Сапар Исаков сотто калпычы кылганга кайгырып ыйладыбы же кыздарын сагынып ыйладыбы?..

Сапар Исаков сотто калпычы кылганга кайгырып ыйладыбы же кыздарын сагынып ыйладыбы?..

Бүгүн, 3-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин боюнча соттук отурум болуп, судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өттү. Судья тараптардын жарыш сөзүнө кезек берди.

Экс-премьер-министр Сапар Исаков эки саатка чукул сүйлөп, ал модернизацияланган Бишкек ЖЭБдин актысын кабыл алганда өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков башкарып турганын айтты. «Мен Сооронбай Жээнбековду жаман нерсе кылды деген жокмун. Баарыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенбиз, Кыргызстан көз карандылыктан арылсын деген гана тилек кылганбыз. Мен эч кимди күнөөлөбөйм, анткени, ар бирибиз долбоордо активдүү иштеп, өлкөгө пайда гана алып келели дегенбиз. Жыйынтыгында, минтип темир тор артында калдык. Мени камаш үчүн эле бардыгын камадыңар. Жок дегенде менден башкасын кое бериңиздер, анткени башкы максат – мен окшойм. Кылмыш курамы жок катары мени гана эмес, бардыгын актап бериңиздер. Машинамды калтырып койгула, анткени төрт кызым бар, жубайым аларды бала бакчага, мектепке ташыйт, машинасыз кыйналып калат”, – деп, бир жарым жыл мурун аны калпычы кылып көрсөтүшөрүн ойлобогонун айтып, ыйлап жиберди. Калпычы кылганга ыйладыбы же кыздардын эстеп ыйладыбы?..

Эскерте кетсек, мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында башталган, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылган. Атай кетсек, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын тергөө абагында. Бул иш боюнча 86 күбө суралды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Сапар Исаков сотто калпычы кылганга кайгырып ыйладыбы же кыздарын сагынып ыйладыбы?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.