Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ: «Медет Садыркуловго: «Бакиевдин коррупциялык системасын түзүп бердиңиз, ошонун шорун өзүңүз тартасыз»,- деп кабинетинен чыгып кеткен элем»

Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ: «Медет Садыркуловго: «Бакиевдин коррупциялык системасын түзүп бердиңиз, ошонун шорун өзүңүз тартасыз»,- деп кабинетинен чыгып кеткен элем»

Бүгүн, 8-ноябрь — телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бир кезде КТРКны жетектеп кеткен тарыхчы Кыяз Молдокасымов кесиптештерин майрамы менен куттуктап, өткөн күндөрүн эске салыптыр. Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасын төмөндөгүдөй пост калтырды.

Урматтуу кесиптештер, телевидения кызматкерлери! Сиздерди кесиптик күнүңүздөр менен куттуктайм! КТРКда унутулгус учурлар көп болгон. Мен ар дайым ошол күндөрдү эстейм! Өзгөчө жумуштан кеткенден сон, 8-декабрда дал ушул күнү, майрам күнү КТРК жетекчилеринин ысымдары аталганда залда кол чабуу менен тосуп алганыңар ар дайым эсимде! Жыйынды алып барып жаткан президенттик админстрациясынын башчысы Медет Садыркулов башын чайкап, силердин овацияңарга жооп кайтарган эле. Андан туура 2 ай мурда кызматтан алаарда, анын кабинетинде: «Бакиевдин коррупциялык системасын түзүп бердиңиз, ошонун шорун өзүңүз тартасыз»,- деп кабинетинен чыгып кеткен элем. Бүгүн майрам күнү ошол сыймыктуу учурлар кайрадан эске түшөт. Ташкентке архив иштери менен кетип жатып ушулар эске түштү. Майрамыңыздар менен!”,-деп жазган К.Молдокасымов.

Эске сала кетсек, Кыяз Молдокасымов 2005-жылы, Курманбек Бакиевдин бийлигинде Кыргыз телерадио корпорациясынын президенти болгон. Тарыхчы ошондогу мезгил менен катып калган элестерди эскерип жатат. Ошол эскерүүсүндө сөз болгон маркум Медет Садыркулов, Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулаймановдун сөөгүнүн калдыктары 2009-жылдын 13-мартында Аламүдүн капчыгайындагы жолдун чекесинде өрттөнүп кеткен машинанын ичинде табылган. Үч адамдын өлүмү боюнча кылмыш иши 2010-жылдан соң тергелип, күнөөлүүлөр аныкталган. Соттун чечими менен бул кылмышка 20дан ашык адамга айып коюлган. Ага ылайык, Садыркуловду өлтүрүү планын ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жетектегени аныкталган. Сот Курманбек Бакиев 24 жылга, Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кескен чечим чыгарган.

Ал эми коомдук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы 1931-жылдан башталган. 1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүсү обого чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.