ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат

ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат

Хабаровск шаарында ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат. Мындай маалыматты  Хабаровскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымына караганда, биздин 14 кыргыз мигрант Орусиянын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталып, сотто ушундай чечими кабыл алынган. Мигранттардын арасында орусиялык күч кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылып, ал боюнча арыздангандар бар. Консулдукка күч кызматкерлеринин ур-токмогу боюнча кайрылган 17 жарандын арыздарынын негизинде Хабаровск крайынын ИИМ башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүүдө. Жеке адвокат жалдап, укуктарын коргоо үчүн тергөө органдарына кайрылган кыргызстандыктар болгон эмес.

Эске сала кетсек, 13-декабрда «Азаттыкка» Хабаровскидеги мигранттар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою сабашканын билдиришкен.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.