Аудио — Өмүрбек АБДРАХМАНОВ: «Бизге автомат такаса да сотко барбайбыз. Сотто инфаркт кармап өлгүм келбейт» 

Аудио — Өмүрбек АБДРАХМАНОВ: «Бизге автомат такаса да сотко барбайбыз. Сотто инфаркт кармап өлгүм келбейт» 

Бүгүн, 23-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып, соттук отурум 9-январга жылдырылды. Эки саясатчынын ишин кайра кароодо Текебаев менен Чотоновго каршы көрсөтмө берген күбөлөрүнө кезек келди. Бирок, алар (Өмүрбек Абдрахманов, Азат Базаркулов, Алексей Модин, Леонид Маевский) сотко келүүдөн баш тартып жатышыптыр. Судья Айнура Сатарова прокурорго алардын сотко келишин камсыздоону, болбосо, алар күч менен сотко алынып келээрин эскертти.

«Азаттык» радиосунун журналисттери Өмүрбек Абдрахмановго соттун эскертүүсүн айтып, сотко келээр-келбесин сураганда, ал агынан жарылып, буларды айтыптыр: «Бизди автомат менен такаса да сотко барбайбыз» дегенбиз. Эгерде мени сотко күч менен алып келүүгө аракет жасалса, анда мен ошол жерден өзүмдү атып таштайм. Анан менин сөөгүмдү сотко алып барышсын. Азыр андай-мындай деп айткан туура эмес. Мен барбайм дедим, болду! Мен пенсионермин, жашым 70тен ашып калды. Ал жерге барып алып, ошол жерден инфаркт кармап өлгүм келбейт. Өздөрү чечип алышсын. Мен азыр тынч жашаган фермермин. Эч жакка барбайм. Саясатка да аралашпай койдум. Мен ага каршы көрсөтмөмдү Текебаев камалган учурда берген жокмун. Аны мен ал камалганга чейин эле гезиттерге чыккан маегимде «мына ошондой болгон» деп кийин сотто кайталап айтып койгом. Ал жерде мен аны «акчаны алган же акча алган эмес» деген жокмун. Болгону мен фактыны гана айткам. Ал факты да. Аны мен эми азыр кантип өзгөртмөк элем? Анын бардыгы гезитке чыккан. Бирок мен сотко барып, көрсөтмө бербейм»

Өмүрбек Абдрахмановдун үнүн угам десеңиз, «Азаттыктын» аудиосунан угуңуз. Ал төмөндө:

Экерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык жаран, шылуун (учурда түрмөдө) Леонид Маевский каралаган. Ал «пара алган» деген көрсөтмөнү (Атамбаевдин бийлигинде) берген. Ошонун негизинде, 2017-жылы камакка алынып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

One thought on “Аудио — Өмүрбек АБДРАХМАНОВ: «Бизге автомат такаса да сотко барбайбыз. Сотто инфаркт кармап өлгүм келбейт» 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.