Айдай АБДРАЗАКОВА, студент: “Эс алуу жайлардын көбөйүп баратканы көлүбүздүн келечегине коркунуч туудурат”

Айдай АБДРАЗАКОВА, студент: “Эс алуу жайлардын көбөйүп баратканы көлүбүздүн келечегине коркунуч туудурат”

Бишкек Мамлекеттик университетинин (БМУнун) 4-курсунун студенти Айдай Абдразакова “Ысык-Көл – кыргыз бермети” аталышта жазган макаласы кат куржунубузга келип түштү. Ал берметтей Ысык-Көлүбүзгө таштанды ташталып, булганып жатканына кейип, анын тегерегине эс алуу жайлардын көбөйүп баратышы да көлдүн келечегине коркунуч алып келээрин баса белгилептир. Ушул тырнактай кызыбыз Ысык-Көлүбүздүн тегерегиндеги терс көрүнүштү байкап, жазган алгачкы макаласына абай салып, маани берип окуп коюңуздар, туугандар!

Кыргызстандын жаратылыш бермети Ысык-Көлгө туристтердин кызыгуусу артып, ага байланыштуу эс алуу жайларынын көбөйүп жатканы көлдүн келечегине коркунуч келтирүүдө.

Деңиз деңгээлинен 1600 метр бийик турган Ысык-Көл бир жагынан улуттун ченемсиз сыймыгы болсо, ошол эле учурда глобалдык экологиялык өзгөчө маанилүү суу бассейни болуп саналат. Ак мөңгүлүү тоо кыркалары менен курчалган кыргыз берметинин үстүңкү бети күзгүдөй тунук болуп, көл улам тереңдеген сайын күүгүм тарта баштайт.

Совет доорунан бери эле Ысык-Көл туристтердин сүйүктүү жайына айланып, айрыкча түндүк жээги эс алуу үйлөрүнө жык толгон. Бүгүнкү күндө көлгө келген эс алуучулардын саны бир миллионго чейин жетип, бул көлдүн экологиялык абалына терс таасирин тийгизүүдө.

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Бобур Алимов “Азаттыкка” Ысык-Көлдүн жээгиндеги курулуш жайлары жылдан-жылга көбөйүп бараткан жергиликтүү калкты, көлгө келген эс алуучуларды тейлөөдө талапка жооп бербей тургандыгын айтат:

Жай мезгилинде көлдөгү эс алуучулардын саны туруктуу жашаган элден төрт эсеге көбөйөт, бул болсо жергиликтүү инфраструктурага өтө чоң басым жасайт. Ал жердеги пайдаланылган суу өтчү түтүктөр, санитардык жабдуулар дээрлик 20-30 жыл мурун ишке киргизилген. Учурда көпчүлүгү иштен чыгып калган. Бул болсо көлдүн суусунун тазалыгына коркунуч туудурууда.

Айрыкча, Ысык-Көлдүн батыш жээгиндеги Балыкчы, Чолпон-Ата, Караколдо элдин саны өскөнү менен шаарлардагы санитардык абал илгерки элетейден. Көл жээгине жакын отурукташкан калктуу жерлерден, үстөккө-босток курулуп жаткан эс алуу үйлөрүнөн чыккан пайдаланылган суу, таштанды түз эле Ысык-Көлдүн суусуна кошулган жерлер дагы кездешет. Муну менен көлдүн суусу гана эмес, жер кыртышы, жер алдындагы суулардагы булганып жатканын ар ким эле эсине албаса керек.

-Ысык-Көл дүйнөнүн байлыгы. Аны эл аралык уюмдар билет. Биз көлүбүздү өнүктүрүп, көтөрүп кетишибиз керек. Бирок биз өзүбүз, элибиз, өкмөтүбүз чечкинсиз болуп жатпайбызбы. Дүйнөлүк деңгээлге көтөрчү эле көлүбүз бар да. Ысык-Көл суусунун туздуулугуна байланыштуу тоңбойт, андыктан көл акваториясында уникалдуу микроклимат түзүлүп кышкысын он миңдеген канаттуулардын жылуу үйүнө айланат. Kөлдүн суусунун булганышы аймактын биологиялык түрдүүлүгүнүн кескин азайышына да түрткү болууда. Көлдөгү балыктардын, ал тургай Кызыл китепке кирген айрым түрлөрүнүн жоголуп баратышына суунун булганышы бир себеп болсо, дагы бир чоң көйгөй – чектен ашкан балыкчылык.

-Ысык-көлдө экотуризмди өнүктүрүү боюнча долбоорубуз 10 жылдан бери иштеп жатат. Эгер Швейцарияны карасак, канча туристтер анын тоолорунда жүрөт. Ал жакта калктын жыштыгы Ысык-Көл өрөөнүнөн алда канча чоң. Эгер силер жаратылышка зыян келтирбегидей болгон туризмдин түрүн өнүктүрсөңөр, бул көлгө ылайыктуу болот деп айтаар элем.

Айдай АБДРАЗАКОВА,

К. Карасаев атындагы БМУнун 4-курсунун студенти

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.