Нуркан ТУРСУНБАЕВ, Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы: “Таттыбүбүнүн табытта суналып жатканын көрүп алып, өлгөнү бир арман, сулуулугу бир арман болгон…”

Нуркан ТУРСУНБАЕВ, Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы: “Таттыбүбүнүн табытта суналып жатканын көрүп алып, өлгөнү бир арман, сулуулугу бир арман болгон…”

Эсен болуп, эстей жүр!

Бул рубрикабызда биз бүгүн легендарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны эскермекчибиз. Себеби, айдай сулуу актрисадан айрылып калган күн. Ал 1981-жылдын 21-декабрында 37 жашында каза болгон. Көзү тирүү болгондо 75 жылдык мааракесин белгилемек экенбиз. Бүгүн, 21-декабрда эскерүү кечеси болду, тагырагы, 75 жылдыгына арналган иш-чара Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Маркумдун чыгармачылыгы тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлгөн соң, кесиптештери, замандаштары эскеришти. Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы, КРнын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев да карындашынын балалык күндөрүн, студенттик жылдарын жана театр, кинодогу ордун эскерип өттү.

Нуркан Турсунбаев агабыз менен болгон маек-эссе 1993-жылы «Асаба» гезитине жарык көргөн. Анын автору азыркы ЖК депутаты Каныбек Иманалиев. Эң сонун эссе менен мыкты маекти актрисанын 75 жылдыгына карата кайрадан берүүнү эп көрдүк. Анын үстүнө автор маркумдун бейнесин: төрөлгөндөн көз жумганына чейинки жашоосун укмуш ачып берген. Минтип эч ким жазган эмес жана жаза элек. Каныбек Капашовичтей калемгер жокко эсе, жазганын кайра-кайра эле окугуң келет. Бул маек-эссеге 26 жыл болуптур…

Эсен болуп, эстей жүрүңүз, окурман!  

АК КУУНУ КӨРСӨҢ АТПАЙ ЖҮР

(маек-эссе)

Эпилог ордуна

Анда жайдын толук мезгили эле. Соң-Көлдүн соккон желине чыйрыкмак түгүл 4 жашар чыт курсак Нуркан чыбыктан ат минип чымылдап ойноп жүрүп терезенин тушунан «Ыңаа, ыңаа!» деген үндү угуп калат. Тып токтоп, «аттын башын» үйгө бурат. Көрсө, «Сүйүнчү, сүйүнчү» Нуркан алдейлүү болуптур. «Болсун, болсун» дешип, сары май оозантышты. Чоң атасы Турсунбай «Үч эркектен кийинки кыз экен, үй-бүлөнүн таттуусу болсун» деп, азан чакырып «Таттыбүбү» деп ысым койду. Наристе тез чоңоюп, эрке болуп, эркек балдар менен ойноп өстү. Тили чыгып калганда «атаңоозурайын» деп сөгүнгөндөн да кайра тартчу эмес. Атүгүл эркелигин ушундан билиңиз, чоң энеси баккандыктан өз энесин атынан «Калыйбүбү» деп айтчу. Эс тартканда эле «апа» деп айтканга араң көндү. Ойносо да, чукуша кетсе да Нуркан экөө бир. Анда чач тармалдатмай мода болчу. Экөө бир жолу мыкты отко ысытып алып чачтарын тармалдатабыз деп атып күйгүзүп алган «күйдүргү» жоругу да бар. Мектепте, райондук маданият үйүндө экөө тең өздүк көркөм чыгармачылыгынын активдүү мүчөлөрү. Экөө тең спортко кызыгышчу. Таттыбүбү болсо 9-класстан бийиктике секирүү боюнча облуста 1-орунду алды. Экөө эгиздей ээрчишип республикалык кароого келип, Таттыбүбү «Гүлкайыр» деген ырды аткарып 1-орунду ээледи. Экөө тең эликтей ээрчишип жүрүп Таттыбүбү үчүн жазылган кыска метраждуу «Салиманын ыры» деген фильмге тартылышты. Ырдын эки сабындай болгон экөө тең музыкалык училищага, ошол эле жылы бир уядан учкан куштун кош канатындай болгон экөө Ташкенттеги театралдык институтка өтүштү. Окууну бүткөн соң экөө өз-өзүнчө үй-бүлө күтүп, өмүр өтөлгөсүн өтөп жатканда деле ал өйүз менен бул өйүздөй агымдаш жүрүштү. Анан?.. Ананкысы анан айтылар. Азыркы күндө өнөктөш жарымынан, өзөктөш тамырынан ажыраган эки талдын бириндей болгон Нуркан ага үчүн Чубак Сатаевдин кайсы бир ыры бир гана саптан тургандай сезиле берет. Анын муңдуу обонун ичинен миң кайрыганы – кайрыган:
«Эки тал көрсөң кыйбай жүр, эки тал көрсөң кыйбай жүр… Эки тал көрсөң кыйбай жүр». Башка саптарын тез эле унутуп калат. 4 куплет ырдын баары ушул эле саптан тургандай.

«Кылдай арамдыгы болгондо Таттыбүбү тирүү калмак»

Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы обончу,
артист Нуркан Турсунбаев менен маек.

— Агай, кыргыздар ал-жай сурашкандан кийин ата-тегин сурашат эмеспи. Анысы кандай?
— Өзүбүз уруубуз – саяк. Төрөлгөн жерибиз Жумгал. Чоң атам Турсунбай өз доорунда белгилүү куудул, акын, комузчу, санжырачы болгон. өз атам Мырзаалы улуу Токтогулдун эң кенже окуучусу эле. Комузду 5 жашымда атамдан үйрөнгөм. Апам ыраматылык Калыйбүбү бир айылдын узу эле…
— Канча бир тууган элеңиздер?
— Төрт эркек, бир кыз. Эң улуубуз Жумгалбек – журналист, учурунда ВПШны бүтүргөн, 41 жашында каза болду. Комузда кол ойнотоор эле, экинчи атабыз ошо болчу, ыраматылык. Кийинкиси Социалбек – атактуу Шекербек Шеркулов менен Кулболдуевдин окуучусу. Комузчулугу жагынан атабыз Мырзаалыдан ашып түшчү эле дешет. Комузчулар ансамблин жетектеп жүрүп 55 жашында каза болду. Анан мен. Менден кийин Таттыбүбү. Эң кенжебиз Имамади болсо сүрөтчү.
— Таттыбүбү эже экөөңүздөрдүн искусствого баш байлап калганыңыздарга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
— Мектепте жүргөндө азыр Бостериде жашайт, Жумабек Шербакунов деген агай көп таасирин тийгизди. Маркум Кеңеш Осмонов да түрткү берди. Анан, албетте, Ашыраалы Боталиев аксакал. Бизди Жумгалдан апкелип, музыкалык училищадан окуп калганыбызга себепкер болгон да ошол киши.
— Анан Ташкенден окуп калдыңыздар?
— Оо, ал күндүр бир укмуш күндөр эле. Тытынып эле окуй берчүбүз. Кыргыздар 14 студент бир группа элек, 9 группанын ичинен окуу боюнча дайыма 1-орунда жүрчүлек. Ошондо эле Таттыбүбү эжеңер элдик филармонияга катышчу, классикалык ырлардан «Соловейди» аткарчу, азыр анын запистери да калбаптыр.
— «Ай баратат» аттуу ырды ошондо эле ырдап чыкса керек?
— Ооба, анын обонун студент кезимде түнүчүндө комуз менен чыгаргам. 63-жылы практикага келгенде Таттыбүбү радиого жаздырган экен. Андан бери көп эле ырлары жазылгандай болгон. Азыр болгону радио фондунда мындан 30 жыл мурда жазылган үч эле ыры калыптыр: «Ай баратат», «Жүрөктүн чогу өчө элек», «Суу алган кыз».
— Жазылып калган башка ырлары эмне болгонун биле алган жоксузбу?
— Ээ иним, өчүртүп салган да…
— Кимдер?
— …Көрө албастар.
 Кечиресиз байке, чынында эле Таттыбүбү эжеге учурунда бут тосуп, көралбастык кылгандар болгон деп эшитем. Бирок, чын-төгүнүн сизден уксак деп аттым эле.
— Атайын ушак чыгарып, жаманатты кылгандар көп болушкан. Акыры Таттыбүбүнүн түбүнө ошолор жетишти. Өзү да жаш баладай өтө ишенчээк эмес беле. Эгерде кылдай эле арамдыгы болгондо Таттыбүбү тирүү калмак.
— Эженин сырдуу өлүмү жөнүндө эмне демекчисиз?
— Аны бир айтабызбы, миң айтабызбы – киши колдуу болуп калды. Мен анда мединститутта «Миң кыял» деген ийримде иштеп аткам. Ооруп калганынан алпарып курортологияга жаткыргам. Анча деле катуу эмес болчу. Анан эртеси эле негедир мени командировкага айдап жиберишти. Мен кетээрим менен эле аны психбольницага которуп жиберишиптир. Келинчегим көрөйүн деп барса киргизбей атып киргизишет. Кадимкидей эле сүйлөшүп отурушат. Бир аздан кийин доктур келип: «Сиз чыгып кетиңиз, биз кан куябыз» дешет. Жеңеси үйгө кетет. Командировкадан келип калып ооруканага телефон чалып сурасам, кезметчи врач: «Она кофе пила, спит» деп жооп берди. Оорулуу кишиге эч убакта кофе бербейт да, ошондо эле жүрөгүм жамандыкты сезгендей болду. Кийин угушумча кан куюп атканда аба кирип кеткен экен. Кан куйган медсестра ошол замат жок болот. Ал көзү алаңдап жатканда жанында жок дегенде бир доктур болушу керек эле го. Ошо күнү саат төрттө ийримдин балдары менен репетиция кылмакмын. Бирок өзүмчө эле жүрөгүм алеп-желеп болуп, анан балдарды «бүгүн силерди бир жыргатайын, репетиция болбойт» — деп таратып жиберип үйгө кирип келсем эле келинчегим «Таттыбүбүдөн ажырадык» деп бакырып жыгылды. Ишенбей «эмеле тирүү эмес беле!» дедим. Саат үч жарымдар чамасында телефон чалсам типтирүү туруп, саат бештерде анан ушундай окуя болуп атпайбы. (Нуркан ага көзүн жаштап, бир аз эчкирип да алгансыды).
— Ошол замат эле сотко берип, изилдеткенде болмок беле дейм?
— Кайгы-ыйдан башым чыкпай атып ошого мүмкүнчүлүк болду дейсизби. Байкем өлдү, Таттыкем, анан апам, 18 күндөн кийин кайненем, атам, эми минтип быйыл эле жалгыз агам каза болду. Деги менден өлүм-житим арылбай койду. Кээде кайгыдан жинди болсо мен жинди болуп кетет элем го деп айтам. Бирок, бул «умышленный» өлүм эртеби-кечпи элге билинет. Кудай бар эмеспи.
— Мүмкүн сиздин шек санаган адамдарыңыз барбы?
— Алар мени көргөндө кайпактап турат. Бирок ким экенин элге айтпайм. Ачуум менен бетине барып «Таттыбүбүнү өлтүргөн силерсиңер» деп айткан күндөрүм да болгон. Анан Таттыбүбүнүн сөөгүн койгондо атайын комиссияга аларды мүчө кылып коюптур. Биринчи эле күнү келип, анан даап келе алышкан жок.
— Ичинде кыргызга белгилүү адамдар бар беле?
— Ошон үчүн мен аттарын атабай жатпаймбы. Деги эле ага чейин Таттыбүбүнү моралдык жактан кемсинтип, өлүмгө даярдашкан. Эмне үчүн «Уркуяда» Уркуяны Уркуя кылып ойногон Таттыбүбү кур жалак калат да, аны тарткан режиссер Т.Океев менен оператор Кадыралиев Токтогул сыйлыгын алат. Өткөндө Түркиядан пароходдо баратып ушуну Океевге айтсам: «Мен билбей калыптырмын, мен жокто берип коюшуптур»,- деди. Андай болбойт, адегенде сыйлыкка режиссер рекомендация берет да. Экинчи жолу, Ш.Бейшеналиев бир жолу телефон чалып куттуктап, ал сыйлык комиссиясынын төрагасы болчу: «Таттыбүбү Ленин комсомолу сыйлыгын алмак болду»,- деди. Аңгыча бут тосмойлор чыгып, бул жолу да көксөөлөрүн кандырышты.
— Деги Таттыбүбү эже өмүрүндө бир жолу маңдайы жарыла кубанган учуру болдубу?
— Бир жолу телефон чалып: «Нукен үйгө келе калчы» деди. «Эмне болду» десем, «Келчи, шампан ичебиз» деди. Эмне жакшылык болуп кетти деп сүйүнүп жетип бардым. Дасторкон даярдап коюптур, шампаны бар экен. Ошондо бир аз тамеки чегип алган эле, тамеки кармап отуруптур. «Ой, деги эмне той болуп кетти, ачыгын айтпайсыңбы» деп ийдим. «Нукен, — дейт – театрда иштегени өмүрүмдө быйыл биринчи жолу женсоветке түшкөн жокмун, ошону бир аз белгилеп коёлу дегем», — дейт. Өзүлөрү эле бир ушак чыгарып алып, анан Таттыбүбүнү жыйналышка сала беришчү. Бул эмне деген душманчылык. Канча жолу театрдан чыгарабыз дешти.
— Деги өзүңүздүн карындашыңыз кыргызга бир келген ажайып сулуу экенин учурунда сездиңиз беле?
— Ошону кашайып Таттыбүбүнүн сөөгүн көрүстөнгө киргизээрде сезип атпаймбы. Көрүстөндү тегеректеп эл батпай митинг кылып, бетин ачып койдук, өлгөн адамдын жүзү купкуу болот го. Таттыбүбүнүн өңүнөн болсо ошондо өзүнчө нур даарып, көзүн азыр гана ачып ийчүдөй сурайылдай жүзү менен табытта суналып жатканын көрүп алып, өлгөнү бир арман, сулуулугу бир арман болуп атпайбы.
Анан «Күүнүн сырына» тартылып жатып бир кара тулпар менен кыргызча кийинип, шуру тагынып түшкөн сүрөтү бар. Тимеле бир укмуш, аны эч ким көрөлек.
— Түшүңүзгө кирген учурлар болдубу?
— Өткөндө колумду сындырып алып доктурда жаткам. Көзүм илинип кетиптир, Татыкем укмуш кооз кийинип алган, сол ийнимде турат. Сол колумда бир банке кыпкызыл бирдеме бар, билбейм. Таттыбүбү бери жактагы бирөөгө ыр окуп атат. Эки сабы эле эсимде калыптыр,
«Эгерде назик сүйүүм болгонуңда,
Мен сени эчак алып кетмек элем…»
Экинчи жолу Воронцовкадан Чокморовдун айылына концерт берип келип жатсам. Сүймөнкул капкара костюм шым, ак көйнөк кийип алган, Таттыбүбү экөө «Уркуя» фильминде түшкөн сүрөттөрүн карап отурушат.
— Эсил кайран эки залкар. Сиздин түшүңүздө жолугушкан экен да.
— Билбейм, эртеси куран окуп, бата кылып койдум.
— Убагында эжени колдогондор да болду беле?
— Болгон, өтө аз. Аны колдогон Бакен эже азыр эмне болуп жүрөт. Далайлар Таттыбүбү спектаклге чыгаарда өзүлөрү ичимиш болуп, аны алдап ичиришип, эрди-катын болуп үйүнө досторчо жатып калып, душмандык кылгандарды мен жашырсам да кудай жашырбайт го.
Күйөө балабыз былтыр каза болбодубу. Ким да болсо жалгыз күйөө балам эмеспи деп моргдон өзүм алып чыгыштым. Анда-мында чымыным бар эмеспи, ага арнап жазган ырымды бейит башында окуп бердим.
 Эсиңизде калса азыр да окуп берсеңиз жакшы болот эле?
— Эми жер жамандап барбасын, мааниси ушундай болчу, Таттыбүбүгө жакшылык көрсөткөн жоксуң, өзүң да жакшылык көргөн жоксуң, эми эки балаңды мага аманат калтырдың, өлгүчөктү ал аманатты аткарганга аракет кылаармын, дегендей да.
— Экөөнүн ажырашуусуна эмне себеп болду деп ойлойсуз?
— Мүмкүн күйөө баланын ичи тарлыгы. Таттыбүбү анысын да айтчу эмес. Көрсө, мени аячу тура. Кээде бетинен көгала кетчү эмес. 10 жыл бою жумуштан кийин күн сайын үйүнө жеткирип жүрдүм. Акыры ажырашууга туура келди. Таттыбүбү өлгөндө туугандар күйөө баланы киргизбе деп атышпайбы. «Жок, мейли, келип Таттыбүбү менен коштошууга канча эл келгенин, улуулугун көрсүн»,- дедим.
— Эмне, ала качып үйлөндү беле?
— Болот Бейшеналиев үчөө чогуу дос катары жүрүшчү. Өзү Болотту жактыраарын билчү элем. Анын да атайын арнаган «Кызгалдагым» деген ыры бар. Бирок тагдыр ошондой болду, күйөө балага баш кошуп калды.
— Эмдиги жылы элүү жылдыгы болот экен, эмне даярдыктарды көрүп атасыздар?
— Фонд түзбөдүк беле, быйыл жылнаама чыгаралы дедик. Жакында сатыкка түшөт. Ал жөнүндө бир документалдуу телефильм даяр. Пьеса да бүтүп калды. Кудай буюрса, эмки жылы жайдын толук мезгилинде жумгалдыктар чоң мааракесин өткөзүп берели деп атышат. Эстелигин орнотолу деген үмүт бар.

Монолог ордуна

Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы ай талаада көп бейиттин арасында бир бейит бар. Бир гана айырмасы үстүндө эстелиги жок жана аны быйтыйган татынакай көрүстөндөр гана (татынакай да көрүстөн болмок беле?) тегеректеп алган, кудум Умай-Эне ууз балдарын уйкуга көшүлтүп жаткандай. Өлгөндөн кийин да эки күн бою эрегишип, эки метр жерди кызганышып, Таттыбүбүнүн сөөгүн Ала-Арча көрүстөнүнө койдурбай коюшуп, анан адыр-түздү аралап келип ушул жерден түбөлүк жай буюрган. Ошол көрдө отуз жети жашында оо дүйнө салган Таттыбүбүнүн жатканына эч ким ишенбейт. Атүгүл өз колу менен көмгөн агасы Нуркан да ишенбейт. Өз колуң кылган чындыкка өз көкүрөгүң ишенбей турса кандай жаман. Бул болгону калпка окшош чындык.
И баса, калпка окшош чындык демекчи, дагы бир чындыкты айтсам силер да ишенбейсиздер. Таттыбүбү өлгөн түнү кар аралаш мөндүр жаап, эртеси күн чайыттай ачылып кетет. Анан сөөгүн коюп атканда митингден соң, куран окулуп бүткөндө бир кылымдай сезилген бир мүнөттө дүйнө катып калган дейт. Эч бир эркек Таттыбүбүнүн жүзүн жаап, көргө алып киргенге даап бара албай турганда асманда алеки заматта ак чардактар пайда болуп, айланып учуп, кыйкуулап анан кайдадыр канат кагып кетишет. Бир укмуш кыйкуулашат, адамдар Таттыбүбүнү эмес, тимеле жер үстүндөгү Сулуулукту биротоло жер астына көөмп жаткансып.
Мүмкүн ошондо адамдар жок болсо алар учуп келип конмок беле? Балким конмок. Анткени адамдардын арасында ушакчылар, көрө албастар, кумарпоздор жана учурунда өлөрчө сабап туруп, анан денеси көгөрүп калбасын деп муздак сууга салып койгон зөөкүр эркек сөрөйлөр да бар болчу. Алиги көмүлгөнү жаткан «ак куунун» өмүрүн кыйгандар да адамдар болгон. Ошондуктан ак чардактар бейитке гүл тиштеп келип, миң кубултуп сайраган чыгар. Ким билсин? Бир билсе төбөсү түпсүз Көк билээр да, төшү түктүү жер билээр, мекени Соң-Көл билээр да, жер кыдырган жел билээр…
Деги ак чардактар адамдардан жийиркенип кайдадыр учуп кетпесе экен. Ак кууларды атпасак, ак чардактар бизден алыс кетпес. А болбосо асманда жалаң карга-кузгундар гана учуп калган күндү элестетип көрсөңүз…

Каныбек ИМАНАЛИЕВ

(1993-жыл, 18-ноябрь, «Асаба» гезити)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.