Алмазбек АТАМБАЕВ: “Камалгандардын дарегине айтылып жаткан күнөөлөр — ойго келбеген сандырактык”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Камалгандардын дарегине айтылып жаткан күнөөлөр — ойго келбеген сандырактык”

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таштагы окуяга тиешелүү катары кармалгандарды бошотууну талап кылды. Бул тууралуу Атамбаевдин 13-ноябрда тараткан билдирүүсүндө айтылат.

«Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Бирок 7-8-августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени… Камалгандардын дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр — ойго келбеген сандырактык жана бул адамдардын өзүлөрү шек саналып жаткан нерсеге эч кандай тиешеси жок».

Мурдагы президент өзүнүн кармалышын жана Кой-Таштагы үйүндө ок атылганын мыйзамсыз деп атаган. Мамлекетти башкарып турганда таза иштегенин, айрым досторуна жана жардамчыларына, күч түзүмдөрүнө абдан ишенгенин кайталаган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.