкектеги Аламүдүн районундагы Көк Жар айылынын кеңеши “Полиция шаарчасы” деп аталып келген көчөгө ыйгарылган. Ал дагы катуу сынга алынгандан кийин, ал көчө “Мурас” деп өзгөртүлгөнү бүгүн маалым болду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.