Атамбаевди колдоп президентке кат жөнөткөн милиция ардагерлерине ИИМ Ардагерлер кеңеши жооп кайтарды

Атамбаевди колдоп президентке кат жөнөткөн милиция ардагерлерине ИИМ Ардагерлер кеңеши жооп кайтарды

Бүгүн, 10-декабрда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп, 21 милиция ардагери президент Сооронбай Жээнбековго кат жазышканы маалым болгон. Ушул эле күнү аларга ИИМдин Ардагерлер кеңеши жооп кайтарды. Ал ИИМдин расмий сайтына жарыяланды.

Ардагерлер кеңешинин айтымында, 21 милициянын ардагеринин Атамбаев жөнүндө жазгандары менен макул эмес, алардын ой-пикирлерин колдобойт.  Атамбаевдин убагында, акыркы сегиз жылда милиция көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгонун, түрдүү нааразылык акцияларын басуу менен алектенген. Милиция үчүн жакшы шарт эми гана түзүлүп жатат. Милиция саясатка аралашпай, коомдук тартипти коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен гана алектениши керектигин баса белгилешкен.

Ал эми Атамбаевди колдогон милиция ардагерлеринин айтымында, Атамбаевдин бийлигинде Кыргызстандын бардык тармактарында олуттуу жетишкендиктер жана ийгиликтер болгон.  Милиция «Ак үйдүн» буйругун аткарыш үчүн аянтта элге каршы чыкпаганын, ал президент катары күч кызматкерлерине кам көрүп, айлыгын көбөйтүп, үй салып берип, жашоо-шартын жакшырткан. Ушуларды баса белгилеп, Алмазбек Атамбаевди тез арада бошотууну суранып президент Сооронбай Жээнбековго кат жазышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.