Бакиевдин небереси фамилиясын Петров деп өзгөртүп, Беларуста ишкерлик менен алектенип жүрөт

Бакиевдин небереси фамилиясын Петров деп өзгөртүп, Беларуста ишкерлик менен алектенип жүрөт

Кыргызстанда сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиевдин небереси, Марат Бакиевдин уулу Руслан фамилиясын Петров деп өзгөртүп, Беларуста ишкерлик менен алектенип жүрөт. Бул тууралуу Naviny.by сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, 25 жаштагы Руслан Петровдун Минск шаарындагы Centropol комплексинин курулушуна катышып жаткан компаниялардын биринде үлүшү бар. Бул долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 80 миллион долларга бааланууда.

Naviny.by сайтынын журналисттери комплексте курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Гермес Констракшн» компаниясы менен акцияларынын 75 пайызы Руслан Петровго таандык Forpaton Resource LP компаниясынын байланышын аныктап чыгышкан.

«Руслан Петров – Курманбек Бакиевдин небереси деп болжолдоого болот. Анткени мурдагы кыргыз президентинин үй-бүлөлүк сүрөтүндөгү адам Руслан Петровдун «Фейсбуктагы», Linkedin сайтындагы жана ал билим алган Беларус мамлекеттик университетинин сайтындагы сүрөттөрүнө окшош, — деп жазды басылма.

Naviny.by Беларустун юридикалык жактары менен жеке ишкерлеринин бирдиктүү реестериндеги маалыматтарга таянып, Руслан Петров быйыл мартта каттоодон өткөн «Белхантер-Инвест» ЖЧКсынын түзүүчүлөрүнүн бири экенин жазды. Ал өзүнүн жана ижарага алынган кыймылсыз мүлктөрдү кайрадан ижарага берүү менен алектенет.

Басылманын журналисттери Руслан Петров менен байланышууга аракет кылышкан, бирок ал кол алдындагы кызматкерлер аркылуу Centropol комплексинин курулушуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Басылманын маалыматына караганда, бул долбоор менен анын атасы Марат Бакиев алектенет.

Былтыр жергиликтүү маалымат каражаттары Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп, Беларуста бизнес ачканын жазып чыгышкан. Ал Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги окуянын катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Мекенинде Бакиев жана анын жакындары бир нече кылмыш үчүн айыпталып, сыртынан соттолгон. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.