«Маленький Учитель и Большой Ученик»

«Маленький Учитель и Большой Ученик»

Эсен болуп, эстей жүр!

«Тирүү өлөт, жердин койну — жатагы. Изи калаар, болсо жакшы атагы» деп Жусуп Баласагын айткандай, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, котормочу, акын, журналист, философ  Эрнис АСЕК уулу жашоого из калтырып, атагы алыска кетип, өзү жер койнундагы жатакка кетип калганына ишенбей турганыбыз менен кыркы келип калыптыр. 5-мартта кайын эжемдер байымдын кыркын өткөрүштү. Эртеси, 6-мартта Мелис байкебиздин достору менен Эрнистин жакшы көргөн, баалаган, сыйлаган адамы — жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиев да келип, Эрнис Асек уулу менен Жыргалбек Касаболотовдун жазгандарын жактыраарын, экөөндө өзгөчө стиль бар экенин баса белгиледи. “Экөө тең акын, котормочу, журналист. Жакшы көргөн баламдын бири өтүп кеткенин угуп ичим ачышты. Мыктылар эрте кетет экен. Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Мелис Эшимканов да 49 жашында кеткен, Эрнис Асек уулу да алардын жашында кетти. Эми, кагылайындар, Курандан башка арга жок. Эрнистин артында калган эмгегин китеп кылып чыгаруу керек”,- деп, байым тууралуу эскерүү жазып берээрин айтты. Чоюн байке мактаган Жыргалбек Касаболотов да Эрнисти эскерип, темасын “Маленький Учитель и Большой Ученик” деп атаптыр. Темадан улам, Эрнистин дүйнөлүк китептеринин арасында  Жыргалбектин “Самурай кылыч – жүрөгүм” аттуу 2008-жылы жарык көргөн ыр китеби сакталып турганы эске түштү. Анын ичине: “Эрнис! От большого ученика маленькому учителю” деп жазылган.  Ушул жазганы мага кызык болгон, анын сыры Жыргалбектин Эрнисти эскерүүсүндө ачылып отурат…

Мектептен кийин эле заводдо бир жыл иштеп, университетке жаңыдан өткөн кез. Ал кезде айыл чарба жумуштарына жиберишчү. Жанаша керебетте жаткан көз айнекчен, китеп колунан түшпөгөн, сыртка чыгып бат-баттан чылым чеккен жапалдаш бойлуу бала ар ким менен тамашалашып атты. Өмүрбек деген курсташыбыз бар эле, Өша деп койчубуз, ошол экөө эле бирин бири чымчылап «О, төртөө болгон көзүңдү!», «О, куркуйган боюңду сенин!» деп эле тамаша-чын аралаш сөгүшүп каткырышып атты. Андайын карасаң — жөнөкөй. Колундагы китептерди, сүйлөгөн сөзүн карасаң адабияттан алда канча көп билгени көрүнүп турат. Ригадан адабият институтуна окууга кирип, аны таштап баса бериптир. Суроолорум толтура. Ырлары бар экен, окуп берди. Мен өзүмдүкүн окуп бердим. Улам суроо берип тажата берип достошуп кеттик. Кийин башка да достор кошулду. Ыр окудук, арак ичтик, ырдадык, кыздарга бардык. Пиво кууп Бишкекти жөө түрө кыдырдык. Сүрөткө түшүү ал кезде чоң иш болчу, түшсө эле артына ар кандай ой менен сөз жазам, сүрөткө ат коём. Ошондой сүрөттөрдүн биринин артына «Маленький Учитель и Большой Ученик» деп жаздым. Каткырып ийди. Боюбузду айтып атам да. Даосизм, буддизм, дүйнө, адабият, руханий дүйнө тууралуу сүйлөшкөндүктөн, чогулсак деле, ичсек деле сөзүбүз ошо болгондуктан өз атын айтпай эле Даос деп койчумун. Кийин деле өмүр бою ошентип жүрдүм. Ошол кезде жүрөгүмө эң катуу из калтырганы ырды орусча жазып, сүрөтүн өзү тартып досторуна бирден тараткан, отуруштан отуруш уюштуруп, төгүлүп-чачылып кенен жүргөн, жүрөгүндө кенедей кири жок, жаңы туулган баладай, жок, өзү айтмакчы башка дүйнөдөн адашып келип калган «Ангел Печали» сыяктуу таза, ыраматылык оштук акын досум Алтынбек Акматов болду. Адабияттан башканы сүйлөгүсү келчү эмес. Күнүмдүк турмуш үчүн жаралбагандай адам эле. Арабыздан биринчи кетти. Бул киргил дүйнөгө аралашкысы келбегендей өз ыктыяры менен күтүүсүз кетти. Ричард Бахтын «Иллюзиясындагы» учкуч устат келип кеткендей, айтчу нерсесин айтпай кеткендей эңшерилип отуруп калдым. Кийин Бекбосун досубуз турмуштун айынан өзүн өзү башкара албай жүрүп күйүп кетти. Отуруштардан таанышып, досубуз үйлөнгөн Айзада аяшыбыз жол кырсыктан мерт болду. Биз тааныган жакындардын бири ажырашты, бири үйлөндү, «бирибизди Алтайга, бирибизди Каңгайга» сүргөн доор эч кимдин жанын койгон жок. Баарыбыз өзгөрдүк. Баарыбыз жакшы көрүп ырларын окуган Калчоро Көкүлов жазмакчы:

Бирибиз жолдо калдык тебеленип,

Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.

Бир гана аалам турду ала салып,

Бир гана дүйнө турду тегеренип…

Ар кайсы жерде иштеп жүрүп, ар нерсени издеп жүрүп, 40тагы кризис мени да басты. 40тан нары эркек кишинин татыктуу максаты болбосо, милдетинен башка эч нерсеси калбай калат. Балдар чоңойгон, жаш кезде жарашкан нерселер жарашпай, кызыксыз турмуштук түйшүктүн протоколдук бөлүгүнө кул боло баштайсың. Мени бала кезимден бери көксөп жүргөн кыялым куткарып кетти. Мушташ өнөрүн үйрөнгүм келип жүрчү эле, ошого, эркти башкарууга, ойду тазалоого жана башка нерселерге баш-отум менен кирип, кирмек тургай сабак өткүдөй даражага жетип, таптакыр башка дүйнөгө сүңгүп кеттим. Ал жол бүтө элек. Ал жол жаңы эле башталды. Ичкиликти, тамекини таштадым. Ичкилик өзүнүн коммуникативдик функциясын аткарып бүттү. Мурдагыдай отуруштар кызыксыз болуп калды. Айтыла турган сөз түгөндү. Ошондон тартып достор алыстады. Соо кезде сүйлөшө турган сөзүбүз жок экен. Анын ичинде Эрнис менен да алака-катыш мурдагыдай болбой калды. Чыгармачылыктан алыстабаганын билсем да эмнегедир мурункудай сөз жалганбай койду. Өзү эле отуруштун кызуусуна кирбесе, кишиге оңой менен сүйлөбөй дулдуйган түнт болчу.

Ал арада турмуш токтогон жок. Көп нерселерге аралашып, күрөшүп, ичимдеги нерселер кайнап, мурдагы кадимкидей алака-катышта жүргөндөрдүн айрымдары менен жол айрылышканга чейин жетти. Ошондой күндөрдүн биринде тээ баягы Эрнис, көптөн бери көрбөй калган Эрнис, кийин анча сөз жалганбай калган Эрнис жүрөгү кармап кайтыш болгонун эшиттим. Уккан кулакка ишенген жокмун. Бирок ишенишке туура келди. Анткени өлүм ак экенин билем. Биз тургай кээде бизден кичүүлөр бүт кыргызды сыздаткан бойдон иштерин бүтүрбөй кетип атышат… Айрымдары көзү өткөндөн кийин да артындагыларга жарык болуп, адамдыктын, кесипкөйлүктүн, жарандык позициянын үлгүсүн жалпы элге, анын ичинде орто муундагы бизге да көрсөтүп кетишти. Биз анте элекпиз. Анте алабызбы, жокпу, аны да бир Кудай билет. Ошол өлүмдүн актыгына моюн сунган үчүнбү, же бир чети акыркы жылдары улам бир техника менен аёосуз иштей берип адам табиятынан алыстап кеткеним үчүнбү, айтор, өтө алыстагы, өтө баалуу, бирок тагдырдын таптакыр башка жолуна түшүп кеткен бир доор кеткендей гана болду. Ансыз да муздап жүргөн мүнөзүм ого бетер муздай түштү. Ичимдегим тышыма чыгып ого бетер тосморуп тим болдум. Даос-Эрнис менин жашоомдо студент кездеги баёо кыялдардын, адабият менен руханий дүйнөнүн сырын өмүр бою издеген түйшөлүүнүн, өз чындыгы менен реалдуу турмуштун келишпестигинен улам дал ортосунан айрылып, жаны ачыганда «Мени Мелис деп эсептебегиле. Мен Мелис эмесмин!» деп үстөлдү муштаган ички карама-каршылыктын, толгон-токой нерселерди окуп, бирок ичине батыра албаган билимдин, анан ошонун баарында өзүн алдабаган, жарк этип күлүп, бурк этип сүйлөп койгону болбосо, кенедей зыяны жок, өз чындыгы бар адамдын элеси катары калды. Мен наркы дүйнө барбы же жокпу, анысын билбейм. Менимче, аны эч ким деле так кесе билбесе керек. Түшүнгөн кишиге бар экени да, жок экени да бул дүйнөдө эч нерсе чечпейт экен. Эгер бар болсо, бизге кийин ошол жакта жолугушууну насип этсе, мен башымдан өткөргөн нерселерди, жеңип же жеңилген убактарымды, жеткен же жетпей калган нерселеримди, ал мага айтайын деп айта албай кеткен сөздөрүн, ойлорун узун сабак кеп кылып сүйлөшкөнгө убакыт болот деп ишенем. Жок болсо, экөөбүздүкү тең бул дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын оюндай, кыялындай, тилегиндей, сезиминдей эле түбөлүк көмүлүп кете берер. Бүтпөй калган сөздөр, айтылбай калган ойлор көп. Эмнеси болсо да ошондогу Кичинекей Устатыма менин адабиятка, философияга, руханий билимдерге ачылган жолумдун башында турганына, экөөбүз тең пир туткан Чоюн байке жазмакчы, «бир ар жылдар арасында, бир түлөгөн тери ичинде» дүйнө бүтүн өзгөргөн ошол заманда жолубуз бирге болгонуна, кандай болсо да калтырып кеткен изине чын дилимден ыраазымын. Анын баары бекер болбогонуна ишенем. Эгер өлүмдөн кийин өмүр бар экени чын болсо, мындан кийинки жашоосунда жалаң ийгилик коштосун.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

One thought on “«Маленький Учитель и Большой Ученик»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.