Турсунбек АКУН: “Атамбаев Матраимовду беш жыл бою уй саагандай саап келгени баарына маалым”

Турсунбек АКУН: “Атамбаев Матраимовду беш жыл бою уй саагандай саап келгени баарына маалым”

“Азаттык” радиосунун «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөсү коомчулукта дүң болуп, социалдык тармактарда кыздуу талкууда. Ал боюнча ар ким өз пикирин жазууда: колдогону да, кордобогону да, калыстыгын жазганы да бар. Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору, мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун да ал боюнча “Фейсбуктагы” баракчасына өз позициясын жазды.

 “Азаттык” тууралуу…

“Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакуновдун Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөсү чыгып, чоң резонанс болуп, эл арасында жакшы пикирлерди жаратты. Аны өлкөдө коррупцияга каршы болуп жаткан күрөшкө кошкон чоң салымы деп түшүнсө болот. Айрыкча, сөз болуп жаткан Айеркен Саймаитинин өлөөр алдындагы маеги көп нерселердин башын ачты. Бирок, ал иликтөөдө Райым Матраимов менен Айеркен Саймаитинин ортосундагы байланышта, которулган миллиондогон акчаларда азыркы Жээнбековдун бийлиги күнөөлүү таризде сүрөттөлгөнү түшүнүксүз. Саймаити тарабынан башка өлкөлөргө которулган акчалар 2012-2016-жылдарга туш келип жатат. Ал жылдары президент Жээнбеков эмес, Атамбаев башкарган. “Азаттык” эмне үчүн Атамбаев тууралуу бир да сөз козгобойт? Атамбаевдин убагында ушундай миллиондогон акчалар негизсиз башка өлкөлөргө которулуп, ал жактан адалданып элдин канынан жаралган миллиондорду жеке кызыкчылыктарына колдонуп, асман тиреген ак сарайларды, коттеждерди салып тайраңдашкан. Райым Матраимовду Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына Икрам Илмияновдун сунушу менен Алмазбек Атамбаев кызматка алып, аны беш жыл бою пайдаланып, уй саагандай саап келгени коомчулукка маалым. “Азаттык” өз иликтөөсүндө негедир бул тууралуу унчукпайт?! Калыстык керек го. Бул факт иликтөөдө эске алынганда, нак калыстык болмок…

Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча “Азаттыктын” иликтөөсүн негизинен колдойм жана бул иштен акыры жыйынтык чыгышын каалайм. Алардын мындай иликтөөсү президенттин коррупцияга каршы күрөшүнө жакшы жардам берет. Бирок, алардын изилдөөсүн башка саясий күчтөр пайдаланып кетишин каалабайт элем.

Матраимовдор тууралуу

Матраимовдордун байлыгы, мүлктөрү тиешелүү органдар тарабынан тыкыр изилденип, такталып чындык ачыкка чыгышы зарыл. Бул ишти Финполиция текшерүүгө алганы менен тогуз ай бою жарытылуу жыйынтык чыгара албай жатканы өкүнтөт. Мындан тышкары, Финполициянын жетекчиси күмөндүү кээ бир фирмалардын өкүлдөрүнө туугандык байланыштары бар экендиги тууралуу маалыматтар мурда кеткен. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү мындан да тиешелүү жыйынтык чыгарып, Матраимовдордун байлыгын таза органдардын жүргүзүү процессине жетишүү керек. Матраимовдордун, айрыкча депутат болуп иштеген бир тууганынын ММКларга берген маектериндеги калпы четинен чыга баштаганы иликтөөдө айтылууда. Буга парламент жана коомчулук тарабынан тиешелүү баа берилиши керек.

Көмүскөдөгү адамдар жана Атамбаев жөнүндө…

Матраимовдордун каалаганча пайдасын көрүп, “Раим-миллион” сындуу кадрларды өстүрүп, аларды калкалаган мурдагы президент Атамбаев жаманатты болбой, Атамбаевге жакпай калган азыркы президент Жээнбековдун эч негизсиз жаманатты болуп жатышы өкүнтө турган көрүнүш. Акыркы убактарда президент Жээнбековду жаман көрсөтүүгө аракет кылган кээ бир өлкө ичиндеги таасирдүү саясий күчтөр ачыкка чыга баштаганы билинди. Алар “Азаттыктагы” Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу иликтөөнү пайдаланып, өздөрүнүн ишенимдүү кишилери, саясатчылары, депутаттары аркылуу президентке асылууну баштады. Алар кээ бир объективдүү себептер менен президентке ачык чыга алышпай, көмүскөдө жашырынышып, ар кандай жол менен болсо да эл алдында жаман көрсөтүүнүн аракеттерин көрүшүүдө. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Шайлоонун алдында алар ушинтип саясий упай алууга аракеттенишүүдө. Алар “Азаттык” радиосун жана кээ бир сырттан каржыланган сайттарды пайдаланып, арам ойлорун ишке ашырууга камынууда. “Азаттык” болсо кээде одоно кемчилик кетирип, кабыл алынган эл аралык стандарттан четтеп, өздөрүнө гана ылайык көз карашты жактаган адамдарга эфирин берип, таасирдүү саясий күчтөрдүн гана рупоруна айлана баштаганы кейиштүү. Аты аталган чуулгандуу үй-бүлө менен катыштыгы бар канчалаган мамлекеттик чиновниктердин аты мурда эле чыга баштаса, Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин дагы жаңы ысымдар чыга баштады. Алардын арасында парламентте отурган эл өкүлдөрү да бар. Булардын катыштыгы жана күмөндүү аракеттерин тыгыз изилдениши керек. “Азаттыктын” иликтөөсүндө булар тууралуу да айтылышы керек эле.

Жээнбеков жөнүндө…

Президент да бул ишке кайдыгер карабайт. Эгер мыйзамдуу негиз болсо, анда Матраимовдорду да катуу жазалап коеруна ишенич чоң. Анткени, президент өз сөзүндө: «Коррупция менен күрөштө досумду да, тууганымды да аябайм»,- деп айткан.

Бул жерде кээ бир коомдук ишмерлер сунуш кылгандай, мамлекеттик чиновниктердин бардыгын кызматтан алып, радикалдуу кадамдарга баруунун зарылчылыгы жок. Коррупция менен системдүү күрөш болбосо, мамлекеттик чиновниктерди алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда жок дегенде 60-70% Атамбаевдин коррупциялашкан кадрлары бекем отурушат. Алардан биротоло арылуу — убакытты жана сабырдуулукту талап кылат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.