Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кара хиджаб кийингенин коомчулук туура эмес көрүүдө. А мамлекетчи?

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кара хиджаб кийингенин коомчулук туура эмес көрүүдө. А мамлекетчи?

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен расмий жолугушуу аземи бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарындагы Королдун  сарайында болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президент королдун чакыруусу менен кечээ, 15-декабрда расмий визит менен Сауд Арабиясына барган. Андан соң кеңири жана чакан курамда сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Эр-Рияд шаарында  бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер төмөндө:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо жана коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу;

— КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сауд Арабиясынын Айыл чарба, айлана-чөйрө жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Арабиясы Королдугунун Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Арабиясы Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы-Каракол-Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу.

Тынчтык Алтымышов: «Жээнбаева элечек кийип кирсе жакшы болмок»

Президент менен чогуу барган финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кара хиджаб кийгенин коомчулук туура эмес көрүүдө. Журналист Тынчтык Алтымышов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына: «министр Бактыгүл Жээнбева жок жорукту баштабай, Арабиядагы хансарайчылар дресс-код талап кылса «биздин улутук кийим исламга жооп берет» деп элечек кийип кирсе бир жери кемибейт болчу! Кара кийим кыргыздар үчүн жаман жышаан экенин билбейби?!»,-деп жазды. Аны көпчүлүк колдоп, анын кара хиджаб кийгенин туура эмес көрүшсө, мамлекеттик кызматкерлер  «дресс-код» деп туура көрүшүүдө… Анда биздин мамлекет деле «дресс-код» деп кыргыз кийимин кийгизбейлиби чет мамлекеттен келгендерге… Кандай дейсиңер?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.