Ширин АЙТМАТОВА: “Матраимов УКМКга 7,6 миллион сомдук машина менен барды. Мындай машинаны алуу үчүн жөнөкөй бажычы 15-20 жыл иштеши керек”

Ширин АЙТМАТОВА: “Матраимов УКМКга 7,6 миллион сомдук машина менен барды. Мындай машинаны алуу үчүн жөнөкөй бажычы 15-20 жыл иштеши керек”

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун Ширин Айтматованы сотко бергенин кандай кабыл алганы тууралуу  “Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, экс-депутатка сурап кайрылсак, ал жеңил жана күлүү менен кабыл алганын билдирди.

Ширин Айтматова Райым Матраимовдун сотко кайрылууга жаран катары укугу бар экенин жана сотко бергенине ыраазы болуп «жаркылдап» алганын баса белгиледи. “Матраимов жаран катары сотко кайрылууга укугу бар. Ал ошого «жаркылдап», бактылуу болуп алыптыр го. Анын сотко бергени жакшы болду, себеби, анын байлыгы боюнча түшүндүрмө алууга абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Себеп дегенде, ал УКМКга суракка барганда бери жагы дегенде эле 7,6 миллион сом турган машина менен барды. Мындай суммадагы машинаны алуу үчүн жөнөкөй бажычы 15-20 жыл иштеши керек.”— деди Ширин Айтматова.

Эске сала кетсек, 6-декабрда Райым Матраимов УКМКдагы сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы сотко бергенин билдирген.

Эске сала кетсек, «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында жарыкка чыгып, дүң болгон. Ал иликтөөдө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аркылуу күмөндүү жол менен Кыргызстандан чыгарылып турганы айтылган. Ошол иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов УКМКга 29-ноябрда чакырылган.

21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени”деген иликтөө жарыяланган.

Нази БАЯН кызы

One thought on “Ширин АЙТМАТОВА: “Матраимов УКМКга 7,6 миллион сомдук машина менен барды. Мындай машинаны алуу үчүн жөнөкөй бажычы 15-20 жыл иштеши керек”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.