Видео — Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын жолдошу экенин журналисттерден угаары менен жыйынды токтоткон табышмактуу адвокат

Видео — Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын жолдошу экенин журналисттерден угаары менен жыйынды токтоткон табышмактуу адвокат

Бүгүн, 20-ноябрда, АКИпрессте Мотайлифу Маймайтяминг аттуу кытай жараны менен анын адвокаты Аскар кызы Жанара журналисттерге жыйын өткөрдү. Кытай жараны ушул жылдын мартында Кыргызстанга келип, досу аркылуу Сыргак Кенжебаев менен таанышканын жана «Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кенжебаев менен бизнес өнөктөш болгонун, андан түшкөн каражаттын 85% өзү, ал эми 15% Кенжебаев алууга макулдашканын билдирди. Анын айтымында, тендер ноябрда бүткөн. Кенжебаев алдамчылык кылып, андан 350 миң доллар алып, бербей жүрөт. Паспорт андан араңдан зорго жакында эле алган.

Жыйында журналисттер  Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын жолдошу экенин айтып, суроо узатышканда, адвокат алгач түшүнбөй, “Ширин Айтматованы аралаштырбагыла, бул жерде анын кандай тиешеси бар?”,-деди. Журналисттер ага жакшылап түшүндүргөндөн кийин, кытай жаранынан да тактады эле, ал тастыктады. Андан соң ал таңгалып: “бул мен үчүн жаңы ачылган жаңылык болду. Ширин Айтматова менен менин жеке тааныштыгым бар”,-деп, жыйынды тык токтотту. Жыйынды үзгүлтүккө учуратып, шашып чыгып кетти…

Адвокаттын үзгүлтүккө учураткан жыйынын төмөндөгү «Азаттык» тарткан видеодон көрсөңүз болот:

УКМКнын билдирүүсү…

Ал эми УКМК да дал ушул күнү, таңкы саат 9дан өткөндө Сыргак Кенжебаев жөнүндө расмий билдирүү таратты. Алардын айтымында, Кенжебаев «ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн» деген негизде 20-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Аларга кытай жараны 350 миң доллар акчасын С.Кенжебаевден ала албай жүргөнүн, ал алдап кеткенин баса белгилеп, ага чара көрүү боюнча арызын жазган.

ИИМдин билдирүүсү боюнча…

Ушул эле күнү бул боюнча ИИМ да билдирүү таратып, тергөө кызматы экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошуна байланыштуу кылмыш ишин тергей баштаганын билдирди. Билдирүүдө сотко чейинки өндүрүш “иштин бардык жагдайларын аныктоо, объективдүү иликтөө жана Сыргак Кенжебаевдин ыктымал катыштыгын аныктоо” максатында жүргүзүлүп жатат.

Алардын маалыматына караганда, Сыргак Кенжебаев Бишкек милициясынын тергөөчүсү У.Биялиев жана орусиялык жаран С.Богданов менен бирге 2013-жылы мыйзамсыз ишке барганын айтып, Виктор Гавришев аттуу бишкектик тургун президентке жана башкы прокурорго арызданган.

2013-жылы 11-ноябрда Башкы прокуратура Егор Гавришев деген кыргызстандык башка адамдар менен бирге жалпы баасы дээрлик 809 миң долларлык 810 даана спутник телефондорун 20 миллион сомдук бажы төлөмдөрүн төлөбөй Кыргызстанга ташып киргени боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жазык кодексинин “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “шалаакылык” беренелери менен козголгон иш ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылып, ошол эле жылдын 13-сентябрында С.Богданов телефондор боюнча тийиштүү документтердин көчүрмөсүн көрсөткөн.

Ал эми 17-декабрда Егор Гавришев кайда экени белгисиз болгондуктан Жазык кодексинин “Аткезчилик” жана “Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө” беренелеринин негизинде сыртынан кылмыш жообуна тартылган. 2019-жылдын 19-февралында Егор Гавришев «Манас» аэропортунан кармалып, 20-февралда “Экономикалык аткезчилик” беренеси боюнча үй камагына алынган.

Иликтөө учурунда Егор Гавришевдин атасы Виктор Гавришев уулуна карата кылмыш ишин жасалма жол менен ачтырууга тергөөчү У.Баялиев жана Сыргак Кенжебаев аркылуу орус жараны С.Богданов айыптуу экенин айтып арызданганы белгилүү болду.

Айтматова жолдошун издеп, кыздары ыйлап…

Эске сала кетсек, Ширин Айтматованын айтымында, кечээ, 19-декабрда кыздары менен Казакстанга учуп барган. Аэропорттон аларды жолдошу Сыргак Кенжебаев тосуп алмак. Ал тосуп алган эмес, болгону жубайынын телефонуна: «мени кармап кетишти»,-деп гана жазган. Ошол бойдон телефону өчүк болгон. Ширин Айтматова аны издеп барбаган жери калган эмес, аягында алардан кагуу жеген. Акыры Казакстандын президенти Токаевге «Твиттер» аркылуу кайрылуу жазып, жолдошун таап берүүнү суранган.

Ширин Айтматова «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеп, Кыргызстандагы саясий окуялар боюнча курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү начар болуп жатканын катуу сындап келет. Андан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен «кармашып» келатканы баарыбызга маалым.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.