Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотуна Роза Отунбаева барат

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотуна Роза Отунбаева барат

Бүгүн, 26-ноябрда, саат 10:00дө Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши уланат. Соттук отурумга экс-президент Роза Отунбаева жана башкалар келет.

Буга чейин күбө катары суралгандардын бардыгы оң көрсөтмө беришкен. Албетте, алар мурда эле оң көрсөтмө берип келишкен. Азыр кайталап беришүүдө. Себеби, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра чакырылып жатышат. Атамбаевдин бийлигинде ак жерден күйүп, жөн эле абакта отуруп, Жээнбеков бийлигинде үй камагына чыккан эки саясатчынын соту мынча неге созулганы эч түшүнүксүз?.. Мурда эле акталышы керек болчу!

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык жаран, шылуун (учурда түрмөдө) Леонид Маевский каралаган. Ал «пара алган» деген көрсөтмөнү (Атамбаевдин бийлигинде) берген. Ошонун негизинде, 2017-жылы камакка алынып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.